Жалал-Абад облусунун «элдик губернатору» Медер Үсөновго карата Жалал-Абад облусунун жашоочуларынын жеке кепилдиги менен бошотуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү бүгүн, 5-майда билдирди.
Медер Үсөнов азыркы тапта Жалал-Абад облсунун Барпы айылына жеткирилди.
УКМК билдиргендей, 4-июнда М.Үсөновго карата Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу) жана 297-беренеси (конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоо) менен кылмыш иши козголгон.
Булак : Баракелде
![]() |
