Айбат » Кулагынан 2 см тараканды чыгарышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кулагынан 2 см тараканды чыгарышты

1Австралиянын Дарин шаарынын тургуну Хендрик Хельмер таң атпай кулагы дүңгүрөп ооруганын айласы кетип ооруканага жөнөгөн. Оорулууну дыкат текшерген доктурлар кулагынын эки сантиметрдик тараканды алып чыкканда Хендрик көргөн көзүнө ишенген жок. Өзүнүн айтымында ал кулагына жөргөмүш кирип алган го деп чаң соргуч менен чыгарууга аракеттенген. Андан эч жыйынтык чыкпагандан соң кулаганы суу куюп кыбыраган жандыкты чыгарууга аракеттенген. Улам оорусу күчөп чыдатпаган соң коңшусу аны ооруканага жеткирген. Дарыгерлер кулагына атайын май куюшкан. Тыбыраган таракан жанын сакташ үчүн андан да терең сүңгүп, оорусун күчөткөн. Арадан он мүнөттөй өтүп жаны тынчыганда гана пинцеттин жардамы менен эки сантиметрдик тараканды алып чыгышкан. Дүйнөдө таракандын 4600 түрү бар. Алардын 30 ашыгы өтө кооптуу болуп эсептелет. Эң кичине таракан 0,3 мм болуп көбүнчө кумурскалардын уюгунда жашайт. Ал эми ааламдын эң чоң тараканы Австралиядагы 8 см тумшуктуу таракандар.

Айбат гезити №61



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru