Айбат » “Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » “Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!”

МидинМоюнга алуу керек, Кыргызстандын ММК жалаң өлкөдөгү саясат менен алпурушуп жатып, бул жашоодогу рухий дөөлөттөрдөн кеп кылбай андан алыстап бара жаткансыйбыз. Адамзат эки гана байлык топтойт. Бири- материалдык байлык болсо экинчиси рухий байлык. Экономикага эч тиешеси жок, бирок улутту-улут кылып турган ошол көөнөрбөс рухий байлыктар эмеспи. Бул жөнүндө кем сөз кылып келебиз.  Ушундан улам “Айбат” газетасы чыгармачылык жамааты өткөн 2013-жылы “Мидин Алыбаев” (эскерүүлөр) китебинин жарык көргөнүн кеч билип калдык. Себеби, китеп “Нур” басмасынан аз гана нускада (200) жарык көргөн экен. Болбосо өткөн жылы колго тийип калганда бул баа жеткис китеп “жылдын мыкты китеби” -даражасындагы (номинация) улуу акындын айткан сөздөрүн талыкпастан элден жыйнап чогулткан  филология илиминин кандидаты, КУУнун доценти Ишенбек Султаналиевге “жылдын мыкты илимпозу” -даражасындагы  сыйлык ыйгарат элек. Бирок, бизден мурда алкоону окурмандар- эл өздөрү беришээр. Бизди дагы бир өтүнткөн нерсе, азыркы кезде илгери тоталитардык системанын камчысын чапкандар, кечеги коррупционерлер арам акчаларына эч ким окубаган, бирок, миңдеген нускадагы олчойгон китептерди бастырып чыгарып жатышат. Мүмкүн, “Мидин Алыбаев” (эскерүүлөр) китебин ири нускада бастырып сөздөрүн меценаттар табылып калаар.

Алтынды дат баспаган сыңары Мидиндин сөздөрү да дат баспаптыр. Бир калемден лириканын ширеси тамызган, бир калеминен сатираны уусу тамган акын, ары чечен Мидиндин көзү өткөнүнө быйыл 64-жыл болуптур. Бирок анын тирүү кезинде ар кайсы жерде, ар кандай учурларда айткан сөздөрү дат баспай эл ичинде жашап, далайларды бир күлдүрүп, кумардан чыгарып келет.

 

Бабабыз Жусуп Баласагын:

Акыл көркү- тил,

Тилдин көркү- сөз,

Адам көркү- жүз,

Жүздүн көркү- көз, -деп айткан накыл сөзүндөй “Айбат” газетасы мындан ары “тилинин көркү сөз” -болгон  Мидиндин айткан сөздөрүнө, лирикалары менен сатираларына  орун берип турмакчыбыз.

Эмесе, 1959 жылдын 6-декабрында капысынан, табышмактуу болуп устаты Мидиндин көзү өткөндө шакирти кайран Байдылда:

Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,

Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле,

Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт,

Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!

-деп аза ырын жазып таамай баа берген,  Мидиндин “кызыл тилине” кезеп берели.

 

Аалы жана Мидин

Улуу – Мекендик согуштун мезгилинде Мидин киндик кан тамган Жумгалга Фрунзеден көчүп калат. Оокат-кечелерин машинага жүктөп коюп Мидин кайдадыр көпкө жоголуп кетет. Бир кезде ал коюнуна бир күчүк катып келди – дейт. Көрсө ал Аалы Токомбаевдикине коштошуу үчүн барып,  Аалыке  бир күчүк бериптир “ала кет” -деп, ошону  көтөрүп келет да элине көчүп кетет. Ошондон кыйла убакыт өткөндөн кийин, алыскы Жумгалдан Аалыкеге Мидинден мындай кат келет экен.

Аалыке!

Баягы өзүңүз берген кабылан,

Кабаанак болду абыдан.

Өзүңүздү тартыптыр, өжөрлүгү жагынан.

Короого киши жолотпой,

Жумгалга болду танымал.

“Аалыкенин ити”-деп ,

Алыста жүрсөм сагынам!

-деп жазган экен Мидике. Жогорудагы ырда “Өжөрлүгү жагынан” -деп жазганы Аалы “өжөрлүк”, “өжөр” -деген сөздөрдү көп колдончу экен. А. Токомбаев 1949-жылы Москва шаарында окууда жүрүп 19-февралда Мидинге “Тентек иниме Аалыдан” -деген кат жазган экен. Ошол каттын башында залкар акын:

Туйлаган жаш кулундай тентек иним,

Жыл өтсө болоор бекен жөнтөк иним.

Чаектин булагындай тунук болбой,

Бир күнү көрөөр бекен келтек иним.

Сүйлөсө калемпирдин даамы келген,

Кээде кырс, кээде кычкыл элпек иним.

Жаңыдан “жашыл гүлдү кармады” -дейт,

Күтө көр түбөлүккө тентек иним.

-деген ыр саптары менен баштап, анан ал Мидинге бир аз насаат айтып, бул жактагылардын ал-ахвалын сурап, кайрадан өзүнүн абалы жөнүндө жазган сөзүндө “ден-соолук болсо жакшы, анын үстүнөн анча мынча ооруну “өжөрлүк менен тоготпой койдум” -деп бүтүрөт катында. Мидин жогорудагы ырында “өзүңүздү тартыптыр, өжөрлүгү жагынан” -деп дал Аалынын өзүнүн сөзүн, кайра өзүнө карата бута аткандай эле колдонгон экен. Айта кетүүчү дагы бир кеп, Аалы жогорудагы Мидинге жазган катындагы ырда “Жаңыдан “жашыл гүлдү кармады дейт”- деп жатканынын себеби, Мидин ошол кезде азыр көзү тирүү жубайы Жипариса Кудайбергеновага үйлөнгөн кези экен. Кийин Аалыке Москвадан кайтып келгенде  жаш жубайларга өкүл ата болот.

 

Мидин жана Сайра Кийгизбаева

Атактуу опера ырчысы, “Төкөлдөштүн төрт кызынын” бири, СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева көчөдө Мидин менен жолугушуп калышат. Мидин дароо эле:

Сайра сен мага тийесиңби? -деген суроону кабыргасынан коёт.

– Кантет, сен массың го -дейт Сайра Кийизбаева.

– ошол мастыгымдан айтып жатам да, таза болсом артист аялды  алам демек белем-дептир Мидике.

 

Мидин жана Асек Жумабаев

Элдик ырларды келиштире ырдаган, опера жанрында жана сахнада талантын көрсөтө алып, жалпы журтка таанымал ырчы, Кыргыз ССРнин эл артисти Асек Жумабаевдин башы кичинекей адам эле. Бир күнү Мидин азыркы “Эркиндик”  ал кездеги “Джержинский” бульвары менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Люкс” аттуу  борбордук универмагга  кирип калса Асек Жумабаев шляпа тандап жаткан экен. Ал Мидинди көрүп учурашып калат. Мидин:

– алдагы шляпа башыңа туура бекен? -деп сурайт.

– Туура эле келет экен, мен 56 размер баш кийим кийем-дейт Асек. Анда Мидин:

– айланайын, ушу кичинекей “чил башың” менен үйүңдү кантип таап барып жүрөсүң? -деп айтса, дүкөндөгү эл, дуу!!!” деп жарылып күлүшкөн экен.

 

Мидин жана Жапаркул Алыбаев

“Бир түлөк” толуп калган кезинде сатира  жазууга таптаган Мидин сатирик акын Жапаркул Алыбаев менен Дзержинский бульвары менен төмөн түшүп “Ала-Тоо” кинотеатрына карай өтмөй болушат. Азыркы Чүй көчөсүнүн батыш жагынан бир “Москвич -400” маркасындагы унаа зуулдап келе жаткан экен, Жапаркул жаштык кылып машинадан мурда өтүп кетүүнү көздөп

– “Мидике ыкчамдаңыз, өтүп кетели!” -десе Мидин Жапаркулдун күрмөсүнүн  этегинен тартып токтотуп:

– Койо тур чунак, кибиреген “Москвичтин” алдында калып өлүшүптүр” -деп жаманатуу болобуз, андан көрө аты жакшы “ЗиМдин” алдына тепселип өлөлү-деп айткан экен. Ал кезде  узундугу 5,5 метр, салмагы 2,5 тонна  келген, азыркыча айтканда “S классындагы”, республиканын жетекчилери гана түшүп жүрүүчү, “ЗиМ”- (Завод имени Молотова)  деп аталган эң эле чоң жеңил автомашина  бар эле. Мидин ошол машинаны айтып жатат. Ал эми ал кездеги “Москвич-400” деген автомашина болсо, азыр көчөлөрдө жүргөн “Тико” сыяктуу болчу.

 

Акын О. Абдылдаевдин эскерүүсү

Акын Осмонжан Абдылдаевдин Мидин жөнүндө мындай бир эскерүүсү бар.

Дагы бир күнү Мидин мага минтип калды.

– Сен “Ленинчил Жаш” газетасында корректор экенсиң, мен да корректор болгом. Аракка тоюп барып газеталардын материалдарын окуганымда каталар мени карай жүгүрчү. Мен болсо калем саптын учу менен каталарды ары карай түртүп салчумун. Ошол кездеги чыккан газеталарды барактап көрсөң, тамашанын баары ошол жакта-деп өзү күлгөн экен кайран Мидин.

 

Акын С. Маймуловдун эскерүүсү

Газетанын багытын азытыш үчүн редакцияга акын-жазуучуларды, искусство адамдарын, окумуштууларды чакырып кеңеш куруу адатка айланып кеткен. Ошондой күндөрдүн биринде жыйынга Райкан менен жазуучу Касмаалы Бектенов эртелеп келет. Кыйла убакыттан кийин бир топ кызуу Мидин кирет бөлмөгө. Ошол кезде Райкан аракты таштап өзү айткандай “бөтөлкөдөн тамак ичпей калган” кези эле. Мидин менен кол берип учурашып жаткан Райкан:

– Өөф ий, эшектин көтөнү жыттанган кимдин оозу бул? -дейт. Мидин башкаларга кол берип жатып артын кылчая Райканга карап:

– Ээй, урган, ал куйруктун астын качан жыттап көрдүң эле?! -дегенде эле эл дуу! каткырышат. Катуу чыккан каткырыктан эски типографиянын үстү түшүп кете жаздаган экен.

 

Мидин “кар жаабас кара Кочкордо”

Мидин кайсы бир жылдары Кочкор жергесине барып калат. Ал жерде ыр окуп, куйкум сөздөн кеп айтып элдин черин жазат. Ошондой күндөрдүн биринде күлкү сөзгө моокуму канбаган бирөө:

– Я, Мидике, Кочкордо дагы бир топ күн жүрүп кетсеңиз болот эле-деп каңкуулап калат. Анда Мидин:

– Кочкордун тукул тамдарына деле ала карга бир кыштап кетет турбайбы, ошол ала каргачалык жок бекенминби? -деп айткан экен.

Калеминен назик ыр жааган, калеминен уудай ачуу сатира нөшөрлөгөн, куйкум сөзү өлгөн адамды күлдүргөн Мидин өз мезгилинде ичип-жегендердин, бюрократтардын сазайын бир өзү жалгыз берип келген. “Эгер Мидин азыр тирүү болгондо өлкөдө коррупция азыркыдай гүлдөбөйт эле” -деген ой пайда болот экен аргасыздан.

“Жөжөнү

Жөлөөнү коюңуз.

Мейли болсун,

Кара чечекей кайныңыз.

Мен сизге айтам-

Бул оорудан айыгыңыз! -деген ырын далайлардын кулагына сырга кылып тагып таштамак. Азыркы дагы бир кесип көй болбосо да бир тармакты мыкчый кармап турган атка минерди:

Өзү билбей иштин жайын,

Дыйкандарга үйрөтөт дайым:

- Ой, жерди мындай айдаба,

Топуракты төө менен тебелетип майдала.

Арыктын кулагына кум төк,

Чым менен байлаба!

-деген ыры менен төш талаштыра сокмок.

Кайталангыс акын Мидин табышмактуу жагдайда көз жумган. Бул кайгылуу окуянын сыры азыркыга чейин жабылуу бойдон калып келет. Өткөн 90-жылы кыргыз мамлекетин түптөгөн бирок Сталинизмдин курмандыгы болгон Ж. Абдрахманов, Б. Исакеев, Э. Эсенаманов жана башкалардын бей өлүмүнүн сыры ачылды, бирок, Мидиндин өлтүрүлүшүнүн сыры дагы эле бек турат. Бул өлтүрүү жөнүндө ар ким ар кандай версияларды айтып келишет. Менин версиям боюнча Мидиндин көзүн ошол кездеги ири масштабдагы коррупциянын өкүлдөрү өлтүртүшкөн. Минтип кесе айтышка көптөгөн аргументтер жана фактылар бар.  Мындай версияны газетанын келерки сандарынын биринде айтмакчыбыз.

 

Мидин-Саябан

Өткөн 2013-жылдын 26-ноябрында Ж. Баласагын атындагы Улуттук Университетте студенттер үчүн илимпоздор, акын жазуучулардын катышуучулары менен “Мидин Алыбаевдик окуу” аттуу адабий кече болуп бул кечеде улуу акын жөнүндө 4 саат бою ар кыл ойлор айтылып, “Мидин Алыбаев” (эскерүүлөр) китебинин бет ачаары болуптур. Ушул кечеге катышкан Мидиндин жердеши, жээни, белгилүү публицист-журналист Жолдошбек Токоев мындай ойду ортого таштаптыр.

“Мен көркөм маданияттын чөйрөсүндө дем алып, гедонистик образда жашаган адам катары мындай ойду айтаар элем. Көп мезгилдер бою дүйнөлүк  поэзияны иликтеп көрдүм. Байыркы доордогу Грециялык акын, Сафо ( б.з.ч. 7. кылым) Римдик акындар Катулл, Гораций, Овидий, Европадагы кайра жаралуу доорундагы (ренессанс)  Италияда: акындар Петрарка, Данте, Францияда: Шенье, Вион, Англияда: акындар Шекспир, Байрон, Германияда: Гете, Шиллер, Венгряда Петефи Россияда 19 кылымда  Пушкин, Лермантов, 20 кылымда Есенин бүгүнкү көзү тирүү А. Дементев жана башкалар  лирика жаратышыптыр, бирок, бирөөсү да Мидиндей сатира жаза алышкан эмес экен. Мидин болсо лириканы да сатираны да кош колдоп алып жүргөн. Мидиндин феномени ушунда турат. Мына ушундай дүйнөлүк поэзияда өз салмагы бар Мидинди бийлик барктабай, баалабай келет. Менде бир ой уялап жүрөт. Ал ой мындай. Бишкектеги “Айчүрөк” дүкөнүнүн артында батыш тарабында “А. Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын” артында бир чакан саябан (парк) бар. Келгиле ушул жерди бүгүндөн эле “Мидин-саябан” атап коёлу. Поэзиянын ышкыбоздору келип ушул саябанда ыр окушсун. Бул маселе менен тиешелүү бийликтик органдарына кайрылып көрөлү. 2017-жылы Мидиндин 100-жылдык маарекеси болот эмеспи, ошол мезгилге чейин ошол жерге Мидиндин эстелиги да туруп калаар “эл бар, журт бар” -дегендей. Антпесек азыркы ач көздөр ал саябанды да жок кылышып имараттарды салып башташаары бышык” -деп олутту демилге көтөрүптүр.  Бул демилгеге силер кандай дейсиңер окурмандар?

Адатта элибиз “күлкү -өмүрдүн мүлкү” -деп келишет. Бул чындык. Медицина илими: “адам бир жакшы күлгөн кезде организмдин өзүнөн (биз ооруп калганда) 10- күн катары менен ийне сайдырып алуучу аскорбин кислотасы табигый түрдө иштелип чыгаарын далилдешкен”. Бекер аскорбин кислотасын алгыңыздар келсе, ден соолугуңарды чыңдап алууну кааласаңар, анда -Мидиндин өлбөс сөздөрүнөн окуп каткырып алгыла. Рухий азык алгыңыздар келсе, акындын ырларынан кумар кандыргыңыз келсе, анда  “Айбат” газетасын мындан ары  үзбөй окуп туруңуздар.

Болот Кожогелдиев

Айбат гезити №61




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru