Айбат » Равшан Жээнбековго

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Равшан Жээнбековго

Жээнбеков РавшанУкраинадагы кырдаалдын курчушуна саясатчылардын күнөөсү зордугу калетсиз. Анын кесепетинен тараптардын тиреши апогейине жетип, бейкүнөө жарандар жапа чегүүдө. Бул өлкө бүтүндүгүнө оңбогондой зыянын тийгизгени талашсыз. Америкачыл саясатчы, эркин депутат Равшан Жээнбеков Украинада өткөн митингдерге барып катышып, нааразычылык акцияларын колдогонун бүткүл эл көрдү. Мындан улам, бир катар суроолорду жаадырууну туура таптык. Кааласа, жообун берсин.
1. Сиз 15-январда Ысык-Көлдүн Саруу айылында өткөн митингге катыштыңыз. Кандай акцияларга барасыз, бул сиздин жеке ишиңиз. Бирок, 2003-2004-жылдары “Кумтөр” алтын кени боюнча жаңы келишим түзүлүп, элдин байлыгы бекер кетип жатканда үн катып койбодуңуз эле. Эми “Кумтөргө” жабышып, кара башыңызды сактап калам дегениңиз абийирдүүлүккө жатабы?
2. Бийликти кескин сындайсыз,бирок, ошого жараша аргументтерди келтире албаганыңыздын себеби эмнеде? Же калпты ышкыртсам эле ишене берет дегидей элди келесоо ойлойсузбу? Дегеле бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрдү чечүү жаатында конкреттүү сунуштарыңыз барбы?
3. Украинадагы акцияларды колдооруңузду билебиз. Анда Кыргызстанда да башаламандык орношун каалайт турбайсызбы? Мындай жагдайда жоопкерчиликти мойнуңузга ала аласызбы?
4. Ар кыл башаламандык бейкүнөө жарандарга зыянын тийгизери талашсыз. Сиз жарандардын жапа чегишине да кайылсызбы?
5. Сиз көбүнчө радикалдуу кадамдарга даяр экениңизди жашырбай айтып келесиз. Бул сиздин АКШ “шпиону” экениңизди айгинелебейби?

Айбат гезити №62



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru