Айбат » Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Мыйзамдуулук көз жашка ишенбейт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Мыйзамдуулук көз жашка ишенбейт”

Бакетаев Бакыт- ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев референдум тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап, аны бугун парламентте карашты.  Бирок, бул мыйзам долбоору боюнча БГУнун доценти, илимдин кандидаты Асель Мырзакулова ««Кумтөр» маселесин референдум аркылуу чечүүнү сунуштап, депутаттар жоопкерчиликтен качып жатат деп айтты. Чын эле парламент жоопкерчиликтен качып атабы?

– Мен таптакыр башкача пикир айтат элем. «Кумтөр» боюнча маселени Жогорку Кеңеш чечеби, же жалпы кыргыз эли чечеби, же Өкмөт башчы өзү чечип коебу эл аралык сот үчүн бары бир. Канадалыктар эл аралык сотко «Кыргызстан келишимден бир тараптуу чыгып кетти» деп арыз жазат. Анан ошонун негизинде иш козголуп, териштирүүлөр жүрөт. Биз референдум аркылуу чечсек дагы анны эл аралык сот кабыл албайт. Алар мыйзамдуу жол менен гана карашат. Кыргызстандын беш миллион эли ыйлап барса дагы, сот көңүл бурбайт. Мыйзамдуулук көз жашка ишенбейт. Бул биринчи жагы. Экинчиден, бул маселени референдумга койсок, кыргыз эли экиге бөлүнөт. Биринчи жагы «Кумтөр» 100 пайыз Кыргызстандыкы болсун дейт. Экинчи жагы 50-50 пайыз болсун дейт. Анан түшүнбөстүктөрдөн улам бизде дагы Украинадагыдай майдан болот. Ошондуктан референдум менен чечүү жолу дагы туура эмес.

- Анда «Кумтөр» маселеси кандай чечилиши керек?

– Ошол референдумду өткөрүү үчүн дагы миллиондогон сом кетет. Андыктан ошол акчаны референдумга коротпой биз өзүбүз эл аралык сотко кайрылышыбыз керек. Ал жакка деле ошол эле акча кетет. Биз биринчи сотко бергенибиз туура болот. Бул бир варианты. Экинчи варианты – эгерде соттошууну каалабасак, анда өкмөт сунуштап жаткан 50-50 пайызга макул болуп, иштеше бергенибиз оң.

Айбат гезити №62



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru