Айбат » Ракыевичти чүчкүрсө деле жаза берелиби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ракыевичти чүчкүрсө деле жаза берелиби?

Сатыбалдиев Элмурза“Шрек” мультфильминин башкы каармандарынын образына шайкеш келген экс-Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен “Азия-Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев тууралуу деги ооз ачпайлык десек деле өздөрү “повод” берип коюшат дегиң. Мисалы, өткөн жумада “Азия-Ньюс” гезитинде Элмурза Ракыевич тишин дарылатып жатканы “сенсация” катары жарыяланыптыр. Кудум “Шректеги” Эшектин Шректи “тууралап” жатканы көз алдыга тартылып…

Өзүңөр деле калыс болгула: Э.Сатыбалдиевдин тишин дарылатып жатканы кимге кызык? Жеке бизге анын кызыгы деле жок. Же Асланбек пиарды ушинтип жүргүзөбү? Же “Шрек” акесинен алган акчасын сиңирүүнүн жаңы ыкмасын ойлоп тапканыбы? Андай болсо эртеңки күнү: “Элмурза Сатыбалдиев гемморой болуп, ооруканага жатып калыптыр. Дарылаткан соң саясатка активдүү аралашат экен” деген маалымат “Азия-Ньюска” жарыяланса таң калбай эле койгонубуз жакшы болор? Накта кызык мына ошондо болбойбу! Буга чейин Асланбек үкасына заказ кылып, өзүнө жакпаган саясатчыларды шыбатып, орой айтканда, артынан бери чукутуп, ит-акмагын чыгарган Э.Сатыбалдиевдин артын врачтар чукуп жатканы “сенсация” эмей эмне?! Балким ошондо көчүк чукуган кандай болорун сезер…

Медицинада аны “проктолог” деп атап коюшат. “Шрек” атка конгон Сатыбалдиев “Азия-Ньюс” аркылуу саясатчыларды шыбатканы үчүн “проктолог” атыкты эле, эми геморроюн алдырса кантип атарыбызды билбей турабыз.

Элмурза мырза сыртынан караганда айкөл, берешен адамдай туюлат. Бирок, аны жакындан тааныгандар анын түркүн образдагы “маскаларды” тагынып жүрөрүн жакшы билишет. Мисалы, кол астындагы адамдарга орой мамиле жасаса, өзүнө керектүү адамдарга келиндей жүгүнүп кызмат кылгандан кайра тартпайт. Мындай “ийилчектигин” убагында Жаныш Бакиевге көрсөтүп, кызматтан кызматка көтөрүлгөнүн таңбас. Бирок, керектүү адамынын кереги тийбей калган соң анын көчүгүнө суу куймайы бар. “Суу куймайды” сулуу бийкечтерге да көрсөтүп жиберет. Бир сулууну көрсө анын артынан өлүп-талып чуркап, айласы кеткенде Асланбекти ортого салып, ошол перисинин сүрөтүн “Азия-Ньюстун” 1-бетине басып отуруп максатына жетет. Кумары кангандан кийин ара жолго таштап кетмейин буга чейин көп жолу далилдеген дейт…

“Айта берсе арман көп” демекчи, Шрек менен Эшектин, ой кечиргейсиздер, Элмурза Сатыбалдиев менен Асланбек Сартбаевдин жолдо калгыр жоругун тизмектей берсек гезит бетин толтуруп салгыдайбыз. Бул эки “тандемдеш” тууралуу айтар кебибиз али алдыда…

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru