Айбат » Э. Сатыбалдиевдин “установил менен постанавилдери”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Э. Сатыбалдиевдин “установил менен постанавилдери”

Аксы

Канкор Бакиевдердин диктатурасынын убагындагы экс- Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин ошол кезде мыйзамга баш ийип иш жасабай, бир эле диктатуралык бийликтин буйругун аткарып келген эмеспи. Ошол кылыгы менен эми капканга түшө турган болуп калды окшойт.

Минтип айтканга  себеп, 2014-жылдын 13- январында КР. Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы 2009-жылдын 13-март күнү коомчулукту селейткен М. Садыркуловдун, С. Слепченконун, К. Сулаймановдун өлүмү боюнча жаңы чечим кабыл алды. Констиитуциялык палата “прокуратура органы жогорудагы 3 адамдын өлүмү боюнча ишти иликтеп сотко ашыруу функциясын азыр жоюлуп кеткен ИИМ  уюшкан кылмыштуулукка каршы  жана коррупцияга каршы күрөш башкармасына (ГУБОПиК МВД) бериши констиуцияга каршы келет”-деп чыгарды. Бул иш боюнча эми дагы бир кадам жасалса, өзү жаш болсо да “алты кар баскан түлкүдөй” ары жойлоп, бери жойлоп, бирок, капканга түшпөй келген Элмурза Сатыбалдиевге барып такала турган өңдөнүп калды. Себеби, М. Садыркуловдун канкорлук менен өлтүрүлүшүн,  Аламүдүн районунун  соту 2000-жылдын 5чи июнунда  “жол кырсыгы” катары карап президенттин экс- админсратция башчысы бара жаткан “Лексус-470” жип авто унаасы менен сүзүштү болгон “Ауди” автоунаанын айдоочусу Өмүрбек Осмонов деген жигитти 12-жылга сүргүн абагына (колония поселения) кескен. Мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган  прокуратура- мындай чечим менен макул болгон. Дал ошол учурда Э. Сатыбалдие Башкы прокурор болуп турган кез эле.

Бирок М. Садыркуловдордун өлүмү “жол кырсыгы эмес” атайын өлтүрүү “- кыргызстандын журтчулугу айныксыз билип турушкан. Атүгүл ММК бул  окуянын кандайча болгонун болжолдуу версиясын жазып жатышты. Бирок, Э. Сатыбалдиев эч нерсени билмексен болуп мелтиреп турду чиркин. Эгер, Э. Сатыбалдиев кандуу бийликке чексиз берилип кызмат кылбаган, бир гана мыйзамга баш ийган  адал адам болсо, 12-жылга кесилип, кийин 2010 жылдын 23 апрелинде кылмышкерлердин буйругу менен өлтүрүлгөн  Өмүрбек Осмонов али тирүү жүрмөк.

Азыр тосуп, бозуп жүргөн Марат Бакиевдин бала кездеги досу Э. Сатыбалдиев 2007-жылы Башкы прокурор кызматына  келгенде канкор Бакиевдерге жан үрөп кызмат кылган. Ошондон бир үзүм мисал келтирели. Колубузда мындай бир документтин көчүрмөсү турат. Ал мындай-деп аталат экен.

 

Постонавление

Город Бишкек. 2-августа 2007 года.

Руководитель следственный группы Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики М. Расулов, расмотрел матириалы уголовного дела № 150-07-27.

 

Установил:

Э. Сатыбалдиевдин мурдагы “конторасы” эмнени “установил!”-кылды дебейсиңерди?  Өткөн, 2002-жылдагы, “Аксы окуясы”-деген ат менен тарыхка калган окуяда, кимдер күнөөлү, кимдер күнөөлү эмес экендигин “установил” кылыптыр. Бул документин акырында айтылгандай “ жетишээрлик далилдер жок болгондон улам 2002-жылды Аксы районунун ИИБ началнгинин орун басары, Ж. Бакиевдин өкүл баласы, Абдимиталип  Калбаевге, ошол кездеги Аксы районунун акими, Каныбек Бакиевдин кудасы, Шермамат Осмоновго, Аксы районунун ИИБ начальниги, 2003 жылы “Ала-Бука” шайлоо окуругунда бош турган  Жогорку Кеңештин депутаттыгына  болгон шайлоодо талапкерлигин Курманбек Бакиевдин пайдасы үчүн талапкерлигин алып салган Данияр Кулиевге карата “кылмыш иши токтотулсун”-деп “постоновил” кылыптыр. Ошентип “ака-үкөлөр” жооперчиликтен бошотулат да алардын ордуна “ака-үка!” эместерге карата кылмыш иши козголот. Алар, 2002-жылдагы президеттин админстрация башчысы, маркум  Аманбек Карыпкулов,  Жалал-Абад областынын губернатору Совет Урманаев, Жалал-Абад областынын прокурору Зоотбек Кудайбергенов, ИИМ орун басары, Садырбек Дубанаевдерге кылмыш иши козголгону айтылат. Бул документтин жазган адам кантип Башкы прокуратурада иштеп жүрдү экен?  Башка бир Башкы прокурор болсо мындай адамды  кызматка жолотпойт эле. Себеби, “установил” менен “постановил” эч бир логикасы жок. Бул сөзгө мындай далил келтирейин.

Жалпы журттун көбүнүн  эсинен азыр да чыга элек 2002-жылдын 17-март күнү кечки саат 17. 00. Өкмөт үйүндө  премьер-министр К. Бакиевдин жетекчилигинин астында өткөн жыйындын №31-23 токтомунун негизиндеги  “Тайфун” , “Буран” операцияларын мыйзамдуу катары “установил” болуп айтылат. Суроо туулат. Андай болсо, эмне үчүн А. Карыпкулов, С. Урманаев  С. Дубанаев жана башкаларга карата кылмыш иши кыскартылган эмес?  Муну, сыягы Э. Сатыбалдиев тергөөчүсүнө “кубале” кылып эле ( кубале- түштүк  диалектисинде ылайды тоголоктоо)  “постановил” “кыл”-десе  керек, же генералдыкты ушундан улам алып жүрбөсүн..?

Сталинизмдин мезгилиндеги СССРдин башкы прокурору Андрей Вышинский “Улуу инкивизатор” атка конгон. Сот алдында бей күнөө миңдеген адамдардын лагерлерге, өлүм жазасын сурап турган бул адам көзү өткөндө мүрзөсүнө туугандарынан башка бир жан басып барбаптыр. Себеби, А. Вышинский мыйзамдарга эмес, кандуу бийликке гана кызмат кылган.

Кандуу Бакиевдик диктатурага кызмат кылган Э. Сатыбалдиевдин тагдыры эмне күтүп турат болду экен, болжоп айтыш кыйын.

Кожоюндарына кызмат кылыш үчүн Э. Сатыбалдиевдин мыйзамдарга кантип көз жуумп келгендери газетанын кийинки санында.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru