Айбат » Дастан Бекешов, “Ар-Намыс” фракциясы: “ЖК кадрдык жаткан аксап, професионалдык деңгээли төмөн болуп турат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Дастан Бекешов, “Ар-Намыс” фракциясы: “ЖК кадрдык жаткан аксап, професионалдык деңгээли төмөн болуп турат”

Бекешов Дастан-Дастан мырза, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар толугу менен иштебей жатканы айтылып келүүдө. Буга эмне себеп болууда?

-Туура, суроо бердиңиз. Мыйзамдар кабыл алынганы менен алар иш жүзүндө аткарылбай жатат. Анткени, редакциялык жактан сунушталган мыйзамдар болгондуктан бир чоң мыйзам болчу мыйзам майдаланып отуруп 4-5 мыйзам болуп калган жагдайлар кездешүүдө. Ал майдаланган мыйзамдар практикасында такыр эле аткарылбай, өзүнүн функциясын жоготуп жатканы өкүндүрөт. Ал эми айрым өтө керектүү  мыйзамдар кээ бир депутаттардын жеке кызыкчылыктарынын кесепеттеринен улам  четке кагылып, кабыл алууга каршы добуштарын берүүгө ынтызарланышат.

-Мисалы, кайсы депутаттарды айта аласыз?

-Депутаттардын атын атабасам дагы, жакында эле кабыл алынбай калган керектүү мыйзамдын кабыл алынбай калышын жеке кызыкчылыктан келип чыккан кадам катары баалайт элем. Ал эми редакциялык мыйзамдардын көпчүлүгү  оңдоп-түзөө, бир сөздүн ордуна башка сөздү алмаштыруу дегенди гана туюнтат. Чындыгында жарандарга, мамлекетке керектүү  жана аткарыла турган мыйзамдардын саны аз болуп, жетишсиз.

-Эмне себептен мындай болуп атат?

-Менимче, кадрдык жактан аксап, адистердин профессионалдуу деңгээли төмөн болуп жатат. Арийне, министрликтерден сунушталып келип жаткан мыйзам долбоорлордун дагы сапаты төмөн болуп жатканын байкоого болот. Мындай кадамды уят катары сыпаттоого болот. Себеби, ал жакта кадрдык ресурс абдан чоң болгонуна карабастан мыйзамдардын практика менен теорияга такыр айкалышпаган элдин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам деп айтууга мүмкүн эмес.  Ал эми Жогорку Кеңеште депутаттын бирден-экиден гана жардамчысы болуп жатканына карабастан олуттуу мыйзамдарды жазууга аракеттерди көрүп келебиз.

-Адистердин профессионалдык деңгээлин төмөн деп жатасыз, ЖК депутаттарынын деңгээлине кандай баа бере алат элеңиз?

-Депутаттар арасында мугалимдер, юристтер, экономист деген сыяктуу ар тармактан келген адистер бар. Анткени, депутаттар жалаң юристтер же экономисттер болсун  деген критерий каралган эмес. Андыктан кайсы гана адис өкүлү болбосун, професионалдуу жана професионалдуу эмес депутаттар келишет.  Кээ бир учурларда таң калыштуу окуяларга туш болосуң… Мисалы, генералдар фонограмма боюнча мыйзам жазганына таң калбай коё албайсың… Анткени, ал генерал искуствону билбей туруп бул ишке кийлигишкенин туура эмес деп ойлойм. Маселен, мен өзүмдүн тишим өтпөгөн, билбеген, ал ишке аралашып көрбөгөндөн,  түшүнбөгөн айыл чарба тармагы боюнча  мыйзам долбоорлорун жазбайм, адис эмесмин. Чындыгында мындай маселеге кийлигиш үчүн эң биринчиден билим керек, адис болушуң керек.

-Сиз мыйзамдар аткарылбай жатканын айтып жатасыз, депутат болуп келгени канча мыйзам жаздыңыз жана алар өз ишин аткарып жатабы?

-60тан ашуун мыйзам долбоорун сунуштадым. Алардын жарымы кабыл алынды. Кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүп жатам. Мисалы, букмекер, ломбарддардын салыгын көтөргөн мыйзам кабыл алынган. Анын натыйжасында букмекерлер мурда бир жылда 2 млн. сом салык төлөсө, кабыл алынган мыйзамдын негизинде 2 айдын ичинде эле 2 млн. сомду мамлекеттин казынасына төктү. Дагы ушул сыяктуу мен жазган мыйзамдарды өзүм мониторинг кылып, көзөмөл кылып турам.

-Айрымдарга керектүү мыйзам долбоорлор кабыл алынышы үчүн депутаттарга пара берүү менен кабыл алынат деген пикирлер бар. Чынында ушундайбы?

-Мен андай ушактарга ишенбейм. Парламент ичинде ушундай ушактар боло берет. Сиз айтып жаткан сыяктуу окуяларды өз көзүм менен көрмөйүнчө ишенбейм. Акыркы учурларда ушак менен гана күн көрүп бара жаткандай сезилет. Бул көрүнүш мени абдан капаландырат.

-ЖК шайланып келгени Кыргызстан жарандары жашоосунда  сезилээрлик деңгээлде өзгөртүү киргизе алдыңарбы?

-Бул суроону ЖК керекпи же кереги жокпу дегендей эле түшүндүм. ЖКнын бүгүнкү күндөгү орду кандай? Жогору эле. Өкмөттүн, Президенттин иштерин көзөмөлгө алып, ар кандай жолдор менен кетип жаткан каржы булактарындагы коррупциялык алдамчылыктарына жол бербей, парламент жыйынында кандай гана талаш-тартышты жараткан маселелер көтөрүлуп келет. Демек, ЖК керек, ЖК эл үчүн эмгек кылып жатат жана мындан ары дагы эффективдүү иштеши зарыл.

-Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп, жумушуна айлап жылдап же такыр эле келбей жүргөн депутаттар бар. Алардын мындай кадамдарына кандай көз караштасыз?

-Туура, андай депутаттар бар. Алардын атын атабай эле коёюн. Аны эл дагы журналисттер дагы жакшы билишет. Алар шайлоого жакындап калганда, жер-жерлерге барып  балдар аянтчасын же башка иштерди аткара коюп эле кайрадан депутат болуп алышса таң калбай эле коюш керек. Менимче андай депутаттар азыр элге иштесем, унутулуп калат, шайлоо жакындаганда иштеш керек деген принцип менен жашаса керек. Ошол себептен жалпы эле шайлоочу бул шайлоого чейин ким эле, кандай иштерди аткарып кете алат деген суроолорго жооп таап анан шайлоо күнү  жети өлчөп бир кескен талапкерине добушун бергенди билиши керек.

Маектешкен Улукбек КУТМАНБАЕВ

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru