Айбат » Азимбек жөнүндө ак сөз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Азимбек жөнүндө ак сөз

Бекназаров Азимбек“Айбат” газетабыз терилип басмага даярдалып бүтүп калганда билип калдык, болбосо ошол күнү эле бул жөнүндө жазып чыкмакпыз. Дегенибиз, 2014-жылдын 15-январь күнү Бишкек жана Ош шаарланынын мэрлери шайланып жаткан күнү, көптөн бери добушу чыкпай калган, чыкса да үлдүрөп араң жан чыккан “Эл Үнү” атту кыймылдын кор башчысы Азимбек Бекназаров Жети-Өгүз” районунун “Саруу” айлында 300 адам катышкан “Саруу курултайында”  ( 300-адам катышса аны курултай деп атоого болбоосу белгилүү) мындай дептир.

“Бишкек, Ош шаарында өткөн шайлоолор тарыхтагы эң ыплас  шайлоолор болду.  Атамбаев, Акаев, Бакиевдин жолун кайталап, сотторду, күч органдарын өзүнө баш ийдирип, узурпациялап жатат. Өз оппоненттерин камакка алып жатат”-дептир.

“Атаңдын көрү ай, де!” Бишкек, Ош шаарларынын мэрлер боюнча шайлоонун ыпластыгын кантип далилдейт болду экен? 2005- жылы март айында Бакиевди бийлике алып келгенге “бульдезор” болуп берген Азимбек мырза? Бакиевди бийликке алып келүүдөгү үзөңгүлөшү, Өмүрбөк Текебаев  “Ата Мекен” партиясынан эки шаардын мэрлигине эмне үчүн талапкерлерин көрсөткөн жок? А. Бекназаров менен үй-бүлөлүк катышы бар, “өкүл ата, өкүл бала” болуп жүргөн, дагы бир Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясынан эмнеге шаардын мэрлигине талапкерди сунушташпады? Юстиция министрлигинен “саясий партия”-деп каттоодон өткөнбүз”-дешип 140 ашкан топтор жүрүшөт анда-санда билдирүү жасашкансып,  эмне үчүн ушул саясий партиялар биргелешип 2-талапкерди алып чыга алышкан жок.  “Ар-Намыс” партиясын баш кылып, “Ата-Журтту” төш кылып?  Саясий партиялар өздөрү шаарлардын мэрлигине сунушташпаса анан бийлик күнөөлү болуп калабы? Баса, 2010-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо катышкан сандаган партиялар, 2011-жылкы президенттик шайлоодо катышкан түмөндөгөн президенттикке талапкерлер кайда, же алар Эртөштүкчө жер астына түшүп кетишкенби же “эки шаар башчылыгына талапкер болуп катышуу, биз үчүн шылдың!”-дешкенби, “өздөрү жерде болсо да  мурундары булутка жеткендер?”

Кызык, А. Бекназровдун логикасы боюнча коррупциялык иштери  менен камалгандар “саясий оппонент” болуп калабы? Эгер, андай болсо биз ушул тапта эң кеңири колдонгон  “коррупция”-деген терминди кыргыз тилинин лексикасынан алып ташташыбыз керек. Бирок тил, А. Бекназаровдун жана башкалардын эркине баш ийбейт. Тапкан экен А. Бекназаров “саясий оппонетерди!” Адамдын, коомдогу абалы (статусу) кырдаалга жараша өзгөрүлүп турат. Коомдо маселен, А. Келдибеков- мындан бир аз мурда саясатчы-депутат болсо, бүгүн кылмыштуу иштерге шектүү адам.

Айтмакчы, 2010- жылдын апрель айында “Убактылуу Өкмөттүн” күч органдарын тейлеген А. Бекназаров канкор Жаныш Бакиевди кармоого ал кездеги ИИМ Болот Шерниязовду УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевди кошуп  өзү барбастан, эч кызматта иштебеген Артур Медетбековду жибергени эмне деген жорук болгон? Ушуга жооп берсинчи А.Бекназаров. 2011-жылы Жогорку Кеңеште, андан бир аз мурда  башкы прокурор кызматынан  кол жууп калган Кубатбек Байболов “Бакиевчилерди, ошол  эле учурда 2010-жылдагы түштүктөгү кандуу окуяга күнөөкөрлөрдү (Оштогу  өзбек улутундагы сеператчыларынын бир Ж. Салахудиновдун өлкөдөн жеңил-желпи чыгарылып жиберилиши) абактан акчаларын алып эле, кое бере беришиптир!”-деп айткан эле. К. Байболовдун бул  сөздөрү дал А. Бекназарого, ал Башкы прокурордук кызматына алып келген Б. Ибраевге тиешелүү сөз эле. Мына ушундай жоруктарды жасаш үчүн Кыргызстанда 3-революция  болуш керек эмес. Эл Бекназаровдон эл “үркүп калган!” Ошол үчүн “Саруу” айлындагы курултайга болгону 300 адам барып отурат. Сураштырсак, булардын көбү кыш күрөөдө жумуш жок, жөн эле эрмек үчүн катышыптыр. А. Бекназаровдун жогорудагы “саясий оппонеттери”-деген кебинен кийин, мындай бир нерсени айта кетпесе болчудай эмес.

Көп учурда, непада депутат, министр же бир мекеменин жетекчиси болуп коррупцияга малынып,  иштен кетип, “саясатчы” аталбай, кызматсыз калса эле ММК же башка бир жыйындарда “коомдук ишмер”-деген статуска ээ боло калышат. Бир кездеги ашынган коррупционерди, эл жек көргөн өткөн эки режимдин камчысын чапкан, кошоматчыны кантип “коодук ишмер”-деп аташка болот? Чынында “комдук ишмер” коом үчүн акысыз пайдалуу иш жасаган адам гана татыктуу. Маселен, калем акы албай ММК коом үчүн пайдалуу макаларды жазып келсе, же кандайдыр  жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, коом үчүн программаларды, концепцияларды, идеяларды сунуштап турса ал адам- сөзсүз коомдук ишмер. Маселен, азыр эс алуудагы аскер генералы Ашырбек Бакаев өткөн 2013-жылы өзүнүн пенсиясына 17 миң сөздөн турган “Кыргызча-Орусча, Орусча-Кыргызча сөздүктү” түзүп басып чыгарып көптөгөн адамдарга бекер таратып берди. Мындай ишти адабиятчы, тилчилер, мамлекет, президенттин алдындагы тил комиссиясы, түзүлгөндөн бери генерал А. Бакаевдей ишти жасаган эмес. А. Бакаев аскер генералы катары гана баалабастан нукура “коомдук ишмер” катары баалоо керек. Себеби, ал кыргыз тили үчүн, коом үчүн нар көтөргүз иш жасады. Көп учурда мына ушул жагдайды түшүнүп-түшүнбөй эле кызматтан кеткен же депутаттык  мандатынан ажыраган адамды ММК “коомдук ишмер”-даражасына көтөрө салуу адатка айланды. Чынында бул чоң адашуу. Кийинки кездерде А. Бекназаров “коомдук ишмер” аталып жүрөт. Бул адам 2002-жылы кытай тарапка өтүп кеткен “Үзөңгү Кууш” жердин шылтоосу менен  оппозиция терисин жамынып жүрүп, 2005-жылкы төңкөрүштө, андан соң 2010-жылдагы элдик ыңкылапта дагы эле “жоо чабар!” көрүнгөнү менен,  жеке керт башынын кызыкчылыгы-мансап  үчүн “революционер!”-болуп чыга келгени  жалпы журтка айкын. Коом үчүн пайдасынан кесепети көп болгон, А. Бекназоровду  “коомдук ишмер” атоого болобу?

Баса, 2010-жылдын май айында, 7-апрелде канкорлордун огунан шейит кетишкен азаматтардын “40-күндүгүндө” ушул эле А. Бекназров “Бакиевдерди жер астынан болсо таап келип жазалайбыз!”-деп катуу айтты эле. Бакиевдер жер асты эмес, жер үстүндө эле жүрүшөт,  барып алып келбейби, эгер, сөзүнө турган  жигит болсо.

Айбат гезити №62



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru