Айбат » Саруулук туугандар Равшан Бабырбековичтин табигый жүзүн билсе кана!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Саруулук туугандар Равшан Бабырбековичтин табигый жүзүн билсе кана!

СарууЖогорку Кеңештеги эркин депутат Равшан Жээнбековду «кой терисин жамынган карышкыр» десек аша чапкандык болбос. Анткени Кыргызстанга оңбогондой зыян келтирип, кен байлыгыбыздын үзүрүн көрбөй келаткан «Кумтөр» боюнча 2003-2004-жылдардагы келишимге түздөн-түз катыштыгы бардыгына карабастан 15-январда Ысык-Көлдүн Саруу айылында өткөн курултайга барып катышты. Равшан Бабырбекович «Кумтөргө» күйгөндөй түр жаратып: «Бийликке каршы чыккандардын бардыгын камата албайт, силердин уулдарыңарды камай албайт» деп күпүлдөдү. Ушул жерден анын айткандарына тактоо киргизип коелу.

Саруудагы айрым мекендештерибиз балким «Кумтөр» келишиминин таржымалын билбейттир. Ошон үчүн Р.Жээнбековдун алтын шилекейин чачыратып айткан сөздөрүнө эрип жатса керек. Эгер «Кумтөр» келишимине катыштыгы бардыгын билсе, аны Көлдүн босогосун аттатмак түгүл, терисин тескери сыйрып салмак беле? Анын үстүнө, ал карапайым калкка же мамлекетинин келечегин ойлобостон, тескерисинче, эртеңки күнү камалып кетерин туюп, оппозиция жээгине өтө качканын түшүнүп жатабыз. Ушул жагдайды Саруулук туугандар көңүлүнө түйүп койсо дегенибиз.

Равшан мырза мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылат. Анда неге өзү мыйзамдуулукту сактабайт? Себеби өткөн жылдын май, октярь айларында Ысык-Көлдө митингдер өтүп, натыйжада айрымдарга кылмыш иши козголгон эле. Коомдук тартипти буздубу, мыйзам чегинде жазасын алышы абзел. Муну ашынган «демократ» Р.Жээнбеков билбейт дейсизби? Сопсонун билет. Демек, ал элди келесоо ойлоп, атайылап мээсин тегеретип жатат.

Эмне демекпиз? Равшан Бабырбек уулуна «жүзүңдү аччы, гүлчөтай» демекчибиз. Элди убактылуу алдаса болот, бирок түбөлүккө алдаш кыйын. Ал эми элди өмүр бою алдайм дегендердин алды мекенинен безе качып, арты түрмөдө отурганын эсибизден чыгарбайлы…

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru