Айбат » “Банкротизмдин” символуна айланган Молдогозуевич

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Банкротизмдин” символуна айланган Молдогозуевич

Наргозуев БегалыКээ бир адамдарда ушундай сапат болот: барган жерин гүлдөтпөй эле соолутуп, өстүрбөй эле өлтүрүп жиберишет. Анын сыңарындай, мурдагы “ак жолчу” депутат, экс-ханзаада Максим Бакиевдин “арзыматы” Бегалы Наргозуев ким менен үзөңгүлөш жүрбөсүн өнөктөшүн “банкротко” учураткан өнөрү бар. Сындасаң жата калып чычалаган Бегалы Молдогозуевичтин бул жааттагы “ишмердүүлүгүнөн” орунттуу учурларды тизмектейли.

Бегалы мырза “Эсен Эйр” аталыштагы авиакомпания түптөп, кыргыз ишкерлеринен алгачкылардан болуп эки “Боинг” учагын сатып алганын жамы журтка жар салган. Андан көп өтпөй “Ак жол” партиясынан депутаттык мандат тагынды. Ал кездеги президент Курманбек Бакиевден мурда анын уулу Максим Бакиевге кошоматтанып, аны мактап-жактаган “ода” ырларын төгүп, “арзыматтыктын” классикалык үлгүсүн көрсөттү. “Максим Курманбекович президент болчу инсан. Ал өлкө башына келсе Кыргызстаныбыз космостук ылдамдыкта өнүкмөк” дегендей интервьюларды басылмаларга жайната бергенин таңа албас. “Кошоматка кой сойгондун” төркүнү кийинчерээк билинди, көрсө, “Эсен Эйрдин” 40%ы Максим Бакиевге таандык экен. Ошон үчүн, ага жабышып, келиндей жүгүнүп жүргөн турбайбы?

“Президент болсо мамлекетибизди өнүктүрөт” деген Максим Бакиев эмне болду? Өз мекенинен куулуп, бөтөн жерде тентип жүрөт. Миллиондогон, миллиарддаган байлыгын турса да мекенине баш бага албагандын өзү кордук эмеспи. Бул Бегалы Молдогозуевичтин “банкротизмдик ишмердүүлүгүндөгү” алгачкы жемиши деп туруңуз.

Апрель окуясынан кийин Бегалы мырза көпкө унчукпай жүрдү. Акыры чыдабай кан досу Өмүрбек Суваналиев менен чогуу партия ачып, парламенттик шайлоого катышты. Жыйынтыгы нөл. Алар жармашкан партия маарага жетпей жыдыды.

“Жыгылган күрөшкө тойбогон” сыңарындай, Б.Наргозуев парламенттин босогосун аттабай калганына арданып, досу Суваналиевди президент кылам деп чамынды. Жыйынтыгы дагы нөл. Өмүрбек Исаакович жалпы калктын 1% добушуна да татыбай, абийири айрандай төгүлдү. Ушуну менен анын досун экинчи ирет “банкрот” кылышы эле…

Депутаттыктан жыдып, президент болбой калганына бети тызылдап койбой, 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунда “Ар-намыстын” атынан Өмүрбек Суваналиев борбор калаанын “боосу” болмокчу болду. Албетте, бул Наргозуевдин идеясы. Натыйжада Суваналиев мэр болмок түгүл, “Ар-намыс” маарага жетпей, “казаны түгүл чөмүчү жок” калды. Муну үч деп туруңуз.

“Бизге ЖК депутаты, президент, мэр болгон жарашбайт экен. Оппозиция лидери болбосок болбой калды” деп кайрадан чамынды. “Президент бийликти узурпациялап алды. Биз ага каршыбыз” деп “Каршылык Көрсөтүү Кыймылын” (“ККК”) түптөдү. Айрым маалымат каражаттары жазгандай, Талас, Нарын дубандарында митинг өткөрүп, бийликти басып алуу планы ийгиликсиз аяктады. Таластын эли Суваналиевди таш бараңга алып кубалады. Ким “шым” болду? Суваналиев. Ийнеликтин мойнундай болгон кадыр-баркы сынды. Минтип отурса Суваналиевди “саясый өлүккө” айландырып тынбайбы?

Биз эки гана адамдын таржымалын мисал келтирдик. Бегалы Наргозуевдин мындай “жоруктары” толтура, аларды санап мээңерди оорутпайлы. Жарыктык киши кимдир бирөөнү сындап, жөнсүз асылгандын ордуна өзүнүн катачылыктарын саресепге салып, оңдогонго аракет кылбайбы? Же айрым саясатчылардай төлгөчүлөргө барып, жолун ачтырып көрөттүр?

Бегалы мырзанын экс-ханзаадага болгон “сүйүүсү” дагы деле өчө элек. Муну “Эсен Эйрдеги” акцияга байланыштуу дешет билермандар. “Жел жүрбөсө терек башы термелбейт” демекчи, Максим Бакиев “Эсен Эйр” компаниясындагы 40% акциясын берерин, ал үчүн, Кыргызстанда баш-аламандык уюштуруу тапшырмасын койгон дейт. Компанияга ээ болуш үчүн ушундай жосунсуз жоруктарга барып жаткандагысыбы анда?

Айта берсек сөз көп. Б.Наргозуев адабияттан түшүнүгү бар киши эмеспи, Пушкиндин “Алтын балык” жомогун бир сыйра окуп, анан чечим чыгарар…

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru