Айбат » Абыке-Көбөштөрдүн акыркы айласы…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Абыке-Көбөштөрдүн акыркы айласы…

Саруу курултайСаруулуктар өткөн жылы курултай, митинг, пикет өткөрүү боюнча Кыргызстанга аты чыкты. Алакандай айыл бүтүндөй кыргыз элинин бейкуттугун бузган “чекеге чыккан чыйкан” болду окшойт. Элде не күнөө? Ар кимиси өз көр тиричилиги менен алек. Анын үстүнө  Бишкектен барган жалган патриотчулар улам элди көкүтүп, кутумдук иштерин  каалаганча жасоого аракеттеништи. Алардын көзгө басаар жалгыз  көзүрлөрү ”Кумтөр маселеси”. Башка ойлоп чыга турган эч нерсеси жок. Ошону менен өткөн жыл тамам болду.

Быйыл жыл башталбай жатып Р.Жээнбеков,  А.Бекназаров, К.Кадыров, Р. Дырылдаев баш болгон  оппозиция өкүлдөрү Саруу айылында 15-январда чала митинг, жарты курултай өткөзүштү. Өздөрүн кыргыз элинин каймактарындай сезген бул жигиттердин “үйүрү” тамактары бүткөнчө бакылдап, көздөрү жумулганча сүйлөштү. Бир нече  мамлекеттик масштабдагы резолюцияларды кабыл алышты.  Арасында Кыргыз Өкмөтү кызматтан кетип, Жогорку Кеңеш тарап, Кыргыз Республикасынын Президенти тактысын бошотуп  берсин деген маселелер бар. Баракелде, “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей булардын кимиси Өкмөт, кимиси Жогорку Кеңеш, кимиси  президент болот болду экен?  Абай салган адамга жогоруда аты атлагандардын баарынын куйруктарында”калбырлары бар”. Кимисин албайлы? А.Бекназаровдун көчүгү тазабы? К.Кадыровдун калк арасындагы кадырын жакшы билебиз. Дырылдак акенин  уулу Рамазандын ырларын да жакшы билет кыргыз эли. Өзүн мырза сезген Р. Жээнбеков Америкага неге качты эле? Баары түшүнүктүү. Андан да кызыгы курултайда жалпы лидер кылып Р. Жээнбековду шайлашкан.  Себеби, ал  океандын ары жагындагы кожоюндарынан тыйын алып келет имиш. Демек бул кызматты Р. Жээнбеков кызылдай акчага сатып алган тура. Р. Жээнбеков акчалар келген соң бардык оппозиционерлерди бириктирип жаз алды көк кылтыяр замат элди көтөрүп чыгат деген таттуу кыялдар бар. Ырас, кыялданбаган киши болбойт. Кыялдары кыйылабы же  ишке ашабы аны турмуш көрсөтөт деңизчи… Анын үстүнө К.Ташиев, А. Келдибеков, А. Жекшенкулов, С. Жапаров, М. Мырзакматов, Т. Мамытов Н. Түлеев өңдүү кыраандардан түзүлгөн топтун кыргыз элиндеги баркы канчалык? Жалаң капчыктуу Бакиевдин куйруктарынан калайык калк тажап  деле бүттү окшойт. Буларга Б. Мамырова менен И. Исаковдор кошулуптур. Булар дагы майлуу куйруктан куру калбайлы дешип сүрмө топко кошулганбы же аттары аталган эргулдардын чөнтөктөрүн кагып калалы деген тилек менен кошулушканбы бир Кудайдын өзү билет. Кандай айткан күндө да кыргыз элинин башына кыйынчылык түшүп турганда Бекназаров баштаган Кыргыл чал менен калган Тазбайматтар, Абыке-Көбөштөрдүн колутугуна кирип өз  кутумдулугун жасай беришет окшобойбу? Не дейбиз,”кыргыздын душманы кыргыз” дегендей бүгүнкү күндөгү кыргыз мамлекетинин бейкуттугу жогорудагы жоон топ эргулду уктатпай жаткан көрүнөт. Кыргыз эли аман болсо кутумчулардын куйткулугу каңылжаарды сасытып жатып бир күнү тарап кетээр… Баарына мезгил тараза. Күтө туралы.

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru