Айбат » Карыпбек Алымкулов: “Митингдер аркылуу келечек муундарга тескери үлгү көрсөтүп жатабыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Карыпбек Алымкулов: “Митингдер аркылуу келечек муундарга тескери үлгү көрсөтүп жатабыз”

Алымкулов Карыпбек- Карыпбек мырза, көптөгөн жылдардан бери митинг-пикет өңдүү көрүнүштөр адатка айланды. Алар канчалык көп болгон сайын мамлекетибиз өнүгүүгө эмес, артты карай кетип баратат. Балким, мындай адатыбызды токтотуучу мезгил келип жеткендир?

 – Чындыгында эле 23 жылдан бери жылына майда-чүйдөсү менен кошуп эсептегенде миңдеп саналган митингдер өтүп келет. Башында элдин мүдөөсү үчүн митингдер өтүп келсе, бара-бара саясый күрөштүн жолуна айланды. Митингдер менен иштеп жаткан адамдарды да чүнчүтүп, иштетпей атабыз. Бүгүнкү күндө болуп жаткан митингдерде ар кандай сөздөр сүйлөнүп, ар бир кишинин нервин жеп атат. Айрым мамлекеттик кызматтарда жакшы иштеп жаткан кызматкерлер дагы колун шилтеп, «жакшылап иштеп берейин десе дагы ушундай кылышат» деп кайдыгерликке түртүп жатат. Албетте, бийликти сындап туруш керек. Кемчиликтерин айтыш керек. Бирок, азыркыдай жол менен эмес. Азыр бирөө-жарымы кызматтан түшүп калса деле, акча таратып элди алып чыгып атат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Өз ойлорун, сунушун билдирүүнүн башка дагы жолдор бар. Маселен, гезит, теле-радио аркылуу билдиришсе болот. Такыр болбосо бир жыйындар өтө тургандай залды алышып, ал жерге официалдуу бийликтин өкүлдөрүнөн чакырып, кеңешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болот. Бирок, ошондодагы «Бизайткандайгана болот» деген талапты койбош керек. Эки тараптуу пикир болушу керек. Ачыгын айтканда мен ушундай митингдерден аябай тажадым. Акыркы учурларда митингдерге жашбалдарды, мектеп окучуларын да тарта башташты. Биз мындай аракеттерибиз менен кийинки муунга, өсүп келаткан муунга эмнени үйрөтүп атабыз? Ушундай митингдер менен тарбияланган жаш муун эртең эмне болот? Биз аларга жакшы нерселерди гана үйрөтүшүбүз керек. Туура, азыр деле уурдап аткандар көп. Бирок, биз аны митингдер менен жеңе албайбыз. Шведдер айтмакчы «Көздөн каныгып кетмейинче, айта бериш керек, айта бериш керек».

 - Саясатта бийлик үчүн күрөш болуш керекпи, же мамлекетти өнүктүрүү үчүнбү?

- Абдан тура маселе. Саясаттагы биринчи максат мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталышы керек. Эгемендик алган алгачкы жылдарга салыштырмалуу азыркы тапта өлкөбүз өнүктү. Болгону элибизге да, саясатчыларга да ынтымак керек. Бүгүнкү күндө биз начар жашап жатабыз деп айта албайбыз. Өлкөбүздө азыр 100дөн ашуун элиталык үйлөр курулуп жатат. Эгерде мамлекетибиз өнүкпөй жатса, курулат беле? Кыргызстанда 5 миллион калк болсо, 800 миң автунаа бар экен. Демек, ар бир үйдө жок дегенде бирден автоунаа бар дегенди түшүндүрөт. 5 миллион калкка 7 миллион чөнтөк телефону туура келет экен. Ошондо айрым адамдарда 2ден чөнтөк телефон бар. Бишкек шаарында күнүнө 500 тоннадан ашуун таштанды чыгат экен. Эгерде жашоо начар болсо, таштанды да чыкпайт. Бийлик Кыргызстанда той-аштарга жылына 2 миллиард  доллар акча кетерин расмий билдирди. Курсак ачкаболсо, кантип той-аш өткөрөт элек? Бул акча мамлекетибиздин бюджети менен барабар болуп атат. Союздун маалында 9  ЖОЖдо 43 миң студент билим алышчу. Азыр 152 миң студент билим алат. Анын басымдуу бөлүгү акча төлөп окуйт. Эгер акчасы жок болсо, ошончо студент окуй алат беле? Демек, мамлекетибиз өсүп атат. Болгону шүгүрчүлүк кылып, бузукулук кылбай, ынтымак менен иштеш керек.

 - Мамлекетибизди  өнүктүрүү үчүн иштөөгө саясатчыларыбызга кандай сапаттар жетишпей жатат?

- Биринчиден,  билимдин терең эместиги болууда. Илгери кадр тандоо, өстүрүү бөлөк болчу. Кадрды  40  жашка чейин улам бир кызматка төмөндөн акырындык менен өйдө көтөрчү. Азыр парламенттик система менен заматта эле министр, депутат болуп калууда. Анын натыйжасында деңгээл төмөн болууда. Экинчиден, көпчүлүк кадрлар мамлекеттик кызматты бизнеске айлантып алышты. Бирок, өткөн жылдан бери карай жеп-ичкендерге каршы күрөш башталды. Бул дагы жакшы көрүнүш. Анан эң башкысы жогоруда айтып өткөнүмдөй ынтымак керек. Ынтымак менен мамлекетибиз үчүн, анын өнүгүп-өсүүсү үчүн иштеш керек.

 Бөлүп-жаргысы келген маанайда макала жазгандар келечек муундун алдында жооп берип калуусун унутпасын

Чыңгызхандын  «шакирти» Камчыбек Ташиевге  тиешелүү  басылмалардын  бири  жаңы чыккан санында  «Бишкек менен Ошко кимдер мэр болду? Биринчиси башка өлкөнүн жараны жана коррупционер, экинчиси соттолгон адамбы?» деген темада «мурдунун учунан алысты көрө албаган» макаласын жарыялаптыр.

Макала баштан аяк кыргыз элин экиге бөлүүгө жасалган аракет менен коштолгон. Тактап айтканда түндүк-түштүк маселесин көбүрөөк айтып, түштүктүк туугандарыбыздын жинин атайылап шакардай кайнаткысы келгени көрүнүп турат. Биз адегенде бул макалада негизги басым катары көрсөтүлгөн Ош жана Бишкек шаарларынын жаңы шайланган мэрлери туралуу айткандарына токтололу. Макаланын автору өзү айтмакчы «оозу-мурду кыйшайбастан» эле Бишкек шаарына жаңы гана мэр болуп шайланган Кубанычбек Кулматовду Россиянын жараны деп жазыптыр. Эгерде башка аргасы калбай калып, эптеп эле тийишкиси келген болсо түшүнөбүз. Ал эми Кулматовдун кайсы мамлекеттин жараны экендигин чындап эле билбесе, анда маалымат катары айтып койгубуз келет. Кулматов тууралуу мына ушундай маалымат пайда болгондо Россиянын тийиштүү органдары анын Россиянын жараны эместигин ырастаган. Ушундай эле ырастоону Кыргызстандын да тийиштүү органдары билдирген. Муну бир деп туруңуз.

Экинчиден, Кулматовду коррупционер деп атаганына жараша конкреттүү факт айта алган эмес. Ал эми анын мыкты менеджер, мыкты жетекчи экендигин Бажытармагында жетекчи болуп турганда көрсөткөндүгүн жакшы билебиз. Аталган тармакта коррупциялык элементтер дээрлик жок болгон. Буга мурунку убактарга салыштырмалуу Бажыдан бюджетибизге келип түшкөн акча каражаттарынын көлөмү 12 млрд. сомдон 37 млрд. сомго чейин өскөнү далилдейт. Эгерде Бажы тармагында иштегендей иштей турган болсо, Кулматов борбор шаарыбызды бат эле оңдоп коеруна ишенсек болот.

Эми Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаевди мурда соттолгон дегенине токтололу. Бул жерде деле макаланын автору билсе да билмексенге салып, Кадырбаевди коомчулукка жаман көрсөтүү аракетин жасап атканы көрүнүп турат. Болбосо, 2010-жылдагы Ош облустук администрациянын имаратын басып алууда Айтмамат Кадырбаевдин эчкандай тиешеси болбогондугу далилденип, акталып чыккандыгы белгилүү. Муну бардык эле массалык маалымат каражаттары жазып чыккан, укук коргоо органдары да ырастаган. Андыктан бул өңүттү макаланын автору көлөм үчүн, же башка ыңгайлуу маалыматы жок болгондугунан улам кошуп койсокерек. Же таптакыр эле маалыматтардан кабары жок болушу мүмкүн.

Анан дагы Оштун жаңы шайланган мэринин «Мырзакматов баштаган асма көпүрөнү курууну улантабыз» деп айтканын «өзүнүн программасы  болбосо, ушинтип айтат  да» деп сынга алат. Анан эмне Мырзакматов бир тыйын акчасы жок эле, элге көрүнгүсү келип «Борбор Азияда жок асма көпүрө курам» деп борбордук көчөлөрдүн бирин бузуп, шаардыктарды авто тыгынга учуратып койгонун ошол бойдон калтырышы керек беле? Жакшынакай турган жолду бузуп коюп, же асма көпүрөдөн жок, же жүрүп жаткан иштен жок турган ал жерди кыязы макаланын автору көрбөсө керек.

Ал эми Тажикстандын чек арачылары  Баткенде кол салып жатса, бул жакта Мырзакматовду каралоо болуп жатат дегени өтө таң калычтуу. Анын айтымында бийлик таптакыр Баткен жактагы окуяга көңүл бурбай жатыптыр. Ушунчалык да бет тырмоочулук болобу? Же бул авторго бир аз жетишпейби? Ошол окуя болгондон бери вице-премьер-министр Токон Мамытов тажик тарап менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, Жогорку Кеңеште да жабык эшик артында талкууланганын, президент да бул маселеге катуу киришип жатканын билбейби? Эгер билбесе, анда маалыматтан таптакыр эле алыс адам экендигин көрсөтөт. Гезит бетин барактабайт, телевизордон жаңылык көрбөйт, укпайт.

Андан ары макаласынын төркүнүн уласак, «Бишкектиктердин Оштун түйшүгү менен кандай чатагы бар эле?», «Түштүктүн жигиттери» деген өңдүү сөздөрү менен элди экиге бөлүүгө ачык эле аракет кылганы көрүнүп турат. Ош окуясында булл макаланын авторунун ою боюнча жалаң түштүктөн чыккан саясатчылар баатыр болуп, токтотуп калган экен. Анан ошол окуядан кийин 3 жылдын ичинде республикалык бюджеттен бир тыйын албай туруп, Мырзакматов Ошту  укмуштуудай өзгөртүп жибериптир. «Көзү бар адам Оштун кандай өзгөргөнүн көрөт» дейт анда. Ырас, көзү бар адам көрөт. Бирок, көөдөнү сокур адам бардык ийгиликти өзүнө гана ыйгара берет. Ош шаарынын акыркы үч жылда өзгөрүшүнө Мырзакматовдун гана эмес, Ош жанаЖалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын да чоң эмгеги бар.

Кабат-кабат үйлөр, жаңы салынган жолдор ушул дирекция аркылуу жасалган. Анан дагы Мырзакматов  курган төрт эстелик республикалык бюджеттен барган акчага курулган. Эгерде мына ушул маалыматтардан такыр эле алыс болгон болсо, анда эми билип алар деген ойдобуз.

Кандай болгон күндө да Кыргызстан деген мамлекетибиз бирөө гана. Аны экиге бөлүп-жаргысы келген маанайда макала жазгандар да келечек муундун, урпактардын алдын да жооп берип кала тургандыгын билишсе дейт элек.

Айбат гезити №62



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru