Айбат » Асылбек Токтогулов, КР профсоюздар федерациясынын төрагасы: “Депутатбы же жөнөкөй жаранбы жолдомо алганга акысы бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Асылбек Токтогулов, КР профсоюздар федерациясынын төрагасы: “Депутатбы же жөнөкөй жаранбы жолдомо алганга акысы бар”

Токтогулов Асылбек21-январда Эркин профсоюздар конфедерациясынын өкүлдөрү Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Асылбек Токтогуловдун кызматтык абалынан пайдаланып жер сатып жана мыйзамсыз түрдө аткаминерлерге эс алууга жолдомолорду берди деп айыптап чыгышты. Мына ушул маалыматтардын чын-бышыгын билүү үчүн КР профсоюздар федерациясынын төрагасынан Асылбек Токтогуловдон сурадык.

 -Бизди каралап жаткандардын алгачкы каралоосу  эмес  экинчи жолкусу. Булар профсоюз уюмунун мүчөлөрү эмес экен. Конфедерация уюмдун мүчөлөрү экендиги ачыкталды. Алар өздөрүнүн ички иштери боюнча алек болсо болмок.  Кайсы жакта профсоюздук уюм жок болсо атайын профсоюздук уюм түзөбүз десе, биз аларга каршы болмок эмеспиз. Жеке менин деги эле ушул профсоюздардын Кыргызстандагы эң чоң бирикмесинин дарегине паракорчулук жана алдамчылык жөнүндө далилсиз айыптарды шыбоого жабыштурууга аракеттеништи. Мындай олутуу күнөөлөр так далилдер, фактыларга таянып коюлуусу керек эмеспи. Албетте, каалагандай кайрылуу жасоого Н. Асанов менен Н. Дүйшөнбековдун конституциялык укугу бар,  бирок мындай кадамды алар «атың чыкпаса жер өрттө» деген макал менен шыктанып алып жасагандай көрүнөт. Анткени алардын Конфедерациясынын атын, же ишмердигин калктын кайсыл бөлүгү билери деле белгисиз экени шексиз?

-Мамлекеттик аткаминерлерге да жолдомо берген деген кинелерди коюп жатышат. Эмне себептен мындай кадамдарга жол берип жатасыңар?

-Жолдомо маселеси эмгекчилердин укугун коргой турган маселе. Өткөн 2013-жылы эмгекчилдердин жана алардын үй-бүлөсүнүн ден соолугун чындоого 181 млн. 830 миң сом бөлүнгөн. Бул каражаттар төмөнкүдөй бөлүнүп берилди: санатордук-курорттук дарыланууга жана эс алууга 5 620 жолдомо 9 755 адам ден-соолугун чындашты; санаторий-профилакторийлерде  1 466 адам; балдар эс алуучу борборлордо 12 764 бөбөктөр эс алып дарыланышты.

Мыйзамдар боюнча профсоюздар мамлекеттик органдар, ишкерлер, саясий партиялар  жана башка коомдук уюмдар алдында отчет берүүгө милдеттүү эмес. Ошондой болсо да, тийиштүү кайрылууларга зарыл болгон далилдик документтерди көрсөтүүгө даярбыз. Ал эми бюджеттик чөйрөөдө эмгектенген адамдардын ден – соолугун чындоого акчаны Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонду тарабынан бөлүнгөндүктөн анын кандай колдонуусу тууралуу отчетту биз жыл сайын маалымдап турабыз. Эгерде  Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жалпы ишмердиги жөнүндө кыскача баяндасак – азыркы кездерде профсоюздарда модернизация процесстери жүрүп жатканын белгилеп кеткенибиз зарыл. Анын иш-чаралары акыркы өткөн сьезде, делегаттардын чечими менен бекитилген.  Эл аралык уюмдарынын, бей өкмөт уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Республикалык жана  эл аралык деңгеээде «төгөрөк столдор», семинарлар өткөрүлдү, Генералдык макулдашууга кол коюлду, КМШ өлкөлөрүнүн  улуттук профсоюздук борборлору жана алыскы өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүз менен эл аралык келишимдер, макулдашууларга түзүлдү, 2012 жылы Кыргызстан профсоюздар Федерациясы дүйнөдөгү олуттуу жана барктуу Профсоюздардын Эл аралык Конфедерациясына ассоциаялган (кошулган) мүчөсү болуп кайрадан кабыл алынды.

Бул жерде көпчүлүк түшүнбөй жаткан маселе, атайын эс алуу жолдомолорун жеткирүү иштерин алып бара турган атайын жер-жерлерде кызматкерлер, бөлүмдөр иш алып барышы керек болмок. Мына ошол ишти жөнгө салуу үчүн андай иштерди профсоюз уюмуна жүктөгөн. Бул ишти Социалдык өнүктүрүү министрлигине бул ишти бергенде, алар кабыл албай койгон. Себеби, атайын жер-жерлерде, айыл өкмөттөргө чейин атайын кызматкерлер, бөлүмдөр иш алып барышы керек болмок, отчет бергенге жана жолдомону таратууга.  Эмгекчилерибиздин ден-соолугун чыңдашыбыз керек. Биздин уюмдун атайын эс ала турган жайлары бар. Баасы рыноктук баа болгону менен жеке менчик пансионаттарга салыштырып караганда 3-4 эсе арзан. Мисалы, “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында бир күнгө 950 сом болсо, калган жактарда 100 доллардан болуп атат. Ага ким бармак эле. Биз мына ушундай шарттар менен жолдомолорду берип атабыз. Бирок, мен айтып коёюн депутатпы, министрби, акимби же жөнөкөй жаранбы жолдомо алганга акысы бар. Андыктан аткаминерлер гана жолдомо алат деген туура эмес пикир. Ар бир Кыргызстандын жараны жолдомо алып, фонддун эсебинен эс алып келүүгө укутуу. Мисалы, 2013-жылы 13 миңден ашуун киши эс алып  келди.

-«Көгүлтүр Ыссык-Көл» санаторий менен «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн аймагындагы айрым жер бөлүктөрдүн мыйзамсыз  сатып жатышат деп дагы айтып чыгышты. Бул боюнча эмне дейт элеңиз?

-Алар айтып жаткан жерлер бизге тиешелүү жер. Аны биз жыргаганыбыздан саткан жерибиз жок. Эс алуучулардын эс алуу жайларынын шарттарын жакшыртуу үчүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө сатканбыз. Азыркы учурдун талабына ылайык шарттарды түзүүдө кошумча каражаттар талап кылынат экен. Мисалы, учурда «Ала-Тоо» эс алуучу үйүндө кошумча эс алуу жайы курулууда капиталдык ремонттоо, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийнде  жылытуу ысык жана муздак сууну үзгүлтүксүз камсыздоо системасы ремонтоо менен тазалык боюнча курулуштарын, имараттардын чатырын алмаштыруу жана бөлмөлөрдүн  эл аралык стандарттарга топ келтирүү боюнча иштерди жасап жатабыз.

-Өздөрүнөн түшкөн каражат менен оңдоп-түзөөгө болбойт беле?

-Ага каражат жетишпей жатат. Бул жер атайын аукционго коюлуп, атайын комиссиянын негизинде сатылды. Жеке эле бир киши барып сатып жиберген жок. Бүт бардыгы мыйзамдын чегинде болгон.

-Профсоюздар уюмун канткенде күчтөнтсө болот?

- Учурда модернизациянын маанилү багыттарынын бири болуп тармактык профсоюздарды ирилештрип, чакандарын ирилерге  бириктирип, алардын кубаттуулугун күчөтүү иштери болуп эсептелүүдө. Өнүккөн кайсыл өлкөнү алып көрсөк, мисалы АКШ, Европа өлкөлөрүндө көптөгөн тармактык профсоюздары болгону менен  жете берсе 10чактуу негизги профсоюздар белгилүү. Азыр бизде алардын саны 20. Ал эми бул санды кыскартуу – аларды жоюу деген мааниде жүрбөйт. Ушул багытта профсоюздар биригишсе күчтүү борбор түзүлүп, алардын үнү да, таасири да күчөп, кайсыл кызматкер болбосун алардын укуктарын натыйжалуу коргоо камсыз болоору шексиз эмеспи.

Профсоюздардын эң башкы милдети – социалдык-экономикалык, эмгектик мамилелерде, укуктарды коргоодо, жумуштун графигин белгилөө,  эмгек шарттарын зыяндуулугун аныктоо, ашыкча жумуш убактысын чектөө маселелери боюнча иш берүүчүлөр менен натыйжалуу  сүйлөшүүлөргө жетишүүдө турат. Кыргызстан профсоюздар Федерациясы акыркы эле жылдарда эмгекчилдердин укугун бузгандык боюнча 133 ишти соттун кароосуна өткөрүп, 60 талаштын натыйжасы  утуш менен аяктады, 340 адам мыйзамсыз  жумушунан кетирилген болсо, алар биздин жардамыбыз менен кайра иш ордуна коюлду. Ошону менен катар биз укук бузган, таза эмес иш берүүчүлөрдү 63 млн. сомдук материалдык жоопкерчиликке тартып, анын 80% жумушчу – кызматкерлерге төлөтүп бергенге жетиштик. Ушуну менен катар өндүрүштө кетирилген 174 кырсыкты, анын ичинде  өлүм менен коштолгон фактыларды биз изилдөөгө алдык. Өткөн эле жылда миңден ашык арыз жана каттарды алдык. Көптөгөн мыйзам бузууларга жол берген миңден ашуун ишканаларды текшердик.  Алардан сырткары, биз минималдык айлык акынын өлчөмүн көбөйтүү үчүн күрөштү улантуудабыз.  Бүгүнкү күндө ал 900 сомду түзөт. Аны жашоонун минималдык деңгээлинде турган 5 030 сомго чейин көтөрүү зарыл.

-Жаштар трансулуттук компанияларда профсоюздук уюмдардын жоктугунан мыйзамсыз иштердин орун алып жатканын коңгуроо кылышууда. Бул маселеге кандай карайсыз?

-Бул абдан туура жана бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси. Биз ошол трансулуттук компанияларга барып профсоюздук уюм түзгүлө  деп жатабыз. Бирок, алар каршы болушууда. Себеби, профсоюздук уюм түзүлгөн жерде адамдын укугу тепселенбейт да. Учурда ушул сыяктуу компанияларга уюм түзуп эмгекчилердин укугун коргоого аракеттери көрүп жатабыз. Мисалы, Кыргыз Түрк Манас университетинде, Ата-Түрк  Ала-Тоо университетинде, Себат уюмдарында, Кумтөр компаниясында профсоюздук уюмдар түзүлгөн. Ошол себептен бардык компанияларда түзүлүш керек. Азыр кыйынчылык менен түзүлүп жатат, бирок, аягына чейин чыгабыз.  Айрым жердерде бизге кайрылышканда бизде тиешелүү адистерибиз бар, аларга колдон келген жардамдарыбызды берип турабыз. Негизинен бул маселени Жеңиш Молдокматов көтөрүп чыкты, элдин таламын талашкан азамат экен.

 Улукбек КУТМАНБАЕВ

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru