Айбат » Абылмажин Акмашаев: “Кыргызстандын кайсы гана бурчунан болбо, Бишкектен паспорт алууга болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Абылмажин Акмашаев: “Кыргызстандын кайсы гана бурчунан болбо, Бишкектен паспорт алууга болот”

Акмашаев Абылмажан-Абылмажин мырза  аймактар аралык бөлүм ачылды. Тагыраагы, паспорт алуу үчүн Бишкекте жашаган тургундар өзү жашаган жерге барып, убара болбостон ушул бөлүмдөн эле алууга шарттар түзүлүптүр. Бул ишти эл кандай кабыл алууда?

-Бул паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмү 2013-жылдын 11-июлунда ачылды.  Биринчиден,  буга элдин суранычы, суроо-талабы, Калкты жана жарандык актыларды каттоо  департаментинин демилгеси түрткү болду.   Биздин өлкөдө ички миграция өтө күчтүү. Ошондуктан  каттоосу башка аймакта, өзү көп жылдан бери Чүй боорун жана Бишкек шаарын байырлап,  ушул жакта жашап-иштеп калган жарандарыбызга   паспорт алуу жолун, эч кандай райондорго жибербестен  эле бүтүрүп берүү. Чындыгында бул ишти эл жакшы маанай менен кабыл алууда.

-Бул бөлүмдөн паспорт алуу үчүн алгач кайсы документтерди тапшырышы керек?   

-Алгач,  паспорт алуучу жаран биздин бөлүмгө кайрылат. Аны биз  жашаган жеринен тастыктама алып келүүнү талап кылбайбыз жана убара тарттырбайбыз. Болгону бизге жазган арыздын негизинде электрондук системалаштырылган өз дарек бөлүмүбүз аркылуу,  ал адам кайсы жерде каттоодо тургандыгын жана кайсыл жерден паспорт алгандыгын аныктайбыз. Жогоруда такталган маалыматтардын негизинде жарандар бизге төмөндө көрсөтүлгөн негиздерде паспортторду алууга арызын тапшырашат.

– паспортун жоготкондугуна байланыштуу паспортун алмаштырып жаткан жарандар үчүн;

– 16 жашка чыккан жарандар үчүн;

– колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 1994-ж. үлгү жана 1974-ж.СССР  үлгүсүндөгү паспортун алмаштырып жаткан жарандар үчүн;

– колдонууга жараксыз болуп калгандыгына (химиялык, механикалык бузуулар) жана аны калыбына келтирүүгө байланыштуу паспорт алып жаткан жарандар үчүн;

– үй-бүлөлүк абалынын, жашаган жеринин өзгөргөндүгүнө же паспорттогу так эмес жазууларды белгилөөгө байланыштуу паспортун алмаштырып жаткан жарандар үчүн;

– өз убагында паспорт менен камсыз болбогон жарандар үчүн;

– 16 жашка чыккан өспүрүмдөр ушул жылдын 31-декабрына чейин  гана кабыл алынган долбоордун негизинде бекер паспорт ала алышат.

Андан соң биздин мекемеден 15-17 күндө айди кард, 25-27 күндө жалпы жарандык паспортту даярдап беребиз.

Айди кард паспортунун  баасы биринчи алып жаткандар үчүн 250 сомдун жана жалпы жарандык паспорттун баасы 550-600 сомдун тегерегинде төлөнөт. Ал эми паспортун жоготкон жарандар  250 сомдун тегерегинде төлөшөт  жана административдик айып 100-200 сомду түзөт.

Паспорт алуу үчүн жарандар Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2-а дареги боюнча кайрылышса болот.

- Кичи мекенинде катталып, өзү туруктуу Бишкекте жашап, иштесе-бул мыйзамсыз эмеспи, сөзсүз түрдө Бишкекке катталуу кажетпи?  

– Каттоосу айылында болуп, шаарда туруктуу жашап, убактылуу катталбаса бул мыйзамдуу көрүнүш. Себеби ар кандай социалдык маселелерди чечүүдө же болбосо жумушка кирүүдө шаардык каттоо керек болуп, ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Ошондуктан убактылуу каттоого туруп коюулары зарыл. Андан сырткары айылдан шаарга туруктуу жашайм, иштейм деп келген жарандын шаарда каттоого тура турган жайы болсо, эч кандай убара тартпастан эле жашаган аймактагы райондук паспорт бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылып, туруктуу жашаган жеринен каттоодон чыгып, каалаган жерине каттоого турса болот.

- Жаңы эрежелерге ылайык жарандардын башка фото салондордон түшкөн сүрөттөрү жарабай, аларды паспорт бөлүмүнүн фото салону  гана тейлөөгө тийишпи?  Бул жарандардын укуктарын бузууга кирбейби?

– Паспорт үчүн сүрөттүн өзгөчө талаптары бар. Сапаты туура келбесе паспорт даярдоочу мекеме кабыл албай кайра бизге жөнөтөт. Ошондуктан биздин ар бир бөлүмүбүздө талаптарды туура аткарган сүрөтчүлөр бар. Булар жеке мекемелер болгондуктан бизге тиешеси жок. Бул жерде туура түшүнүш керек, айрымдар келип, ушундай ыкма менен акча жасап жатасыңар деп нааразы болуп кетишет. Анткени, бардык эле жерде атайын талаптарга жооп берген сүрөттөрдү  тарта алышпаары белгилүү эмеспи…

- Чет элдик паспорт каралганы менен жакынкы Казакстан, Россияга жарандар айди карт үлгүсүндөгү паспорт  менен чыгып жүрүшөт. Бул узак мөөнөттүк келишимби?

– Ооба, бүгүнкү күндө Россия, Казакстан менен болгон келишимдердин негизинде жарандарыбыз бул өлкөлөргө   айди кард үлгүсүндөгү паспорт  менен эле чыгып жүрүшөт. Бирок, кайсыл өлкөгө чыкпасын ушул жылдан баштап жалпы жарандык паспорт талап кылынат.

Атайын бөлүмдүн дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2а, телефондор: 63-33-83,  63-37-01

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru