Айбат » Бөлүп-жаргысы келгендер келечек муундун алдында жооп беришин унутпасын

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бөлүп-жаргысы келгендер келечек муундун алдында жооп беришин унутпасын

камчыбек ташиевЧыңгызхандын «шакирти» Камчыбек Ташиевге тиешелүү басылмалардын бири жаңы чыккан санында «Бишкек менен Ошко кимдер мэр болду? Биринчиси башка өлкөнүн жараны жана коррупционер, экинчиси соттолгон адамбы?» деген темада «мурдунун учунан алысты көрө албаган» макаласын жарыялаптыр.

Макала баштан аяк кыргыз элин экиге бөлүүгө жасалган аракет менен коштолгон. Тактап айтканда түндүк-түштүк маселесин көбүрөөк айтып, түштүктүк туугандарыбыздын жинин атайылап шакардай кайнаткысы келгени көрүнүп турат. Биз адегенде бул макалада негизги басым катары көрсөтүлгөн Ош жана Бишкек шаарларынын жаңы шайланган мэрлери туралуу айткандарына токтололу. Макаланын автору өзү айтмакчы «оозу-мурду кыйшайбастан» эле Бишкек шаарына жаңы гана мэр болуп шайланган Кубанычбек Кулматовду Россиянын жараны деп жазыптыр. Эгерде башка аргасы калбай калып, эптеп эле тийишкиси келген болсо түшүнөбүз. Ал эми Кулматовдун кайсы мамлекеттин жараны экендигин чындап эле билбесе, анда маалымат катары айтып койгубуз келет. Кулматов тууралуу мына ушундай маалымат пайда болгондо Россиянын тийиштүү органдары анын Россиянын жараны эместигин ырастаган. Ушундай эле ырастоону Кыргызстандын да тийиштүү органдары билдирген. Муну бир деп туруңуз.

Экинчиден, Кулматовду коррупционер деп атаганына жараша конкреттүү факт айта алган эмес. Ал эми анын мыкты менеджер, мыкты жетекчи экендигин Бажы тармагында жетекчи болуп турганда көрсөткөндүгүн жакшы билебиз. Аталган тармакта коррупциялык элементтер дээрлик жок болгон. Буга мурунку убактарга салыштырмалуу Бажыдан бюджетибизге келип түшкөн акча каражаттарынын көлөмү 12 млрд. сомдон 37 млрд. сомго чейин өскөнү далилдейт. Эгерде Бажы тармагында иштегендей иштей турган болсо, Кулматов борбор шаарыбызды бат эле оңдоп коеруна ишенсек болот.

Эми Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаевди мурда соттолгон дегенине токтололу. Бул жерде деле макаланын автору билсе да билмексенге салып, Кадырбаевди коомчулукка жаман көрсөтүү аракетин жасап атканы көрүнүп турат. Болбосо, 2010-жылдагы Ош облустук администрациянын имаратын басып алууда Айтмамат Кадырбаевдин эч кандай тиешеси болбогондугу далилденип, акталып чыккандыгы белгилүү. Муну бардык эле массалык маалымат каражаттары жазып чыккан, укук коргоо органдары да ырастаган. Андыктан бул өңүттү макаланын автору көлөм үчүн, же башка ыңгайлуу маалыматы жок болгондугунан улам кошуп койсо керек. Же таптакыр эле маалыматтардан кабары жок болушу мүмкүн.

Анан дагы Оштун жаңы шайланган мэринин «Мырзакматов баштаган асма көпүрөнү курууну улантабыз» деп айтканын «өзүнүн программасы болбосо, ушинтип айтат да» деп сынга алат. Анан эмне Мырзакматов бир тыйын акчасы жок эле, элге көрүнгүсү келип «Борбор Азияда жок асма көпүрө курам» деп борбордук көчөлөрдүн бирин бузуп, шаардыктарды автотыгынга учуратып койгонун ошол бойдон калтырышы керек беле? Жакшынакай турган жолду бузуп коюп, же асма көпүрөдөн жок, же жүрүп жаткан иштен жок турган ал жерди кыязы макаланын автору көрбөсө керек.

Ал эми Тажикстандын чек арачылары Баткенде кол салып жатса, бул жакта Мырзакматовду каралоо болуп жатат дегени өтө таң калычтуу. Анын айтымында бийлик таптакыр Баткен жактагы окуяга көңүл бурбай жатыптыр. Ушунчалык да бет тырмоочулук болобу? Же бул авторго бир аз жетишпейби? Ошол окуя болгондон бери вице-премьер-министр Токон Мамытов тажик тарап менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, Жогорку Кеңеште да жабык эшик артында талкууланганын, президент да бул маселеге катуу киришип жатканын билбейби? Эгер билбесе, анда маалыматтан таптакыр эле алыс адам экендигин көрсөтөт. Гезит бетин барактабайт, телевизордон жаңылык көрбөйт, укпайт.

Андан ары макаласынын төркүнүн уласак, «Бишкектиктердин Оштун түйшүгү менен кандай чатагы бар эле?», «Түштүктүн жигиттери» деген өңдүү сөздөрү менен элди экиге бөлүүгө ачык эле аракет кылганы көрүнүп турат. Ош окуясында бул макаланын авторунун ою боюнча жалаң түштүктөн чыккан саясатчылар баатыр болуп, токтотуп калган экен. Анан ошол окуядан кийин 3 жылдын ичинде республикалык бюджеттен бир тыйын албай туруп, Мырзакматов Ошту укмуштуудай өзгөртүп жибериптир. «Көзү бар адам Оштун кандай өзгөргөнүн көрөт» дейт анда. Ырас, көзү бар адам көрөт. Бирок, көөдөнү сокур адам бардык ийгиликти өзүнө гана ыйгара берет. Ош шаарынын акыркы үч жылда өзгөрүшүнө Мырзакматовдун гана эмес, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын да чоң эмгеги бар.

Кабат-кабат үйлөр, жаңы салынган жолдор ушул дирекция аркылуу жасалган. Анан дагы Мырзакматов курган төрт эстелик республикалык бюджеттен барган акчага курулган. Эгерде мына ушул маалыматтардан такыр эле алыс болгон болсо, анда эми билип алар деген ойдобуз.

Кандай болгон күндө да Кыргызстан деген мамлекетибиз бирөө гана. Аны экиге бөлүп-жаргысы келген маанайда макала жазгандар да келечек муундун, урпактардын алдында жооп берип кала тургандыгын билишсе дейт элек.

Айбат гезити №62



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru