Айбат » Оппозициянын издегени катачылык. Бирок, бийлик ага жол берген жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозициянын издегени катачылык. Бирок, бийлик ага жол берген жок

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВБийлик жана оппозиция. Өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгонубуздан бери саясатта мына ушундай эки жаат пайда болуп, тирешүү менен келатат. Тирешүүлөр митинг, пикет, ачкачылык жарыялоо, жол тосмой өңдүү көрүнүштөр менен коштолуусу да адатка айланып, акыркы учурларда катардагы жарандарыбыздын көңүлүнө көк таштай тийип бүттү. Кыязы, саясый күрөштүн митинг, пикет жолу менен өнүгүшүнө чекит коюлчу кез келди окшойт. Буга өткөн жылда айрым оппозициячылдардын «беш миң адам, 10 миң адам топтоп митинг кылам» деп айтып, натыйжада 100дөн 500гө чейин гана санаалаштарын чыгара алышканы ачык мисал. Бул биринчиден, элдин ар кандай ызы-чуулардан чарчаганын түшүндүрсө, экинчиден бүгүнкү күндүн оппозициясы эптеп эле бийликке жетүүнү көздөп жатышкандарынан улам элдин ишенимине ээ боло албай жаткандары болууда. үчүнчүдөн, бийлик оппозициячылдардын тилегине каршы катачылыктарды аз кетирүүдө. Маселен, Акаев жана Бакиевдердин доорунда коомчулуктун кыжырын кайната турган көрүнүштөр толтура жасалчу. Акаев да, Бакиев да биринчи кезекте үй-бүлөлүк башкарууну укмуштай өнүктүрүшкөн. Өзгөчө Бакиев мындай башкаруунун классикалык үлгүсүн көрсөттү окшойт. Аны менен эле токтоп калбастан, бизнесмендердин гүлдөп турган бизнестерин рейдерлик жол менен тартып алуу, сөз эркиндигин чектөө, саясый куугунтуктоолорду жасоо, электр энергиясынын баасын эки эсеге жогорулатуу өңдүү жана башка толтура катачылыктарды кетирген. Жадакалса уюлдук байланыштарга да 60 тыйындык кошумча төлөм салып элдин кыжырын кайнаткан. Бакиев бийлигинин мындай катачылыктары ошол учурдагы оппозициянын саясый күрөшү үчүн жакшы негиз болуп берген. Ал эми бүгүнкү күндө оппозиция канчалык аңдыбасын бийлик, тактап айтканда президент олуттуу катачылыктарды кетире элек. Андыктан оппозициянын курулай гана дооматтары элди анчейин ишендире албай келет. Бул өлкөбүздөгү саясый кырдаалдын бир өңүтү. Экинчи жагынан алдыда парламенттик шайлоо жакындап келатат. Андыктан бул дагы бийлик дегенде ак эткенден так эткен саясатчылардын күтүп жүргөн күнү болуп эсептелет. Азыркы тапта парламентте отурган беш партия дагы кийинки шайлоодо канчалык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигинин эсеп-чотун ала башташты. Ачыгын айтканда 2010-жылдагы шайлоодо алдыда келгендердин көпчүлүгү бүгүнкү күндө өздөрүнүн электоратын жоготуп койду. Буга ал партиялардагы депутаттардын жосунсуз жоруктары (тосмодон секирүү өңдүү), бири-бири менен ынтымагынын жоктугу, ичтеринен ыдырашы себеп. Андыктан өздөрүнүн партиясынын кадыр-баркына анчалык ишене албагандар эми кийинки шайлоодо кайсы партия менен бирге болуу туура болорун анализдеп турушат. Ал эми президенттик шайлоого дагы төрт жылга чукул убакыт бар. Бирок, бүгүнкү күндө коррупциялык калбырлары билинип, жазага кириптер болорун жакшы түшүнүп тургандар, парламентти да, президентти да мөөнөттөрүнөн мурда кетирүү талаптарын коюп жатышкандары белгилүү. Бирок жогоруда айтып өткөндөй президент оппозициячылдардын тилегине каршы катачылыктарды аз жасоодо. Тактап айтканда олуттуу ката жок. Мындай пикирлерин дасыккан саясат таануучулар да белгилеп келишет. Маселен, саясый серепчи Валентин Богатырев «Оппозиционерлердин тилегине каршы президент Алмазбек Атамбаев  катачылыктарды аз кетирүүдө. Андыктан аны олуттуу нерселер менен айыптай алышпайт. Атамбаевди болгону сырткы саясат планында Россиядан көз каранды болуунун өсүп жатканы менен айыптоого болот. Буга мисал катары Бажы союзуна кирүү аракети, транзиттик борбордун ишинин токтотулушу жана «Кыргызгаздын» сатылышы. Бул кырдаал оппозиция үчүн өтө аз мүмкүнчүлүк берет. Анткени оппозиция Россиянын векторуна каршы эң акыркы мүнөттөрдө гана барышы мүмкүн. Маселен, бүгүн-эртең аны коррупция боюнча камай турган болгондо» деп билдирет. Ошондой эле бийликтен олуттуу ката таба албагандар аргасыздан башкы саясый курал катары «Кумтөр» маселесин көтөрүшөөрүн да Богатырев билдирген.  Ырасында бул маселеге бүгүнкү бийликтин эч кандай күнөөсү жок экендигин билебиз. Анткени Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдердин бардыгы алгачкы эки президенттин доорунда түзүлгөн. Баарынан кызыгы мына ушул коррупциялашкан келишимдерге катыштыгы бар мурдагы чиновниктердин да бүгүн ««Кумтөр» элдики болушу керек», ««Кумтөрдү» улутташтырабыз, келишимди денонсациялайбыз» деп кыйкырып жаткандары болууда. Өз колдору менен чалган боткого, бүгүнкү бийликти күнөөлөп жатышкандардын да ким экендигин элибиз жакшы түшүнүп тургандыктан, оппозиция бул маселе менен да максаттарына жетиши кыйын. Балким Саруу айылынын элинин башын айлантып, Бишкекке чейин алып келишсе дагы, эң башкы «ийгиликтери» – өкмөттү кетирүүгө чамалары жетиши мүмкүн. Бирок, өкмөттү кайра-кайра алмаштыра бергенден деле пайда жок экендигин түшүнүп турабыз. Андыктан өкмөттү кетирүү деле оппозициянын башкы максаты эмес. Демек, бүгүнкү күндө чоң саясый толкундоолорго эч кандай себеп жок. Андыктан эскиден калган адат боюнча митингдерге карапайым элди сүйрөй берген менен пайда жок. Андан көрө оппозициячылдар дагы мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошууну максат кылышса, анда тынчтык жолунда конкреттүү, олуттуу  сунуштарын бийликке жолдоп, Жогорку Кеңешке сунуштап турушса болот.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №62



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru