Айбат » Окумуштуулар чылымдын дагы бир топ зыяндарын таап чыгыштыү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Окумуштуулар чылымдын дагы бир топ зыяндарын таап чыгыштыү

1Америкалык дарыгерлер тамеки тартканда пайда болуучу оорулардын тизмесин дагы узартты. Алар азиздик, экинчи типтеги кант диабети, жоон ичеги менен боордун рагы жана эркектердин жыныстык жактан алсыздыгы деп айтышты. АКШнын санитардык дарыгери Борис Лушняк азыркы чыккан чылымдар өпкөнүн рагы жана бир нече ооруларына эле эмес, эми жаңыларынын жаралышына себепкер болорун жар салды. Жогоруда саналган илдеттерден сырткары тынымсыз чылым тиштеп жүргөндөр кургак учукка, муун ооруларына, иммундус системанын жабырланышына кабылышы мүмкүн. Ал эми пассивдүү чылымчыларда инсульт болуп калуу кооптуулугу бардыгын маалымдашты. “2014-жылы чылым тартуудан жабыркаган жарым миллионго жакын адам көз жумат. Күн сайын 3200 адам өзүнүн алгачкы чылымын чегет. Эгерде абал ушундай тейде жүрүп отурса, 5,6 миллионго чукул балдар жана өспүрүмдөр эрезеге жеткенде көз жумат”,- деп айтты АКШнын санитардык дарыгери. Болжол менен бүгүн АКШнын жашоочуларынын 18%ы чылым чегет. 1964-жылы, б.а. тамеки тарткандар арасында биринчи изилдөө жүргүзгөндө көрсөткүч 42% болгон деп билдирди Интерфакс.

Айбат гезити №62



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru