Айбат » Сириядагы согуштун чыгымы 22 миллиард доллар болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Сириядагы согуштун чыгымы 22 миллиард доллар болду

Сирия

Сирия өкмөтү согуштун айынан болгон экономикалык чыгымды 22 миллиард доллар деп көрсөтүштү. Бул туралуу мамлекеттик “Аль-Ватан” гезити жазып чыкты. Өкмөттүн вице-премьери Омар Галаванджи согуштун чыгымын 3250 миллиард сирия фунту ( болжолдуу 21,6 миллиард доллар) болоорун билдирген. Атка минээр бул чыгым күндөн күнгө өсүп бараткандыгын айткан. Дагы мурун 2012 –жылы бул чыгым болжолу менен 14 миллиард доллар болгон.Сириянын экономикасы орду -түбү менен талкаланган. Кээ бир аймактар жарым жартылай талкаланса кээ бир имараттар толугу менен кулаган. Эң көп зыян чеккен Алеппо шаары аталууда. Ал бир кезде өлкөнүн өндүрүштүк шаары болгон. Азыр ал жерде атышудан талкаланган иматарттар гана калган. Эки жылга аяк басып бараткан ички тирешүүдөн 130 миңге жакын киши өлүп миллиондогон адамдар качып жүрүшөт.

Айбат гезити №62




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru