Айбат » Бейөкмөт уюмдар кыргызстандын бейпилдигин бузууга багытталганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бейөкмөт уюмдар кыргызстандын бейпилдигин бузууга багытталганбы?

1Акыркы учурларда өлкөбүздө бейөкмөт уюмдардын саны өтө арбып кетти. Кудум жаандан кийинки козу карындай жайнайт. Алардын кийлигишпеген маселеси жок. Кайсы жерде талаш-тартыш маселе болуп калса, ошол жерден бейөкмөтчүлөрдү көрүүгө болот. Анан ар качандан бир качан Американын жашоо стилин үлгү катары көрсөтүүгө далалат жасап келишет. Кыргыз бийлиги Россия менен кандайдыр бир жакын алака түзүп калса эле, мындай бейөкмөтчүлөр сынга алып чыгышат. Ал эми Кыргызстандын ички иштерине Америка кийлигишип атат деген кепти айткандарды баса калганга да даяр турушкансыйт. Аныктап айтканда биздин өлкөдөгү бейөкмөтчүлөр митингге жалданып чыккан ОБОНчулардай эле. Алардан айырмасы азыраак болсо да билимдүүрөөк. Америкага деги эле жаман сөз тийгизгилери келбеген булардын көздөгөндөрү эмне экендигин да так аңдай албайсың? Бири мектеп жашындагы балдарды “Сексти үйрөнүүгө” чакырып, “канткенде кызды көндүрүүгө болот?” дегендей маанайдагы баракчаларды таратып жүрсө, айрымдары саясый маселелерге кийлигишип жүрөт. Айтор, алар биздин коомду туш-тушунан алсыратып, биротоло жок кылуунун жолунда жүргөндөрү гана түшүнүктүү. Кечээ жакында эле Ысык-Көл облусунун кыргыз-кытай чек арасындагы окуя болгон маалда ошол жерде Америка жаранынын да жүргөнү өтө кызык. “Жүрсө эмне болуптур?” дешип Американын акчасына “килтеңдеп” көнүшкөн бейөкмөтчүлөр чыгышы мүмкүн. “Ал тынч эле жүргөн чет элдик мергенчи” деп айтуулары да мүмкүн. Жок, андай эмес го деп айта турган болсоң, анча-мынча бейөкмөтчүлөр колуңа өлүп бериши да мүмкүн. Эгерде, ошол чет элдик жаран норвегиялык, же австралиялык жаран болсо, эч ким күмөн санамак эмес. Ал эми Американын дүйнө жүзүндө жүргүзүп келген жана улантып жаткан саясатын абдан жакшы билебиз. Андыктан уйгур сепаратисттери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, кыргыз чек арачыларына кол салган маалда Америка жаранынын ошол жерде болуп калышы көп нерседен күмөн санатат. Анткени, Кытайдагы уйгур сеператисттерин АКШ активдүү түрдө каржылык жактан колдоп турарын эч ким танбаса керек. Буга бир эле мисалды айта кетсек болот. 2005-жылы АКШ улуттук өз алдынчалык үчүн активдүү күрөшүп жүргөн уйгур улутундагы Рабий Кадырды кабыл алган болчу. Бул айым Америкада адам укуктары жана демократия уйгур фондун түзүп, анын президенти болгон. Андан кийин ал Бүткүл дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин президенти болуп шайланган. Бул конгрессти АКШ каржылап жатканы эч кимге жашыруун деле болгон эмес. Муну 2009-жылдын 5-7 -июлдарында Үрүмчүдөгү кагылышта 197 адам курман болуп, 1600 адам жарадар болгондон кийин АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Иан Келли аныктап айткан. Уйгурлар конгрессин каржылаган каражат негизинен Кошмо штаттардын Конгрессинен бара тургандыгын да белгилеп кетүү керек. Андыктан козу карындай жайнаган Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын дагы финансы булактарын тыкыр иликтөөчү мезгил келип жетти. Болбосо алардын жүргүзгөн тымызын саясаты Кыргызстанды биротоло жок кылууга да алып барышы мүмкүн.

Асылбек ЖААНБАЕВ

Айбат гезити №63



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru