Айбат » Камаларынды сезсең оппозицияга кошуласыңбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Камаларынды сезсең оппозицияга кошуласыңбы?

Бекназаров Азимбек«Кумтөр» боюнча 2003-2004-жылкы келишимге түздөн түз тиешеси бардыгы билинип, мындан улам, кылмыш жоопкерчилигине тартылып каларын сезгенден бери эркин депутат Равшан Жээнбеков тынчыбай калды. Ал ар бийлик алмашкан сайын миллиондорду жыйнагандын кыныгын алган Азимбек Бекназаров, «Чындык» партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыров чогуу бийликке каршы аттанган чагы. «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» накылын эске алсак, төрт «кочкордун» башы бир казанда качанкыга чейин кайнарын айтыш кыйын.

Негизи Р.Жээнбековдун «группировкасына» өзүнө окшоп соттолуу коркунучуна кептелген же саясаттан жыдып, майлуу-сүттүү кызматка көз артып жүргөндөр кошулган. Андыктан, өзүн Оштун «кожоюну» санап, Ошту «менчиктештирип» алган экс-мэр Мелис Мырзакматов да бул топтун катарын калыңдатса таң калбай эле койгонубуз оң.

Айбат гезити №63



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru