Айбат » «Базарком» баарын сатып алабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Базарком» баарын сатып алабы?

карикатура«Базарком» базаркомдугун кылат» деген ушул тура. Коомчулукка «базарком» каймана аты менен белгилүү болгон Мелис Мырзакматов бардыгын дүңүнөн «сатып» алууга өттү. Алгач «Өнүгүү» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевди түз бара жаткан жолунан адаштырып, катарына кошсо, эми Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев сындуу саясатчыларга «сөйкө» салууга киришти. Ошол эле маалда ар кайсы ишмерлердин оозу менен өзүн актатууда. Мисалы, БШКнын экс-төрагасы Акылбек Сариев кечээ маалымат жыйынын өткөрүп, Оштун жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев мыйзамсыз отурат деди. Мунун артында Мелис Мырзакматов турат дешет билгендер. Бирок, «кожоюндун» жардырган «бомбасына» суу тийгенби, айтор, жарылбай «пыш» деп дымып калды. Себеби, БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов Ош мэрин шайлоо таза, акыйкат, мыйзам чегинде өткөндүгүн расмий жарыялады. «Биз атайын 21-январга чейин мандат бербей күттүк. Мыйзам боюнча, нааразы болгон тарап үч күндүн аралыгында сотко кайрылышы керек эле, бирок, бул аралыкта эч ким сотко кайрылган жок. Андыктан, Ош менен Бишкек шаар башчылары мыйзамдуу шайланды» дейт Акматов.  БШКнын өкүлү минтип расмий билдирип жаткан соң жеңилүү ызасын тартып, ичкүптүүсүн кимден чыгарарын билбей, А.Сариевге окшогондорду акча төлөп сүйлөтүп, коомчулуктун башын маң кылам деген Мырзакматов эми үмүтүн үзүп, үйүндө шүк отурганы оң…

Айбат гезити №63




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru