Айбат » Өкмөткө кайрадан чабуул

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өкмөткө кайрадан чабуул

ТекебаевЭмки айда парламентте «өкмөт кетсин!» «обону» созолонору күтүлүүдө. Өмүрбек Текебаев башында турган «ата мекенчилер» Жантөрө Сатыбалдиевди «Кумтөр» көйгөйүн чече албадың деп шылтоолоп, отставкага айдоо демилгесин көтөрмөкчү. Жыйынтыгы кандай болорун убакыт көрсөтөр. Ошол эле учурда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда «Кумтөргө» каршы акция өткөрүү боюнча жергиликтүү жаштар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мунун артында «Чындык» партиясынын төрагасы Кубанычбек Кадыров турарынан кабардарбыз. Өткөн жылы «ЮПИ» планын жүзөгө ашырарда билинип калып, куйругун түйүп шүк отуруп калган Кадыровдун бул жолку ою кандай болду экен, ыя?

Айбат гезити №63




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru