Айбат » Бакиев: Мен саясаттан биротоло кетип, азыр неберелеримди тарбиялап атам

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакиев: Мен саясаттан биротоло кетип, азыр неберелеримди тарбиялап атам

2013-06-05_15-42-53_590336

Белоруссияда жашап, эки жылдан ашык ЖМК өкүлдөрү менен жолугуудан баш тартып жүргөн президент Курманбек Бакиев “Интерфакс-Запад” агенттигине интервью берди. Ал анда Кыргызстанда болуп аткан окуяларга өз оюн билдирип, Бишкектин аны экстрадициялоо талабы тууралуу, саясатка жана мекенине кайтып келүү жөнүндөгү ою менен бөлүшкөн.

– Мен үч жылдан ашык Белоруссияда жүрөм. Алгачкы беш айда мен пресса менен жолугуп турдум. Анда мен Кыргызстанда конституцияга туура келбеген мыйзамсыз жол менен бийлик алмашканына баа бергем. Бүгүн да менин ал оюм өзгөргөн жок.

Мына андан кийин мен эки жарым жылдан бери эч кимге интервью бербей келдим. Менин бул унчукпай калышым саясаттан биротоло кеткендигимди жана ага кайтып барбай тургандыгымды түшүндүрөт. Мен азыр балдарымды жана неберелеримди тарбиялоо менен алекмин. Башкача айтканда, мурда дээрлик убактым тийбеген иштер менен алектенип атам. Бирок, мага Кыргызстанда эмне болуп атканы баары бир эмес. Анткени ал менин мекеним. Себеби, менин бардык иш-аракетим өлкөмдүн жыргалчылыгына багытталган. Силердин суроолоруңарга бүгүн жооп берүү үчүн келгенимдин себеби бар. Анткени бул 3 жыл ичинде Кыргызстанда болуп аткан терс көрүнүштөрдү мага жана менин жакындарыма шылтап келишти. Кыргызстандын бир катар саясатчылары кимдин бирөөнүн башына кирпич түшүп кетсе деле аны Бакиев жасады деп айткандарын билем. Ошентсе да каралоонун, жаманатты кылуунун ортосунда чек болуш керек да!

- “Бирөөнүн башына кирпич түшүп кетсе” деле ага Бакиевди күнөөлөөнүн себеби эмнеде?

– Учурдагы бийлик мамлекетти башкара албай калгандыктан гана ушундай иштерди жасап атат. Өзгөчө Атамбаев жана анын бригадасы… Бул бригада куруучу эмес, талкалоочу деп мен үч жыл мурда эле айткам. Бул кишилер мамлекетти башкарып, экономиканы жөнгө сала алышпайт. Алар бир гана талкалай алышат. Мен муну үч жыл мурун эле айткам. Тилекке каршы алар аны бат-баттан көргөзүп жатат. Бүгүн да көрүнүүдө. Андыктан күнөөсүз адамды күнөөлүү деп жалаа жаппай, болуп аткан окуяга туура баа бериш керек.

Жеке мен учурда Кыргызстанда болуп аткан окуяларды терс баалайм. Коррупциянын деңгээли өсүп атат, жумушсуздук да өсүүдө, экономика болсо түшүүдө, сырткы карыз көбөйүүдө, эл болсо жардылангандан жардыланып баратат. Муну ачык эле айтып атышат. Мунун баары укуктук баш аламандык менен коштолууда. Мунун барын эл көрүп, билип – бийликти курал менен эле кулатса болот экен да деп ойлоп атпайбы. Демек биз, эмнени кааласак ошону жасай алабыз дешүүдө.

Ошондуктан Кыргызстанда мыйзам менен тартип орномоюнча, мыйзам менен дисциплинага урмат болмоюнча, тилекке каршы Кыргызстандагы абал терс жагына карай өнүгө берет.

[b]- Бишкектин сизди экстрадициялоо жөнүндөгү талаптарын кандай баалайсыз?

[/b]- Мени экстрадициялоо тууралуу Белоруссия Республикасынын жетекчилиги дээрлик түшүнүктүү жооп кайтарды: Бакиев 2010-жылдан бери Беларуссиянын жараны. Мыйзамга ылайык ал кайтарылып берилбейт. Андыктан бул тууралуу дагы бир нерсе айтуу максатсыз деп ойлойм.

Мени экстрадициялоо тууралуу маселе элди чыныгы көйгөйлөрдөн алаксытуу максатында бат-баттан көтөрүлүп атат. Иштин көзүн билбеген команда ары-бери уруна берет. Саясий боштукту эмне менен толтуруу керек? Өздөрүнүн өлкөнү башкара албагандыгын кантип түшүндүрүү керек? Буларды чечүүнүн ордуна Курманбек Бакиевди, Максим Бакиевди кайтадан күнөөлөп, аларды өлкөгө алып келүүнү талап кылып коюу абдан жеңил.

Бирок, эң адилет сот бул – убакыт. Убакыт көргөзгөндөй мен, же менин уулум эч кандай кылмышкер эмеспиз. Аны болсо учурдагы бийлик кандай жол менен болбосун ошентип көргөзүүгө аракет кылып атат. Убакыт өтөт, азыркы бийликте отургандар да сот алдында жана эл алдында жооп берет. Алар 2010-жылы кылгандарына жооп берет жана Кыргызстанды кандай абалга алып келгендерине да жооп берет.

- Сиз өзүңүздү саясатта көрөсүзбү жана Кыргызстанга кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн карап жатасызбы?

– Мен силерге ачык айткым келет: учурдагы бийлик мыйзамдуу бийликти кан менен басып алгандан кийин менин кайтып барышым тууралуу сөз да болбойт. Мен Кыргызстандагы бийликке эле эмес, деги эле бийликке келейин деген оюм жок. Аны түшүнүүгө убакыт келди. Мен саясаттан биротоло кеттим. Мен муну силерге расмий түрдө айтып жатам. 2010-жылы болгондой тышкы күчтөрдүн жардамы менен бийликке келген кишилерге ар дайым эле сырткы күчтөр төңкөрүш даярдап жаткандай көрүнөт. Бүгүн бийлик көчөгө чыккан кишилерди соттоп, Кыргызстандын заманбап турмушуна туруксуздук алып келүүдө. Алар өздөрү 2010-жылы кантип бийликке келгенин эстешсин.

- Белорусиядан сиз өзүңүздү коопсуз сезесизби? Жакында эле ЖМКларда “Бакиев маселеси” кан менен гана чечилет деген талкуулар пайда болуп кетти?

– Менин коопсуздугум жана кан аркылуу өч алуу боюнча буларды айткым келет. 2010-жылдын апрелинде каза болгон адамдардын тагдыры аларды өкмөт үйүнө алып келген кишилердин абийиринде, аларга курал бергендердин абийиринде. Учурдагы бийликтин: Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Бекназаров жана башкалардын абийиринде.

Учурдагы сот системасынын жана тергөө органдарынын чаржайыттыгынан биз бүгүн Кыргызстанда 2010-жылдын апрель окуясы боюнча иш кантип талкаланып баратканын көрүүдөбүз. Ошол эле учурда мен бийликтин 2010-жылдын июнь окуялары боюнча да ишти алдыга жылдыруусун көргөн жокмун. Анда жүздөгөн киши өлүп, миңдеген киши жабыр тартып, жашай турган жеринен ажыраган. Эгер бул окуялар боюнча эркин обьективдүү иликтөө жүргүзсө кимдер сот жообуна тартылып калары чоң суроо.

Гаага трибуналын эч ким жокко чыгарган жок жана мындай иштердин чектелүү мөөнөтү да болбойт. Эркин сот иликтөөсү болсо ал процесске катышууга мен даярмын. Анда азыркы бийликте отургандар дайынан таппай калат деп корком.

- Кумтөр кенинин айланасында болуп аткан окуяларга кандай карайсыз? Сиздин оюңузча аны чечүүнүн жолу табылдыбы?

– Кумтөр кенин иштетүү боюнча 2003-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстан үчүн пайдасыз болгон. 2009-жылы кол коюлган учурдагы келишимдин кызыктуу тарыхы бар.

Бул маселе боюнча премьер-министрлер Кулов, Исабеков жана Атамбаев иштеген. Эгер жаңылбасам, Атамбаев 2007-жылы парламентке Кумтөр кенин иштетүү боюнча жаңы келишимдин долбоорун ратификациялоо үчүн алып келген. Бирок ал Кыргызстан үчүн ачыктан ачык пайдасыз болгондуктан парламент аны ратификацияланган эмес. Ошол эле учурда Отунбаева (экс-президент – kyrgyz.vb.kg) Кумтөр боюнча жаңы келишимдин долбоорун аябай колдоого алган. Ал учурда Отунбаева КСДП фракциясын жетектеп, парламенттин мүчөсү болчу. Отунбаева менен Атамбаев өлкө үчүн пайдасыз болгон келишимди колдоого алышкан. Эгер менин айткандарым калп деп шектенгендер болсо парламенттин ошол убактагы жыйындарынын стенограммасын окуп чыкса болот.

Атамбаев премьерликтен түшкөндөн кийин өкмөттү Игорь Чудинов башкарды. Чудиновдун тушунда компаниядагы Кыргызстандын үлүшү жана салыктар боюнча өлкө үчүн пайдалуу болгон жаңы келишим кабыл алынган. Чудинов башында турган өкмөт аталган келишимди парламентке алып келгенде Отунбаева ага каршы болгон. Ошондо Атамбаев менен Чудинов сунуштагын варианттардын кайсынысы мамлекет үчүн пайдалуу экендигин салыштырган таблица түзүлгөн. Депутаттар Чудиновдун сунуштаган варианты өлкө үчүн канчалык пайдалуу экенин көрүшкөн соң ошол келишимди ратификациялашкан.

Бүгүнкү күнү Кумтөрдүн айланасында эмне себептен абал чыңалып кеткенин мен билбейм. Бирок, аны чечүүгө көрүлүп жаткан учурдагы кадамдар түп тамырынан туура эмес. Бир да инвестор Кыргызстанга иштөө үчүн келбейт. Инвесторлорду чочутуунун ордуна алар менен мыйзамдын негизинде туруктуулук менен иштөө керек.

Бирок менде суроо бар: 2009-жылкы келишим 4 жылдан бери иштеп келе жатат. Эмне үчүн аны кароо маселеси азыр гана көтөрүлүп атат? Бул кимге пайдалуу? Аны түшүнүү үчүн 4 жыл күтүү керек беле?

Менимче бүгүнкү күнү Кыргызстандагы маселелер “Кумтөрдө” эмес, ал учурдагы бийлик жүргүзүп аткан саясатта жатат. Менин көз карашымда учурдагы бийлик өз күчүн адамдарды уурдоого же кандайдыр бир түшүнүксүз нерселерди издөөгө эмес, реалдуу иштерге жумшашы керек. Ошондо гана эл көчөгө чыкпайт.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru