Айбат » Чиновниктер Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 50 миллионду өз керектөөсүнө кымырышкан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Чиновниктер Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 50 миллионду өз керектөөсүнө кымырышкан

Эсеп палатасынын аудит жыйынтыгы Башкы прокуратурага карап чыгуу жана тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.
доллары

“Кумтор оперейтинг компани” жабык акционердик коому (ЖАК) каржыланган Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду үч жылдын ичинде баардык түшкөн каражаттан 5 пайызын социалдык эмес каржылоо беренелери боюнча пайдаланган. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Эсеп палатасы кабарлады.

Аудиторлор 2009, 2010 2011-жылдардагы фонддун ишмердүүлүгүн текшеришкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 3 жылда “Кумтөр” кени фондго 1 млрд сомдон ашуун каражат бөлүп берсе, анын 49 млн сому социалдык эмес беренелер боюнча жумшалганы белгилүү болгон.

Бул каражаттар областтык жана райондук администрациялардын муктаждыктарына, сыйлыктарды берүүгө, ошондой эле областтын администрациянын ар кандай иш-чараларына жумшалган. Ишмердүүлүгү социалдык долбоорлор үчүн гана багытталган фонд чиновниктердин кайсы муктаждыгын каржылаганы азырынча белгисиз.

Эсеп палатасынын кеңешинин чечими менен Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун каржылык-чарбалык аудит актысы Башкы прокуратурага карап чыгуу жана тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Бири олуп бири калсын бир шыйрагы мага калсын

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru