Айбат » Жээнбековдун жең ичинен жасаган кутумдугу…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Жээнбековдун жең ичинен жасаган кутумдугу…

Жээнбеков Равшан30 октябрда Парламентте УМККнын төрагасына бир катар депутаттар өз дооматтарын коюшту. Алардын дооматтары боюнча Коопсуздук кызматы өз иштери менен алектенбей жаткан имиш. Тактап айтканда Ысык-Көлдө болгон окуяларга Коопсуздук комитети кийлигишпей көз жаздымга салып коюш керек экен. Эл шайлаган депутаттар ушинтип айтып жаткан соң «ишенген кожом сен болсоң, алды алдыңан тал карма» дегендей бааны Парламентке арнабаска арга жок.

Мыйзамды чаккан депуттардын интеллектуалдык көрөңгөсүнө таң каласың. Болбосо мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген ар бир окуяга УМКК жооп берерээрин депутаттар билбей калыптырбы? Анткени, Ысык-Көлдө тополоң болуп, жыйынтыгында адамдар барымтага алынып жатпайбы. Бир жагынан баш аламандыкты уюштургандарга карата кылмыш иши козголгон. Мунун баары УМККнын түздөн-түз аткара турган иштерине кирет. Билип туруп билмексенге салып, жалган жерден куйтулана жумурткадан кыр издеген депутаттарга не демекпиз? Ушул сыяктуу иштердин арты менен калкты дүрбөлөңгө салган дагы ушу депутаттар экени эл арасында каңгып жүрөт.
Депутаттардын ар кандай саясий шоуларынын кесепетинен орто жерден эле кыргыз журту жапа чегип келет. Эл демиш болуп туруп, куйтуланган депутаттар да жок эмес. Алардын бири айтылуу америкалык, Акаевдин ишенген министрлеринин бири бүгүнкү ЖК депутаты Равшан Жээнбековду атабаска арга жок. Маек курса, теледен чыкса тилинен чаң чыгат. Америкага неге качканын өзү эле унутуп калбаса калайык калк жакшы билет. Жээнбековго Кумтөрүң да, башка кыргыз элинин социалдык көйгөйлөрү да баары бир. Уруп ойнобойт. Кыргызстанда Кумтөрдөн 67%дын ордуна 16% калганда Р.Жээнбеков мамлекеттик мүлк министри болуп турганын кантип танат? Анын көргөн билгени, көптөн күткөнү окендин арты жагынан келчү тапшырмалар. Тарп аңдыган кузгундай ошолордүн эсебинен күн көрүп келет деп айтууга мажбур болосуң…
Р. Жээнбековдун ою боюнча «Манас» аэропортундагы американын базасы Кыргызстанда калышы зарыл. Америкага болсо Кыргызстанда баш аламандык, кыргыз калкынын бири-бири менен итче ыркырашканы керек экени байкалып эле туру. Бул өңүттөн алып караганда Р.Жээнбеков аскерлерче ар бир буйрукту так аткарат. «Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу, Өрнөк, Дархан айылдарынын тургундарына карата террор башталды. Бул район экинчи Аксыга айланат. Ал айылдарда Кумтөр кенин иштеп чыгуу боюнча көп жолу митингдер өттү. Эгерде кан төгүлсө биз күнөөлү болобуз»,-дейт. Р.Жээнбековдун минтип жылаандын башын кылтыйтып айтып турганы ал кимдин кызматын аткарып жатканын каңкуулап жаткан жери жокпу? Андан дагы «мен, элдер тынч митингдерге чыгуу укуктарына ээ болушуна ар дайым күрөшүп келгем» дегенин кандай түшүнсөк болот? Демек, Көлдө бейкуттуктун болбошуна Р.Жээнбеков мырза кызыкдар экен да. ЖК спикери А. Жээнбековдун Равшан жөнүндө айткандары да буга күбө.
Кыскасы, Р.Жээнбеков канчага чейин кожоюндарынын тапшырмасын так аткараар экен аны мезгил көрсөтөт. А бирок ким мыйзамды бузса, ал мыйзам чегинде жооп бериши зарыл. Ошондо биз мыйзам сыйлаган коом болобуз.

Айбат гезити №51



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru