Айбат » Маркум Бакыт Букаевдин сөөгүн туулуп өскөн айлына алып кетишти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Маркум Бакыт Букаевдин сөөгүн туулуп өскөн айлына алып кетишти

Букаев БакытБелгилүү журналист жана шоумен Бакыт Букаев киши колдуу болуп 13-ноябрь күнү өзү жашаган батирде дүйнө салды. Бул суук кабарды биринчилерден болуп Милиция менен Тез жардам кызматына актер жана теле алып баруучу Нурдөөлөт Копоев билдирген. Анын айтымында Бакыттын денесине бир нече ирээт бычак сайылган. Бул факты боюнча кылмыш иши ачылды. Маркумдун сөөгүн жакындары туулуп өскөн айлына алып кетишти. Кыргыздын таланттуу жигити Бакыт Букаев мектепте окуп жүргөндө эле Москвадан басылып чыкчу “Пионерская Правда” гезитине макала жазып жүрчү экен дейт, атактуу алып баруучу Элмара Турсуналиева. Мектепти аяктагандан кийин Улуттук Университетинин Журналистика факультетин окуп бүтүргөн. Профессионалдык эмгек жолун КТРде иштеп баштоо менен бирге, 1992-жылы Кыргызстанда “Жаштык ыры” деп аталган эстрадалык кароо сынак уюштурган. Ал кароодо азыркы кезде атактуу болуп турган Гүлнур Сатылганова баш байгени жеңип алган. Андан соң, биринчилерден болуп “Ала-Тоо периси” сулуулар сынагын өткөргөн. Соңку жылдары той, кечелерди алып барып элдин жакшылыктарына насиптеш эле. 44 жаштагы Бакыт Букаев Ысык-Көл обулусунун Темировка айылында туулуп өскөн. Анын артында кабыргасы кайышып апасы, бир туугандары жана жанындай жакшы көргөн жубайы Жылдыз менен эки уулу калды. Бири бир жарым экинчиси төрт жашта.
Букаев Бакыт 2

Бакыт мырзанын жакындарына терең кайгыруу менен редакциянын атынан көңүл айтып, ыза кайгысын тең бөлүшөбүз! Жаткан жери жайлуу болуп, Жараткан жайын Жаннаттан берсин! Артында калган эки уулу Бакыт мырзанын жолун жолдогон, ак эмгеги менен мээнет кылып, кыргыз элинин уулдары болушсун!

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Анара:

    коллегабыздын арты кайрылуу болсун ! :(

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru