Айбат » «Кумтөр» деп төшүн каккандар, эми эмне үнүн басып турат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » «Кумтөр» деп төшүн каккандар, эми эмне үнүн басып турат?

Ташиев Жапаров Келдибеков

«Кумтөрдү» улутташтыруу керек», «Кумтөр» – элдики» деп кыйкырып жалпы коомчулукту дүрбөлөңгө салып келгендер эмнегедир акыркы күндөрү демдерин ичине катып, «жуурканга» баштарын катып алгандай болуп турат.

Бүгүнкү бийликке «сөйкөнөөргө» башка шылтоо табышпай, бир учурда өздөрү Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишимдерди түзүүгө салымын кошкондор, өздөрү чалган «боткого» учурдагы бийликти күнөөлөп, аны чалып жыгууга колдорунан келген аракеттерин жасашты. Ак үйдүн тосмосун да ашып көрүштү, облустук администрацияны басып көрүштү. Өкмөттүн өкүлүн өрттөйбүз деп коркутушту, милиция начальнигине кол көтөрүштү. Өздөрүнө караштуу басылмалар аркылуу тынымсыз «Кумтөр» ырын «созолонтушуп», «улутташтырабыз», «тартып алабыз», «келишимдерди бузабыз» деп сайрап келишти. Анан дагы бүгүнкү бийлик ««Центеррага» адвокат болуп жатат» деп да «зар какшашты». Айтор, алар сыртынан «Кумтөргө» күйүп жаткандай болгондору менен, ичтеринде эптеп эле бийликке каршы элди тукуруп, өздөрү бийликке келүүнүн аракетин көрүштү.

Анан эле акыркы 10 чакты күндөн бери мындай «обончулардын» үндөрү тып эле басылып, тымтырстык өкүм сүргөнсүп калды. Буга эмне себеп болду? Жалпы коомчулук азыр буга түшүнө албай туру.

Кечээ жакында эле өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев «Би-Би-Си» радиосуна «Кумтөрдү» аргасыз улутташтырууга барышыбыз мүмкүн» деген билдирүүсүнөн кийин эле «сайрап» келген саясатчылардын үнү жоголду. Кыйкырып жүргөн Садыр Жапаров жок, «Кумтөр» үчүн, «заодно» жумушума барыш үчүн тосмодон секирдим» деген Камчыбек Ташиев жок. Кыргызстандагы ички абалды көбүртүп-жабыртып чет элдик басылмаларга айтып берип жүргөн Аликбек Жекшенкулов жок. Айтор бардыгы эле чээндерине эртелеп кирип кетишкендей. Ал турсун оппозициялык маанайдагы басылмалар дагы «Улутташтыруу өлкөнү жарга такайт, экономикабыз кыйрайт» маанисинде эксперттердин пикирине таянып макалаларды басууга өттү.

Кызык… Кечээ эле «Улутташтыруу керек» деп кыйкырып жаткандарга эмне болду? Же, алардын максаты эптеп эле президентке карама-каршы пикир айтуу беле? Бул биринчиден.

Экинчиден, бул «төш какма» саясатчылардын кезектеги «жашынмак» оюну эмеспи? Алар «Кумтөрдү» улутташтыруудан Кыргызстан кандай жапа чеге тургандыгын абдан жакшы түшүнүшөт. Түшүнүп эле келишкен. Бирок, алар президент да аргасыз улутташтырууга барат деп ойлошкон эмес. Ушунун шылтоосу менен бийликти алмаштырып алсак деген эле максаттары бар болчу. Эми президент минтип айтып аткан соң, аны колдоп айтууга куру намыстары жол бербей турат окшойт. Же, адаттарынча жоопкерчиликтен качып жатышат. Кокус улутташтыруунун кесепетинен мамлекетибиз өтө чоң жоготууларга учураса «Мынакей президент өзү улутташтырам деп ушуну кылды» деп эртең эле чыга калганга даяр турушат. Чын-чынына келгенде мындай идеяны ким биринчи көтөрүп чыкканын, ким аргасыз кылгандыгын ойлоруна да алып коюшпайт. Бирок, алардын буга чейинки аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү тарых барактарында жазылып калды. Аны эми өчүрө алышпайт.

Эгерде улутташтыруудан мамлекетибиз жапа чеге турган болсо, карапайым эл биринчи кезекте ушул «сайракан» саясатчылардан жооп сурашы турган иш.

Айбат гезити №53



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru