Айбат » Тез байуунун амалын Келдибековдон үйрөнгүлө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Тез байуунун амалын Келдибековдон үйрөнгүлө

доллар dollar

Парламенттик башкаруу системасы саясат айдыңындагы мыкты чыкмалардын ар биринин ар бир кадамын алаканга салгандай көрсөтүп турууга шарт түзүп берди.

Маселен, ЖКнын экс-спикери Акматбек Келдибековдун эсти тандырган байлыктары өткөн жылы кыргыз тилдүү басылмалардын бирине жарык көргөн. Бирок, бул маалыматты эл өкүлү ошол эле замат жокко чыгарып маалымат жыйынын өткөзгөн эле. Көп узабай эле Акматбек мырза ал байлыктарын кайра өзүнүн декларациясында ырастап чыккан.  Анын декларациясындагы байлыктарын чыпчыргасын коротпой дагы бир жолу кайталап коёлуМамлекеттик кадр кызматынын берген маалыматы боюнча Акматбек Келдибеков өткөн жылы 1 миллион 188 миң 938 сом киреше тапкан. Ошол эле учурда ал 558,6 чарчы метр аянттагы үй, турак-жай үчүн эмес 605 чарчы метр аянттагы имарат, 5000 чарчы метр аянттагы жер тилкесине ээлик кылат.

Мындан тышкары, «ВАЗ 21063» үлгүсүндөгү автоунаа жана Range Rover үлгүсүндөгү 2010-жылкы автоунаанын ээси.

Мындан сырткары, Келдибековдун туугандарына таандык болгон мүлктөр: 13 коттедж (алардын алды 400 чарчы метрди чапчыса, арты 70 чарчы метр), 132 чарчы метр, 276,1 чарчы метр, 386 чарчы метр жана 911 чарчы метрлүү үйлөр, алды 257 чарчы метрге жеткен төрт батир, бири 5300 чарчы метр, бири 5500 чарчы метр болгон жер тилкелери жана «Lexus 570» үлгүсүндөгү автоунаа.

Булар Келдибековдун декларациясында көрсөтүлгөн байлыктары. Бирок, дагы деле бул эл өкүлү өзүнүн байлыктарын элге толук ачыктагысы келбей туру. Анткени анын көмүскөдөгү «бизнестери» тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

Маселен, анын борбор шаарыбыздагы сауналары, «Кыял» бирикмесиндеги акциялары жана Подмосковьедеги 2 миллион долларга сатылып алынган хан сарайы али ачыкка чыккан эмес. Балким мунусун эл өкүлү өзү ачыктагысы келбесе, укук коргоо органдары ачыктап берер…

Бул жагы ушундай. Бирок, бир жыл мурун эле эч кандай декларациясында көрсөтүлгөн байлыктарым жок деп танып жаткан Келдибеков жана анын туугандары бир жылдын ичинде эле кантип космостук ылдамдык менен байып кеткени али күнчө жоопсуз болуп келет. Же бир жылда эле ушунчалык деңгээлде байыганга мүмкүнбү? Андай болсо кантип, Акматбек Келдибекович?!

Айбат гезити №54



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru