Айбат » Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: Баатырдык – бул коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөштү колдоо

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: Баатырдык – бул коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөштү колдоо

Бакетаев Бакыт- Бакыт мырза, президент Алмазбек Атамбаев кечээ маалымат жыйынын өткөзүп, анда 2014-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчүнүн Башкы штабы түзүлө тургандыгын билдирди. Мындан сырткары, кыргыз армиясынын куралдарын жакшыртуу максатында Россия менен макулдашуулар болгондугун да айтты. Бул иш-аракетке бир миллиард доллардан ашык акча каражаты сарпталат экен. Бул иш-аракеттерге кандай баа бересиз?

– Чындыгында биздин күч органдары буга чейин чапырышты болчу. Мурда (СССР маалында) ар бир киши үчүн, чиновник үчүн атайын структуралар болчу. Тилекке каршы, узак жылдардан бери биз күч органдарын чапырышты кылып келдик. Ал эми Куралдуу күчтөрдүн атайын Башкы штабы түзүлө тургандыгы – бул абдан жакшы көрүнүш. Башкы штаб түзүлсө, армиянын эффективдүүлүгү көтөрүлөт. Мисалы, Израилде Башкы штаб бар, ага байланыштуу армиясы да өтө күчтүү. Биз тууган-урук, жоро-жолдоштор үчүн эле күч уюштура бербестен, мамлекет үчүн Башкы штабды түзө турганыбыз чоң ийгилик. Биздин армиябыз кичинекей эле. Бирок кичинекей болсо дагы эффективдүү болушу керек. Андыктан муну эң туура чечим деп айтат элем. Аны жүзөгө ашыруу үчүн дагы 1 миллиард доллардын тегерегинде акча жумшала тургандыгы, демек олуттуу мамиле жасалып жатканын айгинелейт. Башкы штаб түзүлсө, көптөгөн коркунучтардын алдын алган болобуз. Маселен, эмдиги жылы Афганистанда президенттик шайлоо болот. Анын таасири бизге да тийиши мүмкүн. Мына ушундай таасирлерден сактануу үчүн Башкы штабдын мааниси өтө чоң.

- Ошол эле жыйында коррупция менен күрөшүүнүн өзөгү али алдыда экендигин билдирди. Бул күрөштүн жыйынтыгы кандай болот деп ойлойсуз?

– Аида Салянова дагы Координациялык кеңеш уюштурду. Бул дагы Башкы штабка окшогон штаб болуп калат. Мына ушул кеңештин алдында бардык күчтөр биригип, ишти алдыга жылдырыш керек. Анткени бириккенде гана эффект болот. Ар башка жүрө бергенде, эффект анчалык болбой тургандыгын көрүп жатабыз. Бирок ошентсе да быйыл АКС, УКМК жана Башкы прокуратура кандай иштегендигин көрүп жатабыз. Абдан жакшы аракет кылышты. Эми мындан ары координациялык кеңештин алдында бул иш профессионалдуу болот деп ойлойм. Азыр деле коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөштү сынга алышып, Акаев, Бакиевдин убагында сүйлөбөгөндөр сөз эркиндигинен пайдаланып кыйкырышып, баатыр болуп жатышат. Чынында ал баатырдык эмес. Баатырдык – бул коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөштү колдоо болуп эсептелет.

- Акыркы мезгилдерде өлкөбүздө кырдаалды курчутуу аракеттерин көрүп жаткан саясатчылар бар. Мына ушулардын бардыгы жазасын алыша тургандыгын өлкө башчысы айтып өттү. Эми бийликке кастарын тигип тургандар мындан сабак алабы, же кайра күчөйбү?

– «Мыйзамды бузган адам жазасыз калбайт» деген бул бүгүнкү күндүн тренди, мыйзамы болуп калды. Ошол эле учурда өлкө коопсуздугуна коркунуч туудургусу келгендер да жоопкерчиликсиз калбайт. Менин оюмча, мындан туура эмес аракеттерди жасап келген саясатчылар сабак алышы керек.

Айбат гезити №58



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru