Айбат » Жумакадыр Акенеев, “Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти: “Кыргызгаз” бир долларга эмес, 700 миллион долларга бааланды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, “Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти: “Кыргызгаз” бир долларга эмес, 700 миллион долларга бааланды”

Акенеев Жумакадыр- «Кыргызгаздын» «Газпромго» сатылып кеткенин бүгүнкү бийликтин чыккынчылыгы катары айрым саясатчылар айтып чыгышты. Сиздин оюңузча бул кандай чечим болду?

– Бул жерде эч кандай чыккынчылык жок. Бул деген экономикалык келишим. Туура, «Кыргызгаз» «Газпромго» берилди. Анткени анын жабдууларынын бардыгы 22 жылдын ичинде эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. Башкача айтканда эски, жүрбөгөн машиненедей эле болуп калган. Андыктан биз же үзгүлтүксүз берилип тура турган газды, же эч нерсеге жараксыз «Кыргызгазды» тандашыбыз керек болчу. Маселен, ошол эле машинеге салыштырганда «Газпром» ал машиненин тетиктеринин бардыгын жаңылап, анан кайра биздин өзүбүздү эле тартат. Демек, бизге кызмат кылат. «Кыргызгаздын» жабдууларын жаңылаш үчүн «Газпром» 670 миллион доллар инвестиция кылат. Болгон түтүктөрүнүн бардыгын жаңыртат. Бул биринчи жагы. Экинчи жагынан булл келишим 25 жылга эле түзүлдү. Демек, 25 жылдан кийин кайра алса болот. Негизи мындай келишим түзүү дүйнөлүк практикада бар. Маселен, Европанын көпчүлүк мамлекеттери өздөрүнүн самолеттору менен эмес Германиянын самолетторун колдонушат. Жүгүн да, адамдарын да ошолор ташыйт. Андыктан «Кыргызгаздын» «Газпромго» берилиши бүгүнкү күндүн шарты болду. Албетте, «Кыргызгаз» буга чейин деле акча таап келди. Ошол акчаларына анын жабдууларын оңдоп койсо болмок. Тилекке каршы уурулук, коррупция ага жол берген жок.

- Демек, сиздин айтууңузга караганда «Кыргызгаз» бир долларга эмес, 670 миллион долларга сатылган турбайбы?

– Бир долларга сатылды деген таптакыр туура эмес. Бул жөн гана дүйнөлүк практикада жараксыз абалга келген обьектерди ушундай баада баалап коюшат. Чындыгында анын артында толтура инвестиция бар. Анын үстүнө «Кыргызгаздын» 38 миллион доллар карызы бар болчу. Мына ошол карызы менен чогуу алышты. Буга келе турган инвестицияны кошкондо «Кыргызгаз» 700 миллион долларга бааланган болуп калат. Бул чечим туура чечим болду.

Айбат гезити №58



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru