Айбат » Тендер… кол ийрисине тартып кетпес бекен?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Тендер… кол ийрисине тартып кетпес бекен?

тендер30-январда, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасында, башкы инженер Н.В.Лиличенконун төрагалыгы астында өткөн тендерде «Дельта профи», «Расходные материалы», «Аламүдүнэнерго» ЖАК, «Дантосервис», «Электрокомплекс» фирмалары катышты. Кабель продуктылары боюнча өткөн бул тендерде, лотко коюлган продукцияга «Дельта профи» – 11 млн. 854 миң сом, «Расходные материалы» – 5 млн. 894 миң сом, «Аламүдүнэнерго» ЖАК – 6 млн. 699 миң сом, «Дантосервис» – 5 млн. 984 миң сом, «Электрокомплекс» – 9 млн. 510 миң сом сунушташты. «КР Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамы боюнча тендер боюнча өткөн лотто ким төмөнкү баа берсе, ошол фирма утат. Эгер, мыйзамга таянсак, анда бул жолку тендерде лот боюнча эң төмөнкү баа берген фирма утушу керек. Арийне, бул мамлекеттик ишканада өткөн тендерлерде «кол ийрисине тартып», мыйзам каалаганча бузулчу эле, бул жолу кантээр экен, көрө жатарбыз.

Айбат гезити №63



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru