Айбат » Кыргызстан АКШ-Россия тирешүүсүнүн “курмандыгында”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстан АКШ-Россия тирешүүсүнүн “курмандыгында”

Россия - АКШКыргызстан территориясы боюнча дагы, элинин саны боюнча дагы кичине мамлекет болгону менен тогуз жолдун тоомунда турган өлкө катары АКШ, Россия өңдүү дүйнөдөгү держава мамлекеттерин дайым кызыктырып келет. Анткени, Россия менен АКШ дүйнөлүк лидерликти талашып, илгертен өз  күчтөрүн ар тараптуу көргөзүп келгени маалым.  СССР куралып В. Лениндин системасын уратуу үчүн дагы АКШ алгылыктуу күрөшүп атайын даярдалган М. Горбачевдун жардамы аркасында СССРди кансыз уратты. Андан кийин дагы бири-бирине болгон тирешүү токтобой келет.

Эки держава   Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттерге өз таасирлерин тийгизип, мамлекеттик башкаруу системаларын өзгөртүү шылтоосу менен ар кандай саясий оюндарга барып жатканын айтууга болот . Маселен, 2010-жылы башталган “Араб жазы” аталышындагы толкундоолор бир катар араб мамлекеттеринде башкаруу режимдерине толук кандуу өзгөртүү киргизе алды. Тунис, Египет, Йемен жана Ливияда диктатуралык режимдин күнү бүтүп демократиялык багытка кадам ташташты. Ал эми Сирияда, Бахрейинде жарандык согуш  болду. Айрым мамлекеттерде толкундоолор болуп, бирок, режимди кулатууга жетише алган жок.  Бул “араб жазынын” башталышы Кыргызстанда башталганын өлкөнүн саясий элитасынын айрымдары айтып келишет. Ошол эле маалда кээ бир чет элдик саясат талдоочулар Тунис мамлекети менен Кыргызстанда болуп өткөн 2010-жылдагы ыңкылаптын окшоштугун белгилешүүдө.  АКШ тараптын жүргүзүп жаткан идеологиясы боюнча  башкаруу режими бир колго өтүп,  диктатуралык башкаруудан арылтуу болуп саналат.  Демек,  демократиянын ана башчысы катары айтылып жогоруда аталган араб мамлекеттериндеги  диктатуралык режимдин кулатыш АКШнын идеясы экенин серепчилер тарабынан айтылып келет.  Ал эми Россия болсо, “Араб жазы” АКШнын атайын ойлонулган сценарийи катары баалап, жалпыга маалымдоо каражаттары кескин сындоодо.

Акыркы маалдагы Украинадагы болуп жаткан окуяларды дагы АКШнын жасап жаткан иши катары баалап, далилдесек болот. Себеби, АКШнын сенатору Украинанын борбор калаасына келип нааразычылык акциясы өтүп жаткан Майдан аянтчасына ачыктан-ачык элдин астында сүйлөп чыгышы менен билгизип койду. Бул бир. Экинчиден расмий Америка Украинанын атайын даярдыктагы “Беркут” аталышындагы куралдуу тобун толкундоолор орун алган аймактардан алып чыгышын талап кылганы болду.  Эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык, бир мамлекет экинчи мамлекеттин ишине кийлигишүүгө акысы жок.  Америка бул сыяктуу кадамдарга барып жатса, ошол эле маалда Россия тарап бул окуяга карата карама-каршы ойлорун айтып, алтургай, АКШ Украинанын оппозициясына миллиондорду берип, ачык колдоп жатканына нааразычылыктарын билдиришти. Муну менен катар эле Украинанын оппозициянын Россия тараптан берилип жаткан газды бууп салаарын айтып, коркутууга алууда.

Украинанын Кыргызстан сындуу тогуз жолдун тоомундагы мамлекет болушу жана Россияга чек жайгашуусу  АКШ үчүн олжо.  Андыктан согуштук күчтөрүн бул мамлекетке орнотуп, Россияга сес көрсөтүп туруу эң башкы максаты болушу мүмкүндүгүн айрымдар жоромолдошууда.  Ушул убакка чейин Америка Кыргызстандагы Ганси авиабазасы аркылуу дагы Россияга ар кандай кооптонууларды жаратып келген. Бирок, биздин мамлекеттеги авиабазасы быйыл чыгып жаткандыгына байланыштуу бир мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Андыктан жөн жатпастан ар кандай аракеттерге барышы мүмкүн.

Россия болсо Кыргызстандагы АКШнын авиабазасын чыгарууга абдан аракеттерди жасады.   Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Ганси авиабазасы туурасында байма-бай сөз козгоп, Президенттерибиз барганда ар дайым ушул маселени козгоп, расмий Москва ич-ара ар кандай деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүп келишти. Мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандагы АКШнын авиабазасын чыгарам деп акча алып, чыгарбай коюп РФ бийлиги менен болгон мамиленин солгундай түшкөнү туурасында маалыматтар өз кезегинде тарап кеткен эле. Ал эми Россия СССРден бери келе жаткан достук мамилесинин чыңдоо максатында, Кыргызстандагы экономикалык ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга белсенди. Андан сырткары Бажы биримдигин түзүү долбоору менен дагы мурдагы СССР мамлекеттеринин башын бириктирүүнү көздөгөнүн байкасак болот. Себеби, бүгүнкү күндө Россияга  мурдагы СССР дин курамындагы мамлекеттерди жана өздөрүнө мамилеси жакын өлкөлөрдүн башын бириктирбесе, дүйнөлүк аренада кадыр-баркын жоготуп коюшу толук мүмкүн. Ошол себептен учурда Россия географиялык шарттарды эске алуу менен коңшу мамлекеттер менен болгон саясатын жакшыртуунун үстүндө чараларды көрүүдө.

Кыргызстандагы абалды жооткотуп, тынч деп айтууга болбойт.  Акыркы кездеги орун алган Кытайдан Кыргыз чек арасына өтүп келген 11 адамдын маселеси кайсы жакка барып такалаары белгисиз бойдон турат. Муну ар кимиси ар кандай болжолдоп келишкени менен конкреттүү бир жыйынтык жок. Айрымдары АКШ Гансини сактап калуу айласы менен бир жагынан сыноо максатын көздөп жатканын айтышса, экинчи жактар диний экстремисттик уюмдар экендигин карманышууда. Тажикстан-Кыргызстан  чек ара жаңжалдары да башты катыра турган маселеге айланды. Кумтөр алтын кениндеги маселелер дагы бир жактуу чечилбей, парламентте жана эл арасында бүтпөс талаш-тартыш жаратып келет. Мына ушул сыяктуу маселелер дагы жеке Кыргызстан керт башы менен чече турган маселе эмес экендиги чындык. Себеби, айрым кыргыз парламентарийлери жана бийлик төбөлдөрүнүн артында Россия, АКШ, Казакстан өңдүү мамлекеттер тураары айтылып келет. Өлкөдө кандай гана маанилүү же кайсы бир мамлекетке керектүү маселе болбосун Кыргызстандагы саясатчылары аркылуу кийлигишип, өз кызыкчылыгына чечтирүүгө аракеттерди көрүшөөрү айтылып да жазылып да келет. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдырахмановдор өздөрүн “батышчылбыз” деп ачык эле аташат. “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун акыркы парламенттик шайлоо алдында Россиядан акча алып келгендиги туурасында маалыматтар айтылып келет. Демек, бул саясатчыны орусчул десек болот. Буга окшогон мисалдарды келтирсек,  абдан эле арбын.

Учурдагы көчө оппозициячылардын басымдуу бөлүгү мурдагы бийликте болуп, азыркы бийлик келгени сыртка куулуп чыккандар. Демек, бийликке кайрадан кайтып келүү үчүн ким менен болсо дагы мамиле куруп, материалдык жактан колдоо алууга даяр. Маселен, АКШ ушул жагдайды пайдаланып, материалдык жагынан оппозицияны колдоого алып, учурдагы бийликти кулатуу аракетин дагы көрүшү мүмкүн. Ал эми Россия оппозицияны экиге бөлүүгө аракет жасап, бийликке жардам берүүсүн улантышы мүмкүндүгү  айтылып жүрөт.  Ошондо “Араб жазы Кыргызстанда башталган” деген кептер, кайрадан экинчи жолу кайталанып, Украинанын жолун жолдоп калышыбыз ыктымал.

Мындан улам Кыргызстан кимге керек деген суроо туулат, Россиягабы, АКШгабы? Албетте, биринчи кезекте кыргыздарга, бизге керек. Ошол себептен, эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын кырылат болбой, эки “дөө” менен дагы аяр мамиледе болуп, эң негизгиси ынтымакта, биримдикте алакандай болгон Кыргызстаныбыздын бүтүндүгү үчүн, келечеги үчүн оңдуу кадамдарга барышыбыз зарыл!

Улукбек Кутманбаев

Айбат гезити №63




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru