Айбат » Украина бийлиги сатылдыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Украина бийлиги сатылдыбы?

Украина майдан

Киевдин көчөлөрүндө, аянттарында «оппозиция» -деп аталган экстремисттик жана улутчул  топтордун 2013-жылдын 21-декабрында башталган акциялары али токтой элек. «Евромайдан» -деп аталган Украинанын расмий бийлигине каршы күрөш өзүнүн апогейине жетти. Батыш Украинанын областтарынын администрациялары экстремисттер жана улутчулдар, «правый сектор» -деп аталгандар тарабынан  басып алынууда. Бул мамлекетте азыр кош бийлик өкүм сүрө баштады. Анын үстүнөн 2014-жылдын 28-январь күнү Украинанын өкмөт башчысы Н. Азаров өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Бул, өкмөттүн толугу менен отставкага кетти-деген кеп. Эми, Украинанын парламенти жаңы өкмөттүн түзүшү өтө  татаал. Н. Азаровдун кетиши өлкөдө анархияны жаратпай койбойт. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүндө турган Украинадагы окуяларга биз да көз салып турган соң, өзүлөрүн «оппозиция! -деп аталган топторго карата  өлкөнүн  бийлигинин аракетсиздигинен улам «тышкы күчтөргө ириде Европага, Америкага сатылдыбы?» -деген ой жаралбай койбойт. Минтип күмөн саноонун себептерине токтолоюн.

Биринчи: Өткөн жыл аягында Украина «ЕвроАссоцияциясына «киребиз, кирбейбиз» -деп жаткан мезгилде тыштан каржыланган күчтөр Киевде ири митинг уюштурушуп жиберишти. Бул митингде- Америка сенатору Д. Маккейн, Евросоюздун тышкы иштер боюнча эң жогорку өкүлү Кэтрин Эштон, Грузиянын экс-президенти М. Саакашвили, Польша, Латвия мамлекеттеринин ири саясатчылары катышып жүрүштү. Бул Украинанын ички иштерине түздөн-түз кийлигишүүсү болсо да бийлик үн катпады.

Экинчи: Мындан 10-13 күн мурда «правый сектор» -деп аталган экстремисттик жана Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фашисттик Германия тарабында советтик армия менен согуш жүргүзгөн, улуттук чыккынчы Степан Бендераны идеал кылып жүрүшкөн улутчулдар (неофашистер) бет кап кийишип, Киевдин борборундагы Грушевский көчөсүнө баррикада уюштуруп, мыйзамдарда тыюу салынган автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөшүп, ИИМдин «Беркут» тобуна карата газ баллондорун чачышып, «коктейл Молотов» -деп аталган жардыруучу заттарды колдонушуп жатышты. Россиянын телеканалдарынын маалыматтары боюнча, булардын саны ошол кезде 500-1000 адам эле болгон. Ал эми «Майдан» аянтында митингчилердин саны айрым учурда 1000, кээде 2000 гана болгон. Бийликтин митингчилерди таркатуу ниети болгондо буларды ит менен талатып таркатканга мүмкүнчүлүк бар болчу. Тилекке каршы бийлик андай кадамга барбады. Мындан бир апта мурда Россиянын бир журналисти «Беркут» тобунун бир мүчөсү менен телефон аркылуу байланышканда:

«Львов шаарына келгенибизге бир ай болду, бир спорт залда жатабыз. Тамак-аш берилип жатат. Бизге эч буйрук бериле элек, эгер буйрук берилсе, Грушевский көчөсүндөгү бандиттерди, «Майдандагы» митингчилерди бир саатта кууп таштайт элек» -деп айтыптыр.

Украина бийлигинин аракетсиздигинен «Беркут» тобунун 200гө жакын адамы жарадар болду. Батыш Украинада бир милиция каза болуп, экөөсү бычактан оор жарадар болуп азыр өмүрү кылдын учунда турат.

Үчүнчү: Украинада оппозицияга, «правый сектор» -деп аталган топко, улутчулдарга «эмне кылыш керек, кандай кылыш керек?» деген маселелер боюнча чет элдик 200 инструктор кармалып, бийлик аларды «мурундарын канаттырбай» өлкөдөн  жай гана чыгарып жиберишкен. Чынында чет элдик бул инструкторлор Украинанын  мыйзамдары алдында жооп бериш керек эле.

Төртүнчү: Президент Виктор Янукович «Беркут» тобун экстремисттердин таш бараңына алдыртып, өрттүн арасына калтырып коюп 2014-жылдын 16-январында «митингдерде бет кап кийүүгө, жардыруучу заттарды колдонууга тыюу салынат» -деген указ чыгарып, оппозиция лидерлери деп аталышкандар менен үч жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнсүп, Украинанын парламентин шашылыш жыйынын чакыруу маселесин көтөрүп жатты. Украинанын Жогорку Радасынын «шашылыш» -жыйыны бир апта убакыттан кийин араң чогулду.  В. Януковичтин  мындай чечкинсиздиги,  экстремисттик күчтөрдүн пайдасы үчүн  убакытты создуктуруу тактикасы сыяктанат.

Мына ушундай жагдайлардан улам Украина бийлиги тышкы күчтөргө сатылдыбы? -деген ой жаралбай койбойт. Эми Украина үчкө бөлүнүп калышы мүмкүн. Батыш, чыгыш Украина жана Крым автономиялуу Республикасы өзүнчө Республика болуп. Россия бийлиги байкоочу позицияда. Эгер, Украина үчкө бөлүнсө Россия Крымды эч качан бербейт. Себеби, Крым жарым аралында Россиянын «Кара деңиз флоту» жайгашкан. Анын үстүнөн Крымдын калкынын басымдуу көпчүлүгү орус жана татар улутундагылар. Крымдын эли азыр деле экстремисттерге каршы акцияларды өткөзүп жатышат.

Украинадагы окуяларды көрүп, билип жатышкан 2010-жылдагы апрель революциясынын каармандарынын айрымдары:

«Украинага бизди жиберишпейби, «Майданын» да Батыш Украинадагыларды да тазалап, оппозиция лидерлерин Европага же Америкага кууп таштап, кайтат элек!» -деп тамаша кылышат. Бирок, бул сөздөрдүн чындыгы бар.

Кыргыз эли тышкы күчтөрдөн, алардын жалданма адамдарынан сак болуусу керек. Жаз алдында «митинг!» -десе бул митингдердин уюштуруучулары кимдер, жана алардын артында кайсы тышкы күчтөр турат» -ушуну так билип алыш керек. «Эшек-эшектен калса, төрт аягы тыпырайт» -боло бербей!

Болот Кожогелдиев

Айбат гезити №63



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru