Айбат » Марс Сариев: “Эл бийликтин жасаган аракеттерине терең ишеним артса, башка эч кандай күч мамлекеттүүлүкко доо кетире албайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев: “Эл бийликтин жасаган аракеттерине терең ишеним артса, башка эч кандай күч мамлекеттүүлүкко доо кетире албайт”

Сариев Марс- 2014-жыл Кыргызстанда мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяланды. Буга кандай пикирдесиз?

– Абдан туура кадам. Мындай аракетти баштабаса, чындап эле мамлекеттүүлүккө доо кетип калуу коркунучу бар. Ички жактан да, тышкы жактан да ар кандай аракеттер болуп атат. Маселен, кече жакында эле кыргыз-тажик чек арасындагы, андан кийин кыргыз-кытай чек арасындагы окуялар болуп өттү. Украинада болсо бир нече айдан бери эмне болуп жатканын көрүп атабыз. Мына ушулардын бардыгы бизге да өзүнүн таасирин тийгизип келет. Андыктан тиешелүү чараларды көрүү керек.

- Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн кандай чараларды көрүш керек?

– Биринчи кезекте өлкө ичинде саясый жактан болуп аткан окуялардын көзүн ачып, эмне себептен болуп атканын билүү керек. Бийлик талаш үчүн болуп атабы, же мамлекетти оңдош үчүн болуп атабы, айтор себебин табуу зарыл. Мамлекеттүүлүктү сактоо, бекемдөө багытында атайын иш-чараларды уюштуруп, пропагандалык иштерди өткөрүү кажет. Коррупция менен болуп аткан күрөштүн чындап эле мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болуп атканына элди ишендирүү зарыл. Бийликтин вертикалы күчтүү болушу керек. Элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү абзел. Эң негизгиси бийлик элдин ишенимине терең кирүүнүн аракеттерин көрүшү керек. Эл бийликтин жасап аткан иштерине, аракеттерине терең ишеним артса, башка эч кандай күч мамлекеттүүлүккө доо кетире албай калат.

Айбат гезити №63




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru