Айбат » Бакыт Бакетаев: “Мамлекеттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сакташ керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев: “Мамлекеттүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сакташ керек”

Бакыт Бакетаев- Калкыбыздын саны аз экендигине карабай Кыргызстан деп аталган мамлекетибиз бар. Мамлекеттүүлүктүн кыргыз эли үчүн маани-маңызын кандай сыпаттап бере аласыз?

– Мен ушул багытта, кыргыз элиме арнап төрт сап оюмду жазган элем:

«Өткөн жашоодо мен кыргыз болгом,

 Азыр деле кыргызмын.

Эгер дагы жашоо болсо,

Мен кайрадан кыргыз болом».

Мен мына ушул төрт сапка үч убакытты бириктиргим келген. «Кыргызмын» деп айтканда биз сыймыктанып, башыбызды бийик көтөрүп турушубуз керек. Анткени биз дүйнөдөгү өтө бактылуу калкпыз, улутпуз. Анткени биздин өзүбүзгө тиешелүү кереметтүү жерибиз, мамлекетибиз бар. Ошол эле учурда дүйнө жүзүндө канчалаган көп сандагы улуттар мамлекеттүүлүгү жок жүрүшөт. Мисалы, уйгурлар, дунгандар, күрддөр, жана башкалар. Алар ичтеринен «Биздин өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүз болгондо эмне?» деп тымызын тынып жүрүшөт. Биз болсо колдо турган мамлекеттүүлүгүбүздү барктай албай жаткандайбыз. Мамлекеттүүлүк деген бизге өбөлгө болот. Андыктан биз аны көздүн карегиндей сакташыбыз зарыл. Бири-бирибизди жамандабай, мактап турушубуз керек. Мисалы армяндар ар дайым бири-бирин мактап, көтөрмөлөп турушат. Биз болсо тескерисинче, өсүп бара жаткандарыбызды бутунан тартып турабыз. Ушул адатыбызды жок кылып, мамлекетибизди сакташыбыз кажет.

- Бүгүнкү күндө өлкөбүздө болуп жаткан түндүк-түштүккө бөлүү сыяктуу аракеттер мамлекеттүүлүккө канчалык деңгээлде коркунуч алып келет?

– Маселен, кайсыл деңгээлде бөлүнүп жатканыбызга жараша болот. Кыргызстанда ар бир облустун гана эмес, ар бир элеттин да өзүнүн маданияты бар. Ошону биз маданият деңгээлинде кармасак жакшы. Бирок, айрым саясатчылар өздөрүнүн жеке амбициясын жыйыштыра албай, элди бөлүүгө аракет жасап жиберишүүдө. Эл деле аларды таанып калды. Андыктан элибиз бөлүнбөйт. Жогоруда айтып өткөнүмдөй ар нерсенин өз деңгээли бар. Маселен, арактын да деңгээли бар. Мисалы, 50 грамм арак ичсең, ал организмге жакшы таасир берет, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Анан 100 граммдан ашып кеткенден кийин, тилди чулдуратып, адамдын  кадыр-баркына доо кетире баштайт. Ошол эле сыяктуу ар бир аймакта жашаган элибиз өздөрүнүн көнүмүш адаттары, маданияты менен айырмаланып турса дагы, түбү бир – кыргыз. Аны майда-чүйдө оппозициячылбыз дегендер бөлгөнгө аракет кылышы мүмкүн. Бирок, элибиз бөлүнбөйт.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №63




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru