Айбат » Кыргызстандын Бажы Бирикмесине кириши – көп ийгиликтердин өбөлгөсү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстандын Бажы Бирикмесине кириши – көп ийгиликтердин өбөлгөсү

портфельӨлкөбүздөгү олуттуу маселелердин бири – Бажы бирикмесине кирүү керекпи, же кереги жокпу деген суроодо болуп турат. Экономика жаатындагы дасыккан адистер аталган биримдикке кошулуу Кыргызстандын келечеги үчүн өтө жакшы болорун белгилешүүдө. Ал эми ар качандан бир качан бийликке тетири сүйлөп турууну негизги принциби катары эсептегендер: «Бажы биримдигине кирүү өлкөбүз үчүн өтө чоң зыян алып келет, Россияга биротоло көз каранды болуп калабыз» деген пикирлерин таңуулап жатышат. «Биз качанга чейин Россиянын оозун карап отура беребиз?» деп калп эле кара күчкө намыстанымыш эткендер дагы бар. Мына ушунун өзү куру намыс экенин жакшы түшүнүп турушса дагы, Россия биздин эзелтеден келаткан өнөктөш, достук мамиледеги өлкө экендигин билип турушса дагы моюндарына алгылары келбейт. Андыктан Россиянын биз үчүн кандай олуттуу өнөктөш экендигине кыскача токтоло кетпесек болбойт.

Биз Россия менен СССР деген ири держава курулганга чейин эле бирге болгонбуз. Анан СССРдин курамында 70 жылдан ашуун убакыт бирге болдук. Мына ушул жылдар аралыгында элибиздин кат-сабаты жоюлуп, адабиятыбыз дүйнөлүк деңгээлге чейин көтөрүлүп, илимдин кандидаттары, докторлору чыгып, академиктер пайда болуп, залкар таланттар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, таланттарын элге көрсөтүп, таанылып, кыргыз элинин маданиятын көтөрдү. Бүгүнкү биз колдонуп жаткан ири ГЭСтер союз маалында курулду. Шаарлар салынды. Айтор цивилизацияга кошулдук. Буга Россиянын салымы жок деп эч ким айта албаса керек. Ошентип СССР деген ири держава өз доорун сүрүп бүткөндөн кийин деле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле уланып келе жатат. Кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун «Эй Россия, Россия бир боор энем, мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен» деген ыр саптары дагы деле өзүнүн күчүн жогото элек экендигин билебиз. Себеби, өз алдынча мамлекет болгонубуздан кийин демократиянын эпкини менен завод-фабрика, колхоз-совхоздордун бардыгын менчиктештирүүнүн аркасы менен жайлап алып, жумушсуздук деген ооруга чалдыкканыбызды жашыра албайбыз. Ага байланыштуу мекендештерибиз адегенде эле жумуш издеп Россияны көздөй сапар алган. Азыркы тапта Россияда бир миллиондон ашык мекендештерибиз түрдүү жумуштарды жасап жүрүшкөнү маалым. Ал эми дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө барып иштеп жаткан кыргыз жарандарынын саны Россиядагы мекендештерибизге салыштырмалуу өтө аз. Мына ушунун өзү эле кыргыз элинин тандоосу кайсыл жакта экендигин көргөзүп турат. Аны менен бирге Россияда жүргөн жарандарыбыз которуп жаткан акчалардын суммасы бир жылда бир миллиард долларга жете тургандыгы да белгилүү. Бул банк аркылуу гана которулган акчалар. Ал эми чөнтөгүнө салып алып келген акча каражаттарын кошкондо жылына 2 миллиард доллар акча келет. Кыргызстандын бир жылдык бюджети 2 миллиард экенин эске алганда бул сумма өтө чоң сумма экендигин тана албайбыз. Башкача айтканда Кыргызстан өзүнүн жарандарына төлөп бере албаган айлык акыны Россия төлөп берүүдө. Муну бир деп туруңуз. Экинчиден, учурда биз колдонуп жаткан ири ГЭСтердин бардыгы союз маалында орустардын жардамы менен курулганын белгиледик. Мына ушул багытта Россия бизге дагы да көмөгүн көргөзүүгө даяр турат. Маселен Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу, «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу иштери Россиянын жардамы менен болмокчу. Россия бизге кулачын жайып, колун сунуп жардамга келип жатканда Бажы бирикмесине кошулбайбыз деп чыксак, эртең бул курула турган ГЭСтердин тагдырына ким ойлонот? үчүнчүдөн, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майлардын бардыгы Россиядан ташылып келет. Бензиндин баасы бизде Россиядагыдан да арзаныраак тураарын да билебиз. Андыктан Россия бизге күйүүчү майды бажы төлөмүсүз берип жатканын да эске алышыбыз керек. Эгерде бажы төлөмү кошула турган болсо, анда бүгүнкү күндө 36 сом болуп турган бензиндин баасы 60 сомго жетип барышы мүмкүн. Күйүүчү май кымбаттаса, азык-түлүктүн да баасы кымбаттары турган иш эмеспи? Ошондой эле Россия «Газпром» аркылуу Кыргызстанды үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылып турууну да өз колуна алды. Кыштын кыраан чилдесинде газын бууп коюп жаткан айрым өлкөлөргө караганда Россиянын мындай жардамын кантип унутууга болот? Төртүнчүдөн, эгемендик алгандан кийин Кыргызстан батыш өлкөлөрү менен да алака түзүп, натыйжада 3 миллиард доллар карызга малынганы белгилүү. Албетте, дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен мамиле түзүү зарыл. Бирок, кимдин чын ыкластан жардамга кол сунуп жатканына көңүл буруу керек. Маселен, кече жакында эле Россия Кыргызстандын жарым миллиард долларлык карызын кечти. Ал эми батыш өлкөлөрү, Америкага караштуу эл аралык уюмдар буга чейин бир да жолу карызын кечкен күнү боло элек. Мына ушундай жылуу достук мамиленин мындан ары дагы уланышы биздин гана колубузда. Кыргыз эли ийилгенге ийилгин деп келген. Россия бизге ийилип жардамга колун сунуп турганда, биз да ага жараша жооп беришибиз керек. Россия биздин өлкөнүн коопсуздугу үчүн дагы кам көрүп келет. Буга кече жакында эле бир миллиард долларлык курал-жарак бергендигин мисалга тартсак болот. Айрым саясатчылар «Биз Бажы союзуна кошулсак, баалар 3-4 эсе кымбаттайт» деп элдин эсин чыгарууга аракет кылууда. Бул багытта өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев: «Бажы союзуна Кыргызстан кызыкчылыктары корголгон күндө гана киребиз» деген билдирүү жасаган. Андыктан жогорудагыдай саясатчылардын жоромолдорунан чочулоонун кереги жок.

Айбат гезити №63



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru