Айбат » Базарбай Мамбетов: “Бажы биримдигине кошулсак, баары кымбаттап кетет деген туура эмес”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Базарбай Мамбетов: “Бажы биримдигине кошулсак, баары кымбаттап кетет деген туура эмес”

Мамбетов Базарбай27-январда “Азаттык” үналгысынын “Ыңгыйсыз суроолор” теле программасында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу маселеси талкууланды. Ага катышкан коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун пикирин сунуштайбыз:

- Базарбай мырза, сиз эмне үчүн Бажы биримдигине кошулуш керек деп жатасыз?

– Биз Бажы биримдигине кошулсак эле баары кымбаттап кетет деген туура эмес. Мындай сөздөр түшүнбөгөндөн айтылып жатат. Кымбаттаса да 3-4 кымбаттайт. Чындыгында, Бажы биримдигине кошулууну Дордой менен Кара-Суу базарына эле такап салганбыз. Ошолор кандай десе айтканын кылып 7-8 жылга кечигип калдык.

- Азык-түлүк да кымбаттайт деп жатпайбы?

– Азык-түлүктүн баарын өзүбүз чыгарып жатсак эч качан кымбаттабайт. Ал эми Кытайдан келчү сапатсыз азык-түлүктү алып келбей, өзүбүз өндүрсөк болот.

- Сиздин оюңузча Бажы биримдигине кошулган туура болобу?

– Эң туура болот. Биз 2007-жылы эле макул деп кол коюп беришибиз керек болчу. Бирок, “киребиз-кирбейбиз” деп отуруп көп нерседен кур калдык. Биздин президентибиз А.Атамбаев “кошулабыз” деп өз оюн айткандан кийин эле даярдыкты көрүп башташ керек болчу.

Биздин темир жол, унаа жана аба жолдорубуз Казакстан, Орусия менен байланышта. Алар өзүнчө уюм түзгөндөн кийин биз эркин соода кылыш максатында кошулушубуз керек. Бул маселени кенен караш керек.

- Карапайым эл үчүн кандай пайдасы бар?

– Биз бул уюмга кошулсак андагы мамлекеттер менен бир тартипте жашап, алар менен бирге өнүгүүгө жол ачылат. Биргелешип соода кылуу менен экономикабыз өсөт. Ал эми Кытайдан келип жаткан товарлардын баары контрабанда менен келип жатат. Алар тиешелүү органдар тарабынан тастыкталган эмес.

- Айрым жарандар коңшу мамлекеттердеги чек ара маселесин көтөрүп жатат. Эгер биз Бажы биримдигине кошулсак Казакстан, Орусия мамлекеттерине эркин кирип-чыга алабызбы?

– Биз уюмга кошулсак бажы, чек ара тозотторунун баарынан кутулмакпыз. Азыр болсо казактар бизди үчүнчү өлкөдө деп башкача карап жатат.

- Орусия ГЭСтерди “Кыргыз газды” алып бизди көз каранды кылып алды. Эгер Бажы биримдигине кирсек, Орусиянын кайсы бир губерниясы болуп калабыз деген чочулоого кандай карайсыз?

– Чындыгында, андай эмес. Биз Акаев маалынан бери Япония, АКШ сыяктуу мамлекеттер менен соода аласын күчөтөбүз деп келгенбиз. Бирок, иш жүзүндө алыскы мамлекеттер менен алака бири-экин гана болгон. Өзүбүздү-өзүбүз алдап жатабыз. Ушул убака чейин Орусиядан канча пайда аларыбызды эч ким талдап биле элек. Алар бизге келип, “биз менен чогуу өнүккүлө, тажрыйба алмашалы” деген сунушун айтып жатат. Ал эми биз көчө демократиясы деп, эл эмес элита да эч нерсеге жарабай калдык. Ал эми Бажы биримдигине кошулууну элге так, даана түшүндүрө албай жатабыз.

- Мурдагы Каржы министри Акылбек Жапаров, Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов “Бажы союзуна кошулсак БТОго компенсация төлөп калашыбыз мүмкүн” деп айтты. Бул туурабы?

– Мындай пикир жаңылыш айтылып калган. Эгер биз Бажы союзуна кирсек БТОго кирген бир да мамлекет мындай төлөмдү талап кылбайт. Биз алардын бирине да компенсация төлөөгө милдеттүү эмеспиз. Мисалы, БТОго кирген 3-4 мамлекет менен эле товар алмашабыз. Алар Түркия, Кытай жана Шейцария. Аталган мамлекеттер бизден компенсация талап кылбайт.

- Ал эми Жол картаны биз менен макулдашпай эле кабыл алып койгону тоготпогондой мамиле эмеспи?

– Биздин мамлекет башчыбыз чечим кабыл алса, алар бизди кабыл алабыз десе, бул жөн эле деталь. Экономика министрлиги ушул нерсени көз жаздымда калтырбаш керек болчу. Ал эми бул уюмга киргендер Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти (БЭМ) түзүүдө. Эгер БЭМга кирсек анда мигранттар үчүн өтө жеңил болот. Анда мигранттар жыргамак.

- Сиз буга кепилдик бере аласызбы?

– Кепилдик эмес башкасын да бере алам. Мындай сөздү Орусиянын чоң кызматтагы адамдары да айткан.

- Равшан Жээнбеков “бийлик өз бийлигин сактап калуу үчүн уюмга кошулуп жатат, эгер биз уюмга кошулсак казак, орус ишкерлерине атаандаша албайбыз”  деп жатат. Сиз ушул пикирге жооп берип койсоңуз?

– Мен ал кишиге жооп бергим да келбейт. Бирок, орустар менен казактар чыгарган продукцияларды биз да чыгара баштамакпыз. Тилекке каршы, Р.Жээнбеков өз убагында завод-фабрикаларды сатып жиберип ушундай абалга келдик. Ал сатпаганда орустар менен чогуу иштетмекпиз.

Биз каалайбызбы, каалабайбызбы бул уюмга кошулабыз. Андан кийин Бирдиктүү экономикалык мейкиндик боюнча документке кол коёбуз. Ансыз биз өнүгө албайбыз. Аны элдин баары эле билип турат.

Биз Бажы союзуна кошулбайбыз деп жатып айыл-чарба продукцияларын техникалык регламент боюнча иштебей калганбыз. Азыр болсо Казакстанга Ысы-Көлдүн өрүгү менен картошкасынан башкасын сата албай калдык. Алар техникалык регламентке туура келбейт деп бир топ товарларыбызга тыюу салып койгон.

Улукбек КУТМАНБАЕВ

Айбат гезити №63




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru