Айбат » Наргозуевдин «бомбасы»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Наргозуевдин «бомбасы»

Наргозуев Бегалы«Кудайдын ичи кенен экен» дегенден бөлөк аргабыз жок калды. Кечээ гана канкор президент Курманбек Бакиевге келиндей жүгүнө кызмат кылып, аны көкөлөтө мактап, анын уулу Максим Бакиевди президент кылгысы келгендер бүгүн жүзүн өзгөртүп, оппозиционер болуп чыга келгенде «күйбөгөн жерин күл болот» да. Минтип хамелеончосунан жүзүн кубулткандардын көч башында Максимдин экс-өнөктөшү, экс -«ак жолчу» депутат Бегалы Наргозуев турары шексиз.

Бегалы мырза дайыма: «Мен факты менен гана сүйлөйм, менин сайтым (Кыргызстан бүгүн) жалаң гана фактыга таянып жазат» деп айтат. Анын сайты тууралуу кийинчерээк кеп салалы, ага чейин анын: «Максим Курманбекович президент боло алат» деп булбулдай сайраганын фактылар менен көзгө сая көрсөтөлү.

Биринчи факт. Курманбек Бакиев кан-жанынан жаралган уулу Максимди Өнүктүрүү фондунун төрагалыгына дайындап, өлкөдөгү экономикалык тармактарды, деги эле жалпы Кыргызстандын тагдырын колуна салып бергени карапайым калктын кыжырын кайнаткан эле. Ошондо Бегалы Молдогозуевич «Азаттык» радиосу аркылуу үн катып, анын кызматка дайындалышын колдорун, Максим гана Кыргызстанды оңдоп кете аларын билдиргени эсте. Б.Наргозуев танып кетпеси үчүн анын айткандарын сөзмө сөз келтирели: «Мага бул дайындоо кандайдыр бир үмүттөрдү берип атат да. Элибиздин жашоо деңгээлинин өсүшүнө жакшы пайдасы тиеби деген үмүттөрдү жандырып атат. Себеби, министрликтерге кандай гана акча келбесин, кандай гана акчалар өнүктүрүү бюджетине бөлүнбөсүн, ошол акчалар ар түрдүү коррупциялык аракеттердин натыйжасында кумга сиңген суудай жок болуп, жыйынтыгы чыкпай жатчу эле. Азыр бул дайындоонун негизинде менин оюмча Максим Курманбекович иштин жыйынтыгына кызыкдар киши катары ар бир тыйын эсебинде болот. Мен ойлойм, бул киши жаш жетекчи катары жыйынтыкка кызыкдар. Анын негизинде коррупцияга бөгөт коюлуп, кийинки жылдары элдин жашоосунун оңолушуна жардам береби деген чоң үмүт менен отурам. Менин оюмча биздин элдин жашоо-жыргалчылыгына алып келчү дайындоо деп эсептейм». Бул интервью 2010-жылдын 6-январында «Азаттыктын» сайтында жарыяланганын эскерте кетели.

Экинчи факт. 2010-жылдын башында «Учур» гезитине жалаяктай болгон маек куруп, анда дагы Максим Бакиев тууралуу кенен пикирин билдириптир. Журналисттин: «Бегалы мырза, сиз Максим Бакиевди “жаш реформатор” катары баалап, мактап жүрөсүз да. Айтыңызчы, сиз чын эле анын “реформатор” экенин билесизби, же “Акжолдун” депутаты болгонуңуз үчүн жагалданып атасызбы?» деген суроосуна оозу-мурду кыйшайбай туруп минтип жооп берген. Жообуна көз жүгүртүңүз:  «Мм… Ушул жигиттин акыркы жүрүштөрүн көрүп, натыйжалуу жыйынтыктар чыгат деген үмүттөмүн. Элдин турмушунун оңолушуна карай. Мындай ишенимге келгениме бир нече себептер бар. Биринчиден, мурда бюджеттин киреше бөлүгүнө канча акча түшсө, ошону жеп-ичүүгө аракет кылчу экенбиз. Ал эми азыр андай эмес, 2010-жылдан баштап өнүгүү бюджети түзүлдү. Келечекте бул иштин натыйжасы болгону турат, уурдалбай дегеним. Экинчиден, борбордук өнүктүрүү агенттиги аркылуу экономикабызга башкаруунун жаңы технологиясын киргизип атканын байкадым, өзүңүздөр көрүп атасыздар, быйыл бул агенттик негизги төрт долбоорду баштап, ишке киргизүүнү көздөп атат. Айталы, ипотека менен үй салууга элдерге мүмкүнчүлүк түзүлүп, ошого катар айыл чарбасына көңүл бурула баштады. Мунун өзү микрокредиттик уюмдарды түзүү менен жөнөкөй дыйкандарга каржы маселесин чечип берүү жагы каралууда. Бул кур ооз сөз эмес. Буга чейин айтыла келген саясый эрктин ишке ашышы эми көрүлөт. Ушуну менен саясатка келген Максим Курманбекович өзүнүн дареметин Кыргызстанга көрсөтөт дейли. Андан кийинки бу жигиттин саясый тагдыры ушул долбоорлорго байланыштуу болот. Ал эми бул иш чараларды кыргыз эли небактан бери күтүп аткан да. Мына ушул иштердин жанданышына, экономиканын көтөрүлүшүнө Максим мырза бар күчүн жумшап, талыкпай эмгектенет. Менин болжолдуу баамымда, Максим мырза өзүнүн башкаруу жөндөмүн көрсөтүү менен шайлоого барат деген ойдомун. Келечекте шайлоо жолу менен президенттикке барышы мүмкүн».

Мына ушул эки факт Наргозуевдин табигый жүзүн көрсөтөт. Элдин жон терисинен кайыш тилип, «итке миндирип», электр жарыгын эселетип жогорулатып, кыргыз элин «койго» теңегенин көрсө да көрмөксөнгө, укса да укмаксанга салып, тескерисинче, аны колдогон хамелеон мырза бүгүнкү оппозиция терисин жамынып, азыркы бийликти сындаганга моралдык укугу барбы? Эгер сындаганына жараша ынанымдуу аргументтерди келтирсе унчукпайт элек, тилекке каршы, анын айткандары, билдирүүлөрү жалаң гана ушак менен чектелип калып жатпайбы.

Бегалы Молдогозу уулунун Максимчикке тизе бүгө жалынып жалбарып, кагылып мактаганынын сыры ачыкка чыкты. Көрсө, ал «Эсен Эйр» компаниясын жалгыз өзү түптөбөптүр, эки «Боинг» учагын жалгыз өзү сатып албаптыр, аталган компанияда Максимдин 40 акциясы бар тура. Депутаттык мандатын сактап, бизнесин гүлдөтүш үчүн: «Максим Курманбекович эле Максим Курманбекович» деп таманынан чопулдатып өпкөндөн да кайра тартпаганынын себеби ошондон экен.

Ал кез өттү-кетти. Бирок, Б.Наргозуевдин дагы деле М.Бакиевге деген «сүйүүсү» өчө электей. Дегенибиз, ал жетектеген Кыргызстан бүгүн сайтында азыркы бийликти кескин сындаган, шыбаган, ошол эле учурда Курманбек Бакиев менен Максим Бакиевди тымызын мактап, актаган материалдар чагылдырылып турат. Бул Бегалы мырзанын Бакиевдер, андан дагы тереңдетип айтсак Максимден алигиче кол үзө албаганынан кабар бербейби? Кан досу Өмүрбек Суваналиев менен чогуу «Каршылык Көрсөтүү Кыймылын» түптөп, заматта оппозиционер болуп чыга келишинин төркүнү ушул жакта болуп жүрбөсүн? Мындай шартта ал Бакиевдердин «кол жоолугу» болуп, өз мамлекетине чыккынчылык кылган болуп калбайбы?

Айбат гезити №63




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru