Айбат » Равшан Жээнбеков “кой терисин жамынган карышкырбы”?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Равшан Жээнбеков “кой терисин жамынган карышкырбы”?

Жээнбеков РавшанКыргыз саясатында “кой терисин жамынган карышкырлар” арбып кетти. Алардын катарында ар убак Америкадан кеп салып турган ЖКнын “эрке талтаң” депутаты Равшан Жээнбеков да бар. Саясаттагы салмагына жараша жеңил-желпи жүргөн бул жигит эл ишенип шайлаган эл өкүлдүк кызматын тыңгылыктуу аткарбастан, Кыргызстан-Америка каттамында жүргөнү жүргөн. “Мамлекетибизди кантип өнүктүрөбүз?”, “Канткенде стабилдүүлүктү, тынчтыкты камсыз кылып, өлкөбүздү бир калыптагы өнүгүү жолуна салабыз?” деген суроолор деги эле түйшөлдүрбөйт. Маданий иш-чараларда карааны деги эле көрүнбөйт. Бирок, кайсыл жерде ызы-чуу болуп жатса, биринчилерден болуп жетип барат. Жетип барат дагы элди тынчтыкка чакыргандын ордуна шыкактап, “ушинткиле, тынч болбогула” дегендей ишаратын жасап келет. Мындай карөзгөй саясатын Кыргызстанда гана эмес, кечээ жакында эле эле Украинада да жасап кайтты.

Ансыз деле бир нече айдан бери баш-аламандыкка батып, дүйнө элин тынчсыздандырып жаткан Украина майданына барып аларды тынчтыкка чакыргандын ордуна, кайра өрткө “май чачып” келгенин билдик. Мунусун мындай коёлу дагы, анын акыркы учурлардагы “олуялык” касиетинин пайда болгонуна токтололу. Эске сала кетсек, жаңы жылдын алдында, тактап айтканда, өткөн жылдын декабрь айынын ортолорунда Равшан мырза: “Кыргызстанда жакын арада өзгөчө окуялар болот” деп расмий жарыялаганын жамы журт укту. Айтканындай эле ошондон кийин адегенде Баткенде кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу кагылышы болуп кетти. Андан көп узабай Ысык-Көлдөгү кыргыз-кытай чек арасынан кыргыз чек арачыларына куралдуу экстремисттик топ кол салды. Бактыга жараша кыргыз чек арачылары менен ИИМ кызматкерлери 11 адамдан турган бул белгисиз экстремисттик топту жок кылды. Мына ушул окуялардын болуп кетиши Равшан Бабырбековичтин билдирүүсү менен жөн гана дал келип калдыбы же алда нени каңкуулап турабы? Эгерде мындай окуялардын боло турганын билсе, анда ал мындай маалыматтарды кайдан алган болушу мүмкүн? Бул биринчи суроо.

Экинчиден, эмне себептен Кыргызстанга ушундай коркунуч туулуп жатканын билип туруп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлап койгон жок. Же Кыргызстандын тагдыры Р.Жээнбеков үчүн баары бирби?

Эми үчүнчү суроо: Равшан мырзанын “өзгөчө окуялары” ушуну менен токтойбу же дагы уланабы? Мына ушул суроо абдан кызык. Жок дегенде жүрөгүндө Мекени үчүн кымындай жакшы тилеги бар болсо, калган каткан “окуяларын” ачыктап берээр. “Олуялык” касиетин бузукулук иштерге жумшагандан көрө, мамлекетибиздин өнүгүшүнө, тынчтыгына жумшаса эмне? Анан дагы Равшан Бабырбековичке бериле турган өзгөчө суроолор арбын. Эмне себептен өзүңүз убагында (2003-2004-жылдары) чалмасын чалып койгон “Кумтөр” маселеси менен бүгүнкү бийликке каршы чыгып жатасыз? Же кыргыз элин кеңкелес ойлоп жатасызбы? “Кумтөр” маселесинин ушундай көйгөйлүү болуп калышына бүгүнкү бийликте тургандарга караганда өзүңүз көбүрөөк күнөөлүү экендигиңизди мойнуңузга алгыңыз келбейби? Эгерде патриот болсоңуз, “Убагында кызматымды сактайм деп иттик кылыптырмын” деп куруңузду мойнуңузга алып, кыргыз элинен кечирим сураганга эркиңиз жетеби? Өткөн жылдын аяк ченинде Ысык-Көлдүн Саруу айылына барып, “Митингге чыккыла, жер-жерлерде митингге чыккыла! “Кумтөр” элдики болушу керек” деген үгүттөөңүз үчүн өзүңүздү айыптуу сезбейсизби? Тактап айтсак, ушундай билдирүү жасаганга моралдык укугум бар болчу деп эсептейсизби? Анткени жогоруда айткандай бул маселенин ушундай чуулгандуу болуп калышына өзүңүз кол кабыш кылып, кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы иштегендердин катарында болбодуңуз беле? Айтор, бере берсек суроолор өтө көп. Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат болуп, өзү жасаган кылмыштуу иш үчүн бүгүнкү бийликти айыптап отурган Равшан мырзаны деги абийири уктатат болду бекен деген ойго келесиң. Анан дагы “Америка базасы жөн эле чыгып кетпейт” деген кептер да жүрүүдө. Америкага ат тезегин кургатпай каттап турган Равшан Жээнбеков Америка базасынын арты менен дагы Кыргызстанга кыянатчылык иш кылышы толук мүмкүн. Аны билимдүү дегендер четтен чыгат. Бирок, көкүрөгүндө Мекеним деген аруу, таза тилеги оргуштап кайнап турбаса, отуз жыл окуган билимиңден не пайда?

“Убагында айтпасаң сөз атасы өлөт” дейт. Мөртү келип турганда бир орчундуу маселени такташтырып алалы. Р.Жээнбеков коомчулукка Батышчыл саясатчы, Американын «тыңчысы» катары таанымал. Тар чөйрөдө анын саясаттагы кадамдары ириде өз кара башын сактоо, ошол эле учурда АКШнын «заказын» кынтыксыз аткарып жатканы кызуу талкууланууда. Мында акыйкаттын үлүшү арбындыгына анын басылмаларга курган маегинен байкайсың. Мисалы, ал «Арена» гезитине курган маегинде Америка менен болгон алакабыз сууп жатканын, Америка акыркы 10 жылдан бери Кыргызстанды финансылык, техникалык жактан колдоп, саясый, экономикалык реформалардын жүзөгө ашышына зор огожо болгонун баса белгилептир. Мындай сөздөрдү айтканына жараша конкреттүү аргументтерди кошо мисал келтиргенде жакшы болмок экен деп биз бул жакта ичтен тынып отурабыз.

Жанатан бери мисал келтиргендей, Равшан Бабырбекович өз мекенинин келечегине ор казып, кайсы бир сырткы күчтөрдүн “кукласына” айланды. Минтип мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетирип, ички биримдикти ыдыраткан адамдарды акылман элибиз өзү эле четтетип койгонун тарыхтан окуганбыз. Ушуну Р.Жээнбеков эсине түйүп алса дейбиз. Же ал кайрадан АКШга журт которгусу келип калганбы?

Дамир ЭСЕНГЕЛУОВ

Айбат гезити №63




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru