Айбат » Эл өкүлдөрү «Кумтөр» жоопкерчилигинен эмнеге качууда?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эл өкүлдөрү «Кумтөр» жоопкерчилигинен эмнеге качууда?

ЖК«Кумтөр» деп кыйкырып, өздөрүнө саясый упай топтоп, эл көзүнө баатыр көрүнгүсү келгендер өтө көп болгону менен, бул маселени чечүү жагына келгенде, жоопкерчиликти мойнуна алгысы келгендер жокко эсе болууда. Шайлоо маалында бардык маселелерди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечип берем дешип толтура убадаларды берип келишкен эл өкүлдөрү дагы бул маселеге келгенде коңулга кирип кеткен коёндой жашынып калгылары бар. Буга эл өкүлү Бакыт Төрөбаевдин «Кумтөр» маселесин референдум аркылуу чечүүнү максат кылган мыйзам долбоору мисал боло алат. Эми жакшылап терең ойлонгон адамга «Кумтөр» маселеси таптакыр референдумга туура келбей турган маселе экендиги анык. Себеби, аталган маселе – бул өтө татаал экономикалык маселе.

Ал эми референдум деген – жалпы элдик добуш дегенди түшүндүрөт. Эгерде жалпы элдин бардыгы экономика жаатында адис болгон болсо дагы бир жөн эле. Тилекке каршы андай эмес. Экинчи жагынан «Кумтөр» маселесине кандайдыр бир добушун берүү үчүн тоо-кен тармагынан да түшүнүгү болушу керек. Биздин айрым эл өкүлдөрү тоо-кен тармагынан таптакыр түшүнүктөрү жок экендигин көрсөтүп жатышкандан кийин, бул маселени жалпы элдин добушуна коюу канчалык деңгээлде логикага сыят дагы, канчалык деңгээлде туура кадам болот?

Мына ушул багытта белгилүү саясат таануучу Бакыт Бакетаев төмөндөгүдөй пикирин билдирген: ««Кумтөр» боюнча маселени Жогорку Кеңеш чечеби, же жалпы кыргыз эли чечеби, же Өкмөт башчы өзү чечип коёбу, кандай болгон күндө дагы эл аралык сот үчүн баары бир. Канадалыктар эл аралык сотко «Кыргызстан келишимден бир тараптуу чыгып кетти» деп арыз жазат. Анан ошонун негизинде иш козголуп, териштирүүлөр жүрөт. Биз референдум аркылуу чечсек дагы аны эл аралык сот кабыл албайт. Алар мыйзамдуу жол менен гана карашат.

Кыргызстандын беш миллион эли ыйлап барса дагы, сот көңүл бурбайт. Мыйзамдуулук көз жашка ишенбейт. Бул биринчи жагы. Экинчиден, бул маселени реформага койсок, кыргыз эли экиге бөлүнөт. Биринчи жагы «Кумтөр» 100 пайыз Кыргызстандыкы болсун дейт. Экинчи жагы 50/50 пайыз болсун дейт. Анан түшүнбөстүктөрдөн улам бизде дагы Украинадагыдай майдан болот. Ошондуктан референдум менен чечүү жолу туура эмес». Ырасында эле биз өзүбүз референдумга коюп, өз алдынча чечим чыгарып койгонубуз менен алдыда баягы эле эл аралык сот дегендин күтүп турганы турган болот. Референдум аркылуу келишимден бир тараптуу чыгып кеткенибиз менен аны эл аралык сот колдобойт.

Үчүнчүдөн референдум өткөрүү үчүн миллиондогон акча каражаттары сарпталат. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматтар боюнча бир шайлоону өткөрүү үчүн эң эле аз дегенде 200 миллион сом акча коротушат. Демек, референдумга деле ошончо каражат кетет. Ал эми өлкөбүздүн азыркыдай оор экономикалык абалында ашыкча 200 миллион коротуунун канчалык зарылчылыгы бар? Андан көрө эл шайлаган депутаттар, депутаттар курап берген өкмөт бардык жоопкерчиликти алып, бир чечимге келгендери туура эмеспи?!

Айбат гезити №63



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru