Айбат » Жамин Акималиев: “ЖК депутаттары референдум өткөзөбүз деп элге жагынып, анан жоопкерчиликтен кутулабыз дешүүдө”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жамин Акималиев: “ЖК депутаттары референдум өткөзөбүз деп элге жагынып, анан жоопкерчиликтен кутулабыз дешүүдө”

Акималиев Жамин- ЖК депутаттары “Кумтөр” маселесин референдумга алып чыгууну сунушташууда. Бул маселе референдум аркылуу чечилиши керекпи?

– Жок, “Кумтөр” маселеси Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн мойнундагы чече турган маселе. Алар бул маселени референдумга алып чыгуу менен жөн гана жоопкерчиликтен качып жатышат. ЖК маселенин чечилбей жатканын өкмөткө шылтоолойт. Эгерде минтип жоопкерчиликтен кача турган болушса, анда депутат болуштун деле кереги жок болчу. Алар мындай аракеттери менен маселени чечүүгө эл катышсын дегени эмес, өздөрү чече албай койгон маселени элге жүктөп коюуну көздөшүүдө. Ал эми референдум деген нерсени да жакшы билебиз. Ал жеткен балит нерсе. Андан каалагандай жыйынтыкты алдын-ала даярдап алса да болот. Мурун деле мындай референдумдар болуп келген. Алардын жыйынтыгы ар кандай болуп бурмаланып турса дагы Конституциялык сот бекитип койчу. Азыр болсо Конституциялык палата бар. Анын да кандай иштеп жатканын көрүп атасыңар. Андыктан бул маселени референдум менен чечүүгө болбойт!

- Эгерде референдум болуп, анда ошол сунушту айтып жаткан депутаттар күткөн чечим чыкса, аны эл аралык сот кабыл алабы?

– Кабыл албайт. Биздин депутаттар ойлонуп чыккан референдумду карап да коюшпайт. Экинчи жагынан референдум өткөрүү үчүн өтө чоң каражат кетет. Ансыз да экономикалык жактан кыйын абалда турганда мунун бизге кереги барбы? Ал эми анын жыйынтыгы кандай болору деле алдын-ала түшүнүктүү болуп турат. Биз реформа аркылуу орчундуу маселелерди чечүүгө саясый жактан бышып жетиле элекпиз.

- ЖК депутаттары жоопкерчиликтен качып жатат деп атпайсызбы. Өздөрүнө тиешелүү жоопкерчиликти элге жүктөп жаткандарына кандай карайсыз?

– Тескери көз караштамын. Бул деген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деген даражага татыксыздыгын көргөзүп аткандары. Элдин колдоосу менен эмес, партиянын тизмеси менен гана келип алгандарынын натыйжасы. Экинчи жагынан дагы бир жылдан кийин шайлоо болот. Мына ошол шайлоодон да чочулап жатышса керек. Эгерде бул маселени чече албай калышса, кийинки шайлоодо эл колдобой коюшу мүмкүн. Ошондуктан эптеп элге түртө салгылары келүүдө. Мындай кадамдары менен алар, биринчиден элге жагабыз деп жатышат. Экинчиден, жоопкерчиликтен кутулабыз деп ойлошууда.

Айбат гезити №63



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru