Айбат » Пиар менен жашаганга маш «Республиканын» төбөлү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Пиар менен жашаганга маш «Республиканын» төбөлү

1Кыргыз саясатында ар бир кадамын маалымат каражаттарында чагылдырып, андан саясый упай топтогон фигуралар арбын

Алардын бири — экс-премьер-министр, «Республика» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов. Туңгуч ханзаада Айдар Акаевдин этегине эрмешип, кийинки ханзаада Максим Бакиевдин тилин таап бизнесин гүлдөткөн бу жигит апрель окуясынан кийин да талаада калбай, өкмөт башчылыгына чейин жетти. Ошол кезде ажаатканага барып койсо деле теледен чыгып, «теле жылдыз» наамына татыганын билебиз

Тилекке каршы, анын баштаган иштери ара жолдо калып, мунун бардыгы кургак популизм, пиар үчүн гана жасалганы тастыкталган кербези.
Сөзүбүз супсак болбосун үчүн тирүү фактыларды алдыга жаялы. Өмүрбек Токтогулович «Коопсуз шаар» аталыштагы программаны жүзөгө ашырарын, натыйжада борбор калаабызда ала таякчан МАИчилер жоголуп, бардыгы видео-көзөмөлгө алынмак. Бирок, кашайып, аталган программа акча жасоонун кезектеги амалы экендигин Юстиция министрлиги ашкереледи. Ошону менен «Коопсуз шаар» «оомийин» болду.

Дыйкандарга жеңилдетинген кредит таркатарын, анын көлөмү 1 млрд. сомду түзөрүн айтып дыйкандарды кубанткан да Бабанов эле. Турмуш жүзүндө мындай демилге да теңирден тескери чыкты. «Республиканын» жер жерлердеги өкүлдөрү гана жеңилдетилген кредит алып, ал эми көпчүлүк бул ырыскыдан куру калганын журналисттер жакшы эле чуулдатышты. Айтор, мындай мисалдарды тизмектей берсек толтура.

Баарынан күйдүргөнү былтыр борбор калаанын четинде жайгашкан Орто-Сай айылында Кыргызстандын желегин желбиретип, мунусун да ойда рекламалаган. «Мурдагы премьер Өмүрбек Бабановдун жеке демилгеси, каржылоосу менен Орто-Сай айылындагы дөбөгө Кыргызстандын желегин орноткону мекенчилдик маанайдагы зор иш болду. Аны атайын Түркиядан жасаттырып алып келиптир. Ээнсиреген дөбөгө желбиреген желекти көрүп баргандардын агымы күндөн-күнгө көбөйүп, Орто-Сайдагы дөбө сүйүшкөндөрдүн, эс алгысы келгендердин, жаштардын жайына айланып баратат» деп гезит беттеринен, теледен түшпөй калган. Ал эми туунун желбиретиши да кезектеги «шоу» экени ачыкка чыгып отурбайбы! Көрсө, бала Бабанов желекти көтөргөнү менен аны мыйзамдаштырганды «унутта» калтырыптыр. Бүгүнкү күндө желек Бишкек мэриясынын да, өкмөттүн да балансында эмес экени туунун шамалдан тең экиге бөлүнүп калганынан кийин билдик. Дагы жакшы, азыркы өкмөт намыска жарап 5000 доллар сарптап, тууну калыбына келтирди. Ал эми мыйзамсыз туу орноткону үчүн Өмүрбек мырза мыйзам алдында жооп береби?  интернет булактарынан алынды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru