Айбат » “Кочкорлор” биригеби же “сүзүшөбү”?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Кочкорлор” биригеби же “сүзүшөбү”?

1

Р.Жээнбеков, К.Кадыров, К.Ташиев, А.Бекназаров жана М.Мырзакматовдун катышуусунда жаңы оппозициялык кыймыл түзүлөрү тууралуу аңыздар желдей тарады. Бул кыймыл ЖКны мөөнөтүнөн мурда таркатып, президентти отставкага айдоо демилгесин көтөргөнү менен, түпкүлүгүндө бийликти күч менен басып алууга багытталган дейт. Мындай «барбарос-планын» жүзөгө ашыруу максатында эл өкүлү Исмаил Исаковду катарына кошуу аракети жүрүүдө. Ошондой эле «Чыңгызхандын урпагы» Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов менен Кубанычбек Кадыровду радикалдуу кадамдарды жасоого, тактап айтканда, жергиликтүү бийлик имараттарын ээлеп алууга чакырганы неси? Өткөндөн сабак албаган Камчыкенин бул кылыгын түк түшүнбөй турубуз. Дегеле «эки кочкордун башы бир казанда кайнабай» турганын эске алганда, ысымы аталган лидерчыкмалардын «тандеми» түбөлүктүү болушу кыйын.

Оппозиция үчүн быйылкы жаз акыркы мүмкүнчүлүк экени талашсыз. Бийликтин кетирген кемчиликтерин конкреттүү аргументтердин негизинде көзгө сая көрсөтө албаганынан улам эптеп «төңкөрүш» кылуу аракетине өтүштү. Себеби, быйылкы жаздан эптеп өтүп кетсе эмки жылкы парламенттик шайлоого карата даярдык көрүлө баштайт. Ал эми парламенттик шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү азыраак. Мындай кырдаалда «басып» алуудан бөлөк арга жок дегендери го. Бирок, кимдин ким экенин билген эл аларды колдобошу аштан бышык. Себеби, карапайым калкка эң башкысы тынчтык, мамлекетибиздин бүтүндүгү керек.

Айбат гезити №64



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru