Айбат » Коррупционер – «больнойлор» парады: Келдибеков, Сулайманов, Осмонов, Түлеев…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Коррупционер – «больнойлор» парады: Келдибеков, Сулайманов, Осмонов, Түлеев…

Pinigai.

«Кыңыр иш кырк жылда билинет», «жемейдин кусмайы бар» макалы жөн жеринен жаралбаганы эчак далилденген. Бул макалды кыргыз саясатчылары дагы бир ирет турмуш жүзүндө тастыкташууда. Коррупцияга каршы күрөш катуулап, убагында мамлекеттин, элдин байлыгын уурдап, миллионер болгондор четинен камалып, сот алдында жооп берип, «жегенин кусарга» келгенде «ооруп өлгөнү калдык» деп ооруканага жатып алганды «салтка» айландырып жиберишти. Буга Нурлан Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Курманбек Осмонов, Нариман Түлеев сыяктуу фигуралардын «жоругун» мисалдасак жарашат.

Түлеев НариманБашкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде качкын президент Курманбек Бакиевдин “уулу”, борбор калаанын экс-жетекчиси Нариман Түлеев 2012-жылдын 21-июнунда камакка алынган эле. Көзөмөлдөөчү орган Нариман Ташполотовичти Бишкек мэри кезинде Кытайдан келген 200 автобустан 1,4 млн. доллар “ап” этип койгон деп айыптаганын эскерте кетели. Кийинчерээк таштанды жыйноочу машинени сатып алууда мыйзам бузууга барган, мурдагы бала бакчанын имаратын мыйзамсыз сатканы ачыкка чыгып, дагы кылмыш иштери козголгон болчу. Кылмыш иши ачылганга чейин куландан соо жүрүп, өкмөт башчысы болом деген Нариман мырза абакка отургандан төрт күн өтүп-өтпөй, тактап айтканда, 2012-жылдын 25-июнунда Марина Данько аттуу медиктин оозу менен өзүн ракка чалдыккан адам кылып жарыялады. Марина айымдын билдиришинче, Н.Түлеевдин оорусу катуу экен. Бирок, М.Данько муну тастыктоочу тийиштүү документтерди көрсөтө алган эмес. “Нариман Түлеев эркиндикке чыгыш үчүн “өлүмүш” актердун ролун аткаруудан да кайра тартпай калган го” деген шектенүүлөрдүн жаралганы ошондон. Мындай бүдөмүк ойдун жаралганы туура, эмнеге кылмыш иши козголсо эле “оорукчан” боло калат? Эмне үчүн айыккыс дартка чалдыкканын мурда билген эмес? Ушундай олуттуу суроолорго алигиче жооп табыла элек…

 

Сулайманов НурланСулаймановдун “оорукчан” жүрөгү

Коррупцияга байланыштуу козголгон чуулгандуу кылмыш иштеринин арасынан «ата журтчу» Нурлан Сулаймановду кездештиресиң. Башкы прокуратуранын ырасташынча, Н.Сулайманов транспорт министри кезинде «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып», өлкө казынасына 250 млн. сомдук зыян келтирген. Көркөмдүү айтканда, Нурлан мырза 250 млн. сомду «ап» этип койгон. Бул билингени гана, дагы жакшылап казса, жүздөгөн миллиондун башы кылтыйып чыгышы толук ыктымал. Минтип былыгы чыгып, «кош бол, эркиндик!» ырын ырдарын алдын ала туйганбы, кайран жигит дароо Москвага «зыр-р» коюп, андан ары Германияга жол тартыптыр. Жардамчыларынын кабарлашынча, Н.Сулаймановдун жүрөгүнө операция жасалыптыр. Дагы бир жолу кайталайлы, бул Сулаймановдун жардамчыларынын айткан кеби. Ал эми чындап эле операция жасалдыбы же жокпу? Же ал кандай шылтоо табарын билбей ушинтип актанып жатабы? Себеби Н.Сулаймановдун Германиядагы кайсы клиникада жатканы, операцияны кимдер жасаганы жана ага канча каражат сарпталганы тууралуу тийиштүү документтерди азырынча көрө элекпиз. Анын үстүнө, Сулайманов эч кандай оорубай-этпей эле Москвада күн кечирип, Кыргызстандан барган мекендештерин коноктоп, коньяктан шыңгытып жатканын эркин басылмалардын бири жар салганы маалым. Жүрөгү ооруган адам коньякты кантип ичет, анда эле дароо «чын дүйнөгө» аттанбайбы? Андыктан Нурлан Сулайманов калп эле «оорумуш» боло калганын божомолдосок жаңылышпайбызбы?

“Ата журтчунун” мындай “куулугун” Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) илгиртпейт түшүндү. “Оорусаң жакшылап дарылан, убакыт кенен болсун” деген БШК Сулаймановду мандатынан ажыратып салды. Эми Сулайманов мекенине биротоло келбейби?

 

Осмонов Курманбек“Кумтөр” келишимине кол койсо жакшы, жооп берерде…

Бүгүнкү күндөгү олуттуу көйгөйлөрдүн бири саналган “Кумтөр” маселеси көтөрүлгөнү бараандуу саясатчылардын табигый жүзү сыйрылды. Өзгөчө Кыргызстанга кыянатчылык келтирди делген 2003-2004 -жылдардагы келишимге кол койгон экс-чиновниктердин ысымы аталганы айрымдардын жүрөгү “кармай” баштады. Мисал катары эл өкүлү Курманбек Осмоновдун таржымалын айтсак жарашат. Курманбек Эргешович 2003-жылы Юстиция министри катары келишимге кол коюп, кол коюп гана тим калбастан, жаңы келишимди көкөлөтө мактаган катты “Центерра” компаниясынын жетекчилигине жолдогону белгилүү. Ушул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголору менен Курманбек мырза дароо “оорукчан” болуп чыга келди. Алгач көзүнө операция жасатмакчы болуп Санкт-Петербургга сапар алды. Ал жактан келери менен жүрөгү кармап, ооруканага жаткырылганы кабарланды. Жарыктык кишинин бул “жоругун” “куулук” катары кабылдагандар арбын. Себеби анын оорусуна байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулду. К.Осмонов дагы канча мезгилге чейин “ооруп” жатарын убакыт көрсөтөр.

 

Келдибеков АкматбекАт минип алкынган келдибеков “оорукчан” экенин эми билди

ЖК депутаты Акматбек Келдибеков “больной” экенин ушул кезге чейин билбей жүрүптүр. Качан гана Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (“Коррупция”) негизинде кылмыш иши ачылып, өткөн жылы 20-ноябрда кылтакка илинип, темир торго отургузулганы дени карды соо неменин заматта “шайы” оой түштү. Укук коргоо органдарынын ырасташынча, А.Келдибеков социалдык фонддун жетекчиси, мамлекеттик салык кызматынын башчысы, ЖК төрагасы кезинде жалпы жонунан өлкө казынасынан 40 млн. сомду сол чөнтөккө сологон экен. Бул билингени гана, ал эми билинбегени канча дейсиң? Мындай түкшүмөлдүн жаралышынын олуттуу жүйөөсү бар. Өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалап, жалаң айлыкка жашаган Келдибеков Ысык-Көлдүн жээгинен 11 коттедж (ар биринин баасы 250 миң доллардан турат), баасы 100 миң доллардан жогору турган ондогон элиталык батирлер, “хан сарайлар”, 10го чукул “темир тулпарлар”, жалпысынан 30дан ашуун имаратка ээлик кылары документ жүзүндө тастыкталганын билебиз. Бирок, мындай мүлктөрдү кайсы каражаттан тапканын так түшүндүрүп бере алган жок. Демек, укук коргоо органдары ушул фактыларды иликтеп, юридикалык баа бериши абзел.

ЖК төрагасы кезинде “криматалык” Камчы Көлбаев менен жаңы жыл тосуп, улак тартыштарга калбай барып ойноп, атты алкынта минип жүргөн Акматбек Келдибеков темир торго тыгылары менен “оорукчан” кейпин кийгени көпчүлүккө түшүнүксүз болуп туру. Анын адвокатынын айтымында, Келдибеков 11-январдан бери ооруканага жатып, эки жолу бутуна операция жасатыптыр. Ылайым эле айыгып кетсин дейбиз. Бирок, ушул кезге чейин куландан соо жүргөн адамдын заматта “өлүмүш” болгону акылга сыябы?

Коррупцияга каршы күрөш дагы уланары шексиз. Бул процесстин жүрүшүндө дагы далай саясатчылардын жүзү сыйрылары калетсиз. Эгер ошондо алар дагы “ооруп” калышса не кылабыз? Мындан улам, бизде бир сунуш бар. Бардык саясатчы аттууларды медициналык текшерүүдөн өткөрүп, оорукчан же соо экенин текшертип көрсөк кантет?  Ой бөлүшчү, окурман…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №64



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru