Айбат » Өкмөттүн “байтактын шымындай” токтомдору же болбосо “Сынчынын сыңар өтүгү майрык”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өкмөттүн “байтактын шымындай” токтомдору же болбосо “Сынчынын сыңар өтүгү майрык”

1

Жүйөлүү кепке, мыйзамга жыгылып, айыбын мойнуна алып көргүсү келбеген Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева айым мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү болуп туруп, мыйзамды көзгө илгиси келбейт.

Дегеним, “Баягы Асаба” газетасынын 2014 жылдын Январь айындагы бир санында берген маегинде Ж. Жолдошева:

“Көгүлтүр Ысык- Көлдүн жээгинен “Курманжан-датка” фондусуна берилген 15 гектар жер Архитектура жана курулуш агенттигине тиешелүү. Менин бул жер тилкесине эч кандай тиешем жок. Бул жерге азыр Мамлекеттик Архитектура жана курулуш агенттиги  кыргыздын 11- улуу  инсанына арнаган тарыхый комплекс куруп жатат. Комплекс, улуттук парк,  бүтөөрү менен ал мага, “Курманжан датка” фондусунун төрайымына өткөрүлүп берилет. Жер тилкеси 49 жылга ижарага берилген” деп  айтыптыр”. Шумдугуң кургур!  Мындай шумдукту улуу комбинатор Остап Бендер да ойлоп таба албаптыр!

Жер тилкеси, “Курманжан датка” фондусуна берилген”- дейт да кайра “менин эч тиешем жок” -дегени эмнеси Жылдыз айымдын.  Эмне үчүн мамлекеттик казнадан   47 млн. сомго  комплекс куруп аны кайра “Курманжан датка” фондусуна- Ж. Жолдошевага өткөрүп бериш керек?

ит бомжКыргыз Республикасынын “Граждандык Кодексинин” 162 беренеси боюнча- коомдук фонддор мамлекет тарабынан каржыланбайт. Бул биринчиден. Экинчиден, ушул эле Кодекстин ушул эле беренеси боюнча коомдук  фонддордун мүчөлөрү болбойт. Демек, Ж. Жолдошева айткандай болсо, курулуп жаткан комплекске бир өзү кожоюн болуп калат-деген кеп. Жогоруда белгилегендей газетага берген бир маегинде “жер тилкесине эч тиешем жок” -деп бир айтып, кайра эле “жер тилкеси 49-жылга ижарага берилген” -деп мурдагы сөзүнө карама каршы пикир айткан “мыйзам чыгаргыч”  Ж. Жолдошева чалмакейди чалгысы келгени, дүрбүсүз көзгө даана билинип жатат.

Баса, Ж. Жолдошева  “ Көлдөгү жер тилкесине кыргыздын 11-улуу инсанына арнап тарыхый комплекс курулат” -деп жатат. “Кыргыздын улуу инсандарын” ким аныктаган ? Ж. Жолдошевабы?

Буга чейин Ж. Жолдошева “Ысык-Көл” районунун “Чоңсары-Ой” айлындагы жер тилкесин Кыргыз өкмөтүнүн №148. 20. 3. 2003- жылдагы жана ушул эле өкмөттүн №507. 11. 9. 2008- жылдагы токтому менен берилген” -деп келген. Өкмөттүн бул токтомдору КР. “Жер Кодексине” карама каршы келет. “Жер Кодексти “ боюнча жеке адамдарга жана юридикалык тараптарга өкмөттүн жер бөлүп бергенге эч укугу жок. Сөз кылып жаткан “Жер Кодексинин”  20-беренесине ылайык өкмөт: КР. аймагында жер саясатын жүзөгө ашырат, чек араларды аныктайт, аймактын чек жерлерин бекитет, жер боюнча программаларды иштеп чыгат, реформаларды жүргүзөт, жердин коопсуздугун сактайт жана дагы ушул сыяктуу стратегиялык багытта гана иш алып барат.

Илгери Байтак аттуу жүдөө адам болуптур. Кийген тери шымынын жамаачыланган жери калбай, “шым эле аты бар” нерсени эки бутуна салып, белине чейин илип алчу экен. Ошондон “Байтактын шымындай” -деген сөз эл аралап ушуга чейин лакап болуп айтылат.. “Курманжан датка” фондусуна жер тилкесин берген жогорудагы өкмөттүн токтомдору ошол “Байтактын шымындай” -эле.

Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 2-чи главаларынын бир канча беренелерине ылайык жер тилкелерин жарандарга жана юридикалык тараптарга берүү укугу жергиликтүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү кеңештерге, жергиликтүү элге берилген.

Сөз акырында айтчу кеп. Өгүнү “Чоңсары-Ой” айыл өкмөтүнүн жашоочулары “Курманжан датка” фондусуна берилген жердин 2 гектарын калтырып калганын кайтаруу жөнүндө “ жашоочулардан 800 кол топтодук” -дешип чурулдап жүрүшөт. Кол топтоо менен маселе чечилбейт. “Чоңсары-Ой” айылынын айыл өкмөтү, айылдык кеңеш, же бул айылдын тургундары: “Курманжан датка” фондусуна мыйзамсыз берген өкмөтүн жогорудагы “Байтактын шымындай” болгон  токтомдорун жокко чыгаруу боюнча КР. “Жер кодексинин” 119-беренесине ылайык  райондук сотко  арыз менен кайрылыш керек. Мына ошондо гана бул юридикалык казуска чекит коюлат эгер, сот калыс, мыйзамдуу чечим чыгарса.

Айбат гезити №64



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru