Айбат » Чындыктын эпкинине каршы «заара ушаткан», бийликти өч алуучу куралдай эсептеген Кубанычбек Кадыров

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чындыктын эпкинине каршы «заара ушаткан», бийликти өч алуучу куралдай эсептеген Кубанычбек Кадыров

политик саясатчыАзыркы оппозициячылдардын ичинде “бет тырмооч” деген ысымга куп ылайык келе турган саясатчылар “өсүп-жетилди”. Карандай калптын казанын кайнатып жүрүшсө деле, “чындык эле чындык” деп чурулдамай адаттары бар. Ошондой адамдардын катарында “Чындык” (“Калпты чындай айтуучулар” партиясы десе болот) деген партияны түптөгөн Кубанычбек Кадыров бар. Мына ушул чындыкты чырылдатып калпка айлантууга маш Кубанычбек мырзаны кече күнү ИИМ кызматкерлери 2010-жылдын 8-апрелинде Ош шаарындагы “Ошо Интек” аттуу фирманы тоноого шектүү катары суракка чакырышкан экен, уюлдук телефону аркылуу оппозициячыл багыттагы басылмалардын бардыгына кабарлап, айгайлаган ызы-чуу салып алды. Анан кыргыз тилдүү басылмалардын бирине адатынча “балп” этме маегин бере коюптур. Адегенде ошол фирманы тоноого шектүү катары эсептелинип жатканынын жөнүн айтып коёлу. Фирманын ээси Мадабаев “бизди Кубанычбек Кадыров тоногон” деп ИИМ кызматкерлерине кайрылган экен. Демек, өлкөбүздүн жараны өз укугун коргош үчүн атайын кайрылып жатса, аны териштирүүгө укук коргоо кызматкерлери аракет кылбаганда ким кылат? Же “Кадыров оппозициячыл саясатчы эле” деп тийбей коюш керекпи? Анан дагы Кубанычбек мырза “Мен 2010-жылдын 9-апрелинде Швециядан учуп келгем. 8-апрелде тоноону каяктан кылган болом?” деп тим эле көшөкөрлөнөт. Ушундан улам биздин оппозициячылбыз деген саясатчылардын Кыргызстанда бир ызы-чуу боло калса эле, чет өлкөдө жүрүп калгандары кызык факты экендигин айтып коёлу. Маселен, буга чейин Ысык-Көлдө “Кумтөр” маселеси боюнча митингдер өтүп, анда аталган ишканага электр энергиясын берүүчү подстанцияны өчүрүүгө, жол тозууга, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө чейин барышканда аны уюштурууга шектүү саясатчылардын бардыгы “Мен чет өлкөдө жүргөм” деген актанмайларын айткан болчу. Бул дагы ошол сыяктуу эле актанмай экендигин кантип аңдабай коёлу. Бул биринчиден. Экинчиден, 8-апрелде талап-тоноо болуп жатса, 9-апрелде энтеңдеп Кубанычбек мырзанын Швециядан учуп келе калганы деле бир нерсени каңкуулабайбы? Азыр оппозициячылдар ар кандай мыйзамсыз аракеттерге өздөрү тикелей катышпастан, акчанын күчү менен адамдарды чыгарып, өздөрү алыстан көз салып тургандарын билбейбизби? Эгерде ошондой ызы-чуунун арты менен өздөрү ойлогондой натыйжа боло калса, бардык чет өлкөдө жүргөн оппозициячылдар эртеси эле күнү учуп келишмек да, туурабы? Ушул жагын башкалар түшүнбөйт деп ойлогон Кадыров мырзага жол болсун. Анан ошол эле маегинде Кадыров мындай дейт: “Кезек келет, мен да бийликке келем, ошондо Суранчиев менен Жусубалиевди түрмөнүн төрүнө отургузам”. Кеп болбосоң, коё кал. Эмнеге, кайсы күнөөсү үчүн түрмөнүн төрүнө отургузуш керек? Кадыровду суракка чакыртып койгону үчүнбү? Кубанычбек мырзада мыйзам деген нерседен түшүнүк барбы деги? Же эси-дартынын бардыгы эле эптеп бийликке жетүү, анан өч алуубу? Бизге ушундай бийликтин кереги барбы? Биз мындай “каматам, өлтүрөм” деген бийликти 2010-жылы эле кууп чыкпадык беле? Кайра ошондой бийликти азыр ким көксөп атыптыр? Элге азыр мамлекетти өнүктүрүүгө, элдин тынчтыгын камсыз кылууга аракет кыла турган бийлик керек. Бизге чагымчылардын, бузукулардын, калпты чындай айткандардын кереги жок. Оппозициянын тескери кадамдарын, бузукулугун айткандардын бардыгын эле “кошоматчылар” деп чыгышат. Ал акылы кем адамдардын айтаар сөзү. Эл азыр мурункудай эмес, аң-сезими бир топ көтөрүлгөн. Кимдин иштеп атканын, кимдин эптеп эле бийликке келүү, өч алуу үчүн митинг, жол тозууларды уюштуруп жүргөнүн жакшы билет. Акчанын күчү менен 500 адамды, 1000 адамды алып чыгууга болоттур. Бирок, чындап эл-жерин сүйгөн адамдар эч качан өз мамлекетинин тынчтыгын бузууга, мамлекеттүүлүгүн уратууга аттанып чыгышпайт. Акчага бүтүндөй кыргыз элин сатып алууга мүмкүн эмес. Мына ушуну өлкөбүздө болуп жаткан жакшы ийгиликтерди, аракеттерди чындап көрө албаган, көөдөнү сокур, куру намысчыл, дили бузук, жармач патриоттор жакшылап түшүнүп алышса болот эле… Баса, айта кетүүчү дагы бир жагдай бар. Атына заты төп келбеген “Чындык” партиясын түзүп алган Кубанычбек Кадыров апрель революциясынан кийин ИИМдин орун басары болуп келгенин билебиз. Анан “бийлик деген ушул турбайбы” деп түшүнгөн Кубанычбек мырза өлкөбүздөгү бизнесмендерди кысмакка алып, салык сала баштаганы ачыкка чыккан. Муну ошол бизнесмендер азыр деле айтып беришет. Бийликти өзүнө байлык топтоп алуу деп түшүнгөнүнөн улам Максим Бакиевге тиешелүү кымбат баалуу унааларды да жең ичинен соодалап жибергени тууралуу айтып жүрүшөт. Мына ушундай “чындыктары” ачыкка чыккандан кийин ал ИИМ орун басарлыгынан шыпырылып түшкөн. Ошол ызаасын жашыра албай, кызматтан кетери менен эле оппозициячыл болп чыга келгени бар. Андыктан өзүнүн жеке шартына жараша түсүн өзгөртүп, башка “тон” кийе калган Кадыровго канчалык деңгээлде ишенүүгө болот?..

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №64



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru