Айбат » “Үйүргө” кошулбай калган Равшан Жеенбеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Үйүргө” кошулбай калган Равшан Жеенбеков

Жээнбеков РавшанЖылкы жаныбарлар адатта үйүрү менен жүрөт. Эркек жылкы баласы бир асый боло электе эле бычылып,  минүүгө жарап ат болуп калат. Бээлердин үйүрүндө айрым учурунда эркек жылкы, кунан, бышты жүрүп калса үйүрдүн айгыры аларды кажып, тиштеп, тээп жолотпой кууп таштайт. Ургачы жылкы: байтал, бээ үйүрдөн айгырдан кээде куулуп да калат. Бул куулуп калган ургаачы жылкы, адатта мурда башка үйүрдө жүрүп, жаңы үйүргө келип кошулгандан болот. Кээде башка үйүрдөн келген жылкы жаңы үйүргө өзү кошула албай ээндеп жүрө берет.

Субай жылкылардын тукуму жаман болсо да, килеңдеген айгыры болот. Бул айгырдын килеңдеп турганы, ургаачы жылкыга кошула албай, (гомосексуалст болбогон соң) күчүнүн баарын үйүрүндөгү жылкыларга чыгарат. Аларды тээп- тиштегилеп, ары кууйт, бери куйт. Ушундай  субай жылкылардын үйүрүнүн килеңдеген айгыры  болгусу келген кунан, бышты, сары таман ат, терс кыялы менен үйүрдүн чыныгы айгырынан запкы жеп, ээндеп калат. Айгырдан запкы жеп калгандардын арасында башка үйүрдөн келип кошулган эркек жылкыларда  көп эле болот. Айтор, жылкы жаныбарлардын өзүлөрнүн “конституциясы”, “мыйзамдары” болот.

Ушул жылкы жаныбар сыякту Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде мурдакы “үйүрүнөн” (фракциясынан) бөлүнүп калган депутаттар же башка үйүргө кире алышпай жүрүшөт ээндешип. Булар, же субай жылкылардай бир үйүр боло алышпайт. Анткени, ар бири бир үйүрдүн килеңдеген айгыры болгулары келишет.

Ушундай депутатардын бири 2010-жылы “Ата Мекен” фракциясынан депутат болуп Жогорку кеңешке келип, кийин фракциядан чыгарылган депутат Равшан Жеенбеков мырза. Айрым ММК бул депутат жөнүндө “батыштын адамы”, “АКШнын шпионубу?”-деген сыяктуу кылышып жазып жүрүшөт. Депутат Р. Жеенбековдон мындай күмөн саноонун себеби бар.

Сөз кылып жаткан мырзанын өмүр баянын иликтеп көрсөк- Эгемендүү Кыргызстанга Американын жолөгү менен тунгуч президент болгон А.Акаевдин тушунда 2003 жылы Р.Жеенбеков  Мамлекеттик мүлк министри катары өкмөттө курамында эң жаш министри болуптур.  Андан соң Р. Жеенбеков А. Акаевден “ойт берип” дагы эле 2005- жылдын мартында Американын күчтүү колдоосу менен бийликке келген канкор Бакиев аны Бишкек шаарына мэр кылып дайындаарда негедир пикирлер  келишпей, же башка бир себептер менен бош жүрүп, кийин 2006- 2007 жылдары Малайазия мамлекетине Кыргызстандын элчиси кызматын аркалады.  Равшан мыранын дагы “ойт бермеси” кармады да 2008- жылы алыскы Америкага окууга кетти. Бул мамлекетте Р. Жеенбеков Бостон шаарындагы Массачусет технологиялык институнун Слоун башкаруу  мектеби окуптур.

Айрымдар “эмнеси бар экен АКШдан билим алгандыгы?”-деши мүнкүн. Бирок кеп башкада.

Джон Колеман атту адамдын “Комитет-300”-деген китеби бар. Джон Колеман өзү Биртаниянын МИ-6 тышкы чалгындоо башкармалыгында 30 жыл бою иштеп, АКШнын “Борбордук Чалгындоо Башкармалыгы” (ЦРУ) менен байланышта болуп, көп нерселерди иликтеп көрүп анан “комитет-300”-деген китебин жарыка чыгарган. Бул китеп менен таанышканда оболу төбө чачым бир тик туруп,  Негедир мага ишенич жарата берген эмес. Бирок кийин 2011- жылы Австралиялык журналист, “Викликс” интернет сайтынын түзүүчүсү Джулиан Асандж, өткөн жылы АКШнын “Борбордук Чалгындо  Башкармасынын” (ЦРУ)  кызматкери Эдвар Сноуден Россияга келип “АКШ дүйнө элдерин катаал текшерүүгө алып жатат” -деген билдирүүсүнөн кийин Дж. Колемандын  жазгандарына ишенбеске чара калбады.

Деги эле “Комитет-300”-деген эмне? Бул жер планетасындагы миллиардаган элдерди башкарып туруучу “көмүскө дүйнөлүк өкмөт!” Бул өкмөттүн максаттары: адамзатты тымызын ар кандай жолдор менен (мунун ичинде бангизаттарды таркатуу) жок кылышып, акыры алардын санын бир миллиардка жеткизип, жер бетиндеги кен байлыктарга ээ болуп калуу. Биртаниялык таажынын алдында түзүлгөн бул “Дүнөлүк көмүскө өкмөттүн” ишин жүзөгө ашыруучу структуралары, сандаган уюмдары бар. “Комитет-300” уюмунун негизги башкаруу структуралары “Рим клубу”, “Бильдерберг клубу”, “Үч тараптуу комиссия”, “Тависток институту” –деген ири түзүлүштөрдөн турат.

Депутат Равшан Жеенбеков 2008- жылы “билим алды” болгон “Массачусет технологиялык  институту” Дж. Колемандын жазганы боюнча эми эле айтып өткөн “Тависток институтуна”  баш ийет экен. Бул окуу жайдын бир жылдык фондусу 8,3 миллард АКШ долларын түзөт. Айтмакчы, Россиялык публицист, тарыхчы Олег Платоновдун “Конец империя зла, почему гибнет Америка”-деп аталган китебинде  “Массачусет технологиялык институнун” айрым: Тсипис Коста, Симанс Роберт сыяктуу окутуучуларын “Дүйнөлүк көмүскө өкмөттүн” мүчөсү катары тизмеге киргизген. Р. Жеенбеков ушулардан окуса керек. “Массачусет технологиялык институнун Слоун башкаруу мектебинин ысмын алып жүргөн  Слоун-деген ким болгон?

Альфред Слоун өткөн кылымдын 30-жылдары өтө эпчилдиги жана уюштургуч жөндөмү менен Американын автоунаа чыгаруучу “Дженерал Моторс” концернинин башкы директору болгон адам экен. Ишкер, уюштургучтугу болгону го жакшы десек бирок, ошол учурда фашисттик Германияны, Гитлерди колдогон экен. Р.Женбековдун билими жөнүндө дагы бир кеп.

Р. Жеенбековдун өмүр баянында (интернет булактарда) 1997-жылы “Дж. Маршалл атындагы Европа институтунда” стажировкада болгондугу айтылат. Бул окуу АКШнын мамлекеттик департаментине түздөн-түз баш ийет. Германияда “Дж. Маршалл фондусу”-деп аталган уюм да бар. Мүмкүн, бул эки жайдын бири-бирине тиешеси болушу мүмкүн. Себеби, АКШнын бир кездеги мамлекеттик катчысы Дж. Маршалдын Германияга кандай тиешеси бар? -деген суроо мындай ойду жаратпай койбойт.

Болот Кожогелдиев

Айбат гезити №64




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru