Айбат » Кыргызстанды жардан ары түрткүсү келишкен ЖК депутаттары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстанды жардан ары түрткүсү келишкен ЖК депутаттары

жкЭл ишенип шайлаган эл өкүлдөрү мамлекетибизди экономикалык жактан сызга отургузуп, дүйнө коомчулугунун алдында кадыр-баркын тебелеп-тепсеп, андан ары жардын кырынан алыс түртүп жиберүүчүдөй болуп калды. Алар өлкөбүздүн экономикасынын флагманы болуп келаткан “Кумтөр” ишканасын улутташтыруу же 2009-жылкы келишимден бир тараптуу чыгуу талаптарын коюшууда. Мындай кадамдардын артында кандай олуттуу коркунучтар бар экендигин өздөрү деле билишет. Айрымдары муну балким экономиканы, тоо-кен өндүрүшүн жеткиликтүү түшүнбөгөндүктөн жасап жатышса, айрымдары билип туруп, бүгүнкү бийликти жарга такап, анын беделин түшүрүп, элдин ишениминен ажыратып, анын аркасы менен өздөрү бийликке келүү максатын коюшканыачык эле билинип турат. Ал эми эл аралык деңгээлдеги эксперттер, юристтер “Кумтөрдү” улутташтыруу, же келишимден бир тараптуу чыгып кетүү кадамдары Кыргызстанды биротоло банкротко тушуктураарын белгилешүүдө. Маселен, 2009-жылкы инвестициялык келишимге ылайык Кыргызстан аталган ишкананы улутташтырууга бара турган болсо, анда ошол улутташтырууга алынып жаткан мүлктөрдү жана активдерди базар баасы менен компенсация кылып бериши керек болот. Ал компенсация бери эле дегенде 3 миллиард доллардын башын чапчыйт. Эгерде биздин тышкы карызыбыз 3,5 миллиард экендигин эске алганда, ага кошумча дагы 3 миллиард долларды кайдан таап берерибизди ойлонушса боло. Анын үстүнө бул компенсацияны биз улутташтырууну баштаган күндөн тарта канадалыктар айткан чет элдик банкка которушубуз керек болот. Өзүбүздүн экономикабыз Пушкиндин алтын балык жомогундагы кемпирдин эски тепшисиндей абалда турганда 3 миллиард долларды таап бере албашыбыз аштан бышык. Колубузду сунуп чет мамлекеттерден карыз сураганда деле эч ким бербейт. Анткени улутташтыруу аркылуу биз дүйнө коомчулугунун да ишениминен биротоло чыгып калабыз. Канадалыктарды биз алтын балыктай көрүп, улам эле үлүшүбүздү жогорулаткыла дей бергенибиз да болбойт. Жадакалса Пушкиндин жомогунда да алтын балыктын жаны кашайып, абышка менен кемпирди жепирейген үйү, анан эски тепшиси менен калтырып койгон эмеспи? Ошол эле сыяктуу “Центерранын” да акыры чыдамы түгөнүп, “Кумтөрдү” ултташтырууну саясый тобокелчилик катары эсептеп коюушу мүмкүн. Бул учурда мындай саясый тобокелчиликти ким жасаса, ал тараптын акциялары төмөнкү класстагы баалуу кагаздарга алмаштырылат. Анан Кыргызстан акционер катары добуш берүү укугунан да ажырап, дивиденд да ала албай калат. Эми Кыргыз өкмөтүнүн канадалыктар менен сүйлөшүүсүнүн негизинде бирдей үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимдин долбооруна келели. Бул долбоордун негизинде Кыргызстан учурда иштеп жаткан келишимге салыштырмалуу 1 миллиард доллар ашыкча киреше таба тургандыгы баса белгиленген. Ошону менен катар эле бул келишим ишке кирип калса, өлкөбүздө инвестициялык климат да калыбына келип, дүйнө элинин алдында кадыр-баркыбыз да сакталып калат. Мына ушуну сезбеген, сезсе да атайылап мамлекет кызыкчылыгына каршы иштеп аткан Жогорку Кеңештин депутаттарына кандай баа берсек болот? Эл өзү тараза.

Айбат гезити №64




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru