Айбат » «Чодронит» этпегиле депутаттар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Чодронит» этпегиле депутаттар

ЧодроноваЖогорку Кеңештин профилдүү комитети  Жол жүрүү эрежесин бузгандарга айыптын көбөйтүүнү (штраф) кабыл алышты.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтуусунда «кийинки кездерде жолдо тыгындылар көнүмүш адатка айланды. Жолдогу башкаларды ойлобой алдыга өтүп кетүүлөр көбөйдү. Бул жол жүрүүчүлөрдүн маданиятынын деңгээлинин төмөндүгүн айгинелейт» -дейт.

ЖК Комитетинин долбоору боюнча автоунаанын терезелери караңгылатылса  2000 сом, Эгер тиешелүү документи жок автоунаага жаркылдатуучу, уулдатып үн чыгаргыч коюп алган адам 5 миң сом айып төлөйт экен.

Туура, жолдо адыраңдаган айдоочулар көп. Бирок, айып тарттыруу менен маселени чечүү мүмкүн эмес. Айыпты көбөйткөн сайын МАИнин күнү тууйт. Эгер жол эрежесин бузган айдоочу 2000 миң сом төлөй турган болсо ал МАИ инспекторунун чөнтөгүнө 500 эле сом салып кете берет.

Жол жүрүү эрежесин бузгандардын көбү көздөрүн май басып, акчага кутурушкан  атка минерлер, бизнес өкүлдөрү жана алардын бала-чакалары, жек жатаары. МАИ адата «Крутой!-деп аталыштагы рейд өткөрүп жүрүшөт. «Крутойлор»-дал ушул акчага, мансапка кутургандар. Бул «Курутойлорду» туурашып карапайым айдоочулар да айрым учурларда «эшек оюн салып» калышат. Бирок алар аз санда. Мындай көрүнүштү биз жол жүрүүчү катары байкап жүрөбүз.

Дагы бир маселе, карапайым калктын маянасы, тапкан кирешеси өтө аз. Өнүккөн мамлекеттерде калктын кирешесин эске алуу менен тигил же бул  айыптын көлөмүн аныкташат. Демек, «мурунга карап чимкириш керек».

Өткөн күздө Н. Чодронова аттуу айым жол эрежесин одоно бузуп, МАИчилерге баш ийбей, МАИчилер айымдын токтогон жерине жеткенде Н. Чодронова «Мелис байкеге чалам, Суранчиевге айтам!» -деп коркутканын видео роликтен миңдеген адамдар көрүштү. Жол эрежесин бузгандар мына ушундайлар.  Ушул видео роликтен кийин эл ичинде «Чодронит»-деген куйкум сөз пайда болду.

Депутаттар, терең ойлобой туруп, жөн эле «Чодронит» этпегилечи.

Айбат гезити №64




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru